Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Баткен облусунун Үч-Коргон айылындагы тажик тектүү жаштар арасында ата-бабалары жасап келаткан өнөрлөрдү улантуу көрүнүшү азайып баратат.

Азыр аталган айылда тажик элине таандык жыгач оймочулугу, күлалчылык, башкача айтканда ылайдан идиш-аяк жасоо өнөрлөрүн аркалаган жаштар жокко эсе. Алар замандын агымына жараша тиричилик өткөрүүнүн башка жолдорун тандашууда.

Үчкоргондуктардын арасында мектепти бүтүргөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшыргандары аз. Бирок сөзсүз түрдө өнөр үйрөнүшөт. Бири касапка шакирт түшсө, дагы бири өтүкчүлүктү өздөштүрөт.

Менин маектешим Ахрор ашпозчу болууну чечкен. Ал 25 жашта. Он жылдан бери Үч-Коргондогу чайханалардын биринде ашпозчулук менен алектенет.

Он эки жашында атасы аны жыгач оймочулугу менен алектенген устага шакирт кылып берген. Бирок ал бул кесипти улантууну каалаган эмес:

- Жыгач оймочулугу аябай кыйын кесип. Суукта да, ысыкта да устаканада болосуз. Анын үстүнө аябай майда жумуш, эшик, дарбазаларга, устундарга майда гүлдөрдү оюп түшүрүш керек. Мен анысынан качкан жокмун, азыркы заманда бул кесип пайдалуу болбой калган үчүн оймочулукту таштап, ашпозчулук кыла баштагам. Азыр адамдар үйлөрүнө оймолор түшүрүлгөн эшик-терезелерди орнотпой калды. Баары заманбап каражаттарды колдоно башташты. Бир жылда бир же эки адам буйрутма берсе берет, бербесе жок. Аны күтүп отурмак белем…

Жыгач оймочулугу тажик элинин улуттук өнөрлөрүнөн болсо да, үчкоргондук тажик мекендештерибиздин арасында Ахрор айткан себептерден улам, бул кесипти уланткандар азайып барууда.

Баса, Ахрордун кесиби юрист. Бирок аймакта анын кесиби боюнча жумуш берген мекеме-ишканалар аз болгондуктан, дипломун сандыкка салып койгон. Палоо басып, айына 12 миң сомдун тегерегинде каражат табат.

Тажиктердин дагы бир улуттук өнөрлөрүнөн саналган күлалчылык кесибине, тагыраак айтканда, ылайдан, чоподон идиш-аяк жасоо өнөрүнө да жаштар арасында кызыгуу азайып кеткени байкалат.

Жарым жыл ылайдан идиш-аяк жасоочу устага шакирт түшкөн Жавлон Ахмаджонов азыр наавайчылыкка ооп кеткенин айтып берди:

- 19 жаштамын. Наавайчылык менен акча табам. Күлалчылык кесипти улантууну каалабаганымдын себеби, азыр адамдар күлалдар жасаган идиш-аяктарды сатып албай койду. Дүкөндөрдө заманбап, кооз идиш-аяктар толтура. Каражатыңызга жараша тандап, сатып аласыз. Талап жок болгондон кийин, ал кесипти аркалоонун кереги жок деп эсептейм.

Үч-Коргондо 29 миң калк бар. Алардын 62 пайызы тажик тектүүлөр. Бул аймакта өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин улуттук өнөрпоздорго суроо-талап күчтүү болгонун, айылдагы үйлөрдүн дээрлик баарында оймо түшүрүлгөн дарбазалар орнотулганын аксакалдар айтышат.

Ал эми кыштактын айымдары конок күтчү бөлмөлөрдүн текчелерине ылайдан жасалып, боёлгон идиш-аяктарды тизип койчу экен (жергиликтүүлөр андай идиштерди «сапал» деп коюшат). Азыр мындай көрүнүштөр сейрек.

Тажик жаштарынын арасында эски кесиптерге кызыгуу азайып баратканы үчкоргондук улуу муундун өкүлдөрүн тынчсыздандырат. 62 жаштагы оймочу уста Кобилжон Фазоев улуттун күзгүсү болгон кесиптер жоголуп кетпесе экен деп кабатыр:

- Кандай болгон күндө да улуттук нарк-насилдер сакталышы керек. Жыгач оймочулугуна, күлалчылыкка талап азайып баратканы чын, бирок таптакыр жок эмес да. Азыр деле эскиче усул менен үй курууну каалагандар бар. Бул кесиптерди үйрөнүп коюу ашыкчалык кылбайт. "Керектүү таштын оордугу жок" дегендей, өнөр үйрөнүү эч качан зыян эмес. Суроо-талап жок деген шылтоону маселе кылып көтөрүш туура эмес, ал эми чыныгы көйгөй бул – ошол кесиптердин жоголуп баратканы.

Жогоруда сөз болгон оймочулук жана күлалчылык – эркек кишилерге таандык болгон кесиптер. Ал эми кыздарга тиешелүү улуттук өнөрлөргө азыр деле суроо-талап бар. Алардын негизгиси - зардослик. Бул сөздү кыргызча түшүндүрмөсү – ар кандай майда, жылтырак шурулады кийим-кечелерге тигүү. Үч-Коргондогу тажик кыздарынын арасында мындай кийимдерди кийип жүргөндөрү көп.

Баса, үчкоргондук жаштар арасында оймочулук менен күлалчылыкка кызыгуу азайганы менен ата-бабалары жасап келген багбанчылыкты дагы да тереңирээк өздөштүрүү аракети күчөгөнү байкалат. Алар мурда жыйнап алган мөмө-жемиштерин жакынкы район-шаарларда гана сатышса, беш-алты жылдан бери чет өлкөгө экспорт кылууну да адатка айлантышыптыр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG