Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Украиналык сүрөтчүлөр Кыргызстанды тартышат


КР Укрианадагы элчиси У. Чыналиев Украинанын эл сүрөтчүсү, профессор Петр Печорный менен Киевдин декоративдик кол өнөрчүлүк жана дизайн институтундагы көргөзмөдө. 12-июнь 2013

КР Укрианадагы элчиси У. Чыналиев Украинанын эл сүрөтчүсү, профессор Петр Печорный менен Киевдин декоративдик кол өнөрчүлүк жана дизайн институтундагы көргөзмөдө. 12-июнь 2013

Украина улуттук көркөм өнөр жана архитектура академиясынын чыгармачыл тобу Кыргызстанды кыдырышып, түрдүү темаларга сүрөт тартышат.

Алар Кыргызстанда 20-июндан 5-июлга чейин болуп, эскиздерин даярдап кеткен эмгектери декабрда, Киевде Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып өтчү жалпы украиналык көргөзмөгө коюлат.

Кылкалемдердин Кыргызстанда болчу сапары тууралуу окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Остап Викторович Ковальчук "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Жакында Кыргызстанга Украинанын улуттук көркөм өнөр жана архитектура академиясынын чакан чыгармачыл тобу барат. Бул топтун максат-мүдөөсү эмне?

Остап Ковальчук: Быйыл декабрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган жалпы украиналык көргөзмө болот. Ал Кыргызстандын элчилиги, Украинанын улуттук художниктер союзу жана биздин академиянын патронажы астында өтөт.

Чыгармачыл топ Кыргызстанга материал чогултканы жана Айтматовдун мекенинин абасы менен дем алганы баратышат. Региондорду да кыдырып, легендарлуу Ысык-Көлдө болушуп, сүрөт тартышат. Алардын иштегенге зарыл холсттору, май боёктору жана этюдниктери бар. Мен аларды өзүмдүн кыргызстандык досторум менен тааныштырдым.

“Азаттык”: Жалпы украиналык көргөзмө өткөрүү кимдин демилгеси болду?

Остап Ковальчук: Бул Кыргызстандын элчилигинин демилгеси. Чыналиев мырза Украинанын сүрөтчүлөр союзуна кайрылып, союз болсо, Көркөм өнөр академиясына чыкты.

Маданиятты ташбыйкаттоодо жана пропагандалоодо жаштарды эстен чыгарбоо керек. Себеби жаштар интернет мейкиндигинде балыктай эркин сүзүп жүрүшкөнү менен, алар үчүн Кыргызстанбы, Пакистанбы же Өзбекстанбы, эч айырмасы жок. Биз китепканалардан чогулуп жана лекциялардан алып, Чыңгыз Айтматов боюнча жыйырма эмгекти даярдап койдук. Жогорку курстардын студенттери жана асисстент-окутуучулар Кыргызстандын талаа-тоолорун өз көзү менен көрүп, май боёк менен тартып келгенди каалашты. Ал эмгектердин баары Украинада көргөзмөгө коюлат. Ал эми Кыргыз элчилиги алардын каталогун чыгарат.

“Азаттык”: Улуттук көркөм өнөр жана архитектура академиясынын чыгармачыл тобунун Кыргызстандагы сапарын ким каржылоодо?

Остап Ковальчук: Билесиз да, сыртта дүйнөлүк финансылык кризистин эпкини согуп турган чакта чыгымдардын баарын художниктер өздөрү көтөрөт. Элчилик аларга маалымат жана юридикалык жактан көмөк көрсөтөт.

Искусство курмандыкка барууну талап кылат. Художниктердин сапарын өзгөчө бир эрдик деп атасак болот. Албетте жол алыс жана чыгымы аз эмес. Деген менен, чыгармачыл топ үч адамдан тургандыктан, Кыргызстанда жол жүргөнгө жана түнөк тапканга ыңгайлуу болот.

Мен Украинадагы көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөр да өз эмгектери менен чакырылат деген үмүттөмүн. Алар келсе, көргөзмөгө өзгөчө боёк беришмек. Айтматовдун чыгармаларын украин жана кыргыз художниктери кылкалем жана май боёк менен кантип интерпретация кылышканын салыштырып көрүү дагы кызыктуу болмок.

“Азаттык”: Азыр сиздердин академияда кыргызстандык студенттер окушабы?

Остап Ковальчук: Он жыл мурда Турат Тентимишов деген жигит окуду. Анын колунан жаралган кыргыз этнографиясы боюнча керемет эмгек узак жылдар бою Кыргызстандын Киевдеги элчиканасында илинип турду. Ал мекенине кайтып баргандан кийин, Бишкек шаарындагы украин тили окутулчу №48 мектепте украин мотивиндеги бир нече монументалдык ишти жасады.

Киевде биздин академиядан башка дагы Прикладдык искусство институту бар. Кыргызстандын элчиси Тыналиев мырза бул институт менен да таанышты. Эми ал институтта Кыргызстандын жана Украинанын кол өнөрчүлөрү менен чебер-уздарынын эмгектерин көрсөтүү боюнча долбоор даярдалууда. Болочокто биздин академия менен Бишкектеги Көркөм сүрөт академиянын ортосунда илимий кызматташуу түзүлсө сонун болмок.
XS
SM
MD
LG