Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Бишкекте "Майдандын 20 күбөсүнө" бут тосуштубу?


“20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 күбөсү” аттуу тасма Киевдеги 20-февралдагы окуяларга арналган.

“20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 күбөсү” аттуу тасма Киевдеги 20-февралдагы окуяларга арналган.

"Бир дүйнө” укук коргоо кыймылы Бишкекте Украинадагы окуяларды баяндаган даректүү тасманы көрсөтүүгө Маданият министрлиги бут тосконун айтып чыкты.

“20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 күбөсү” аттуу даректүү тасманы “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Бишкектеги Кино үйүндө көрсөтүүнү мерчемдеген. Кыймыл төрайымы Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, бир апта мурун тасманы аталган жайда көрсөтүүгө уруксат алынган. Бирок 25-августта тасма көрсөтүлөөр алдында Маданият министрлигинин өкүлдөрү чалып, УКМКнын экспертизасынан өткөрүү зарыл деген жүйө менен бут тосуп баштаган:

- "Кинофонддун" жетекчиси Урмат Айталиев жана маданият министринин орун басары Бектеналиев чалып, тасманы экспертизадан өткөрүүнү талап кылышты. Алар 1999-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтомун жүйө кармашты. Ал нерсе азыркы шартка туура келбейт. Биз тасмада тыюу салынган, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген эч нерсе жок экенин айтып жатып, уруксат алдык. Бирок тасма баштала элек жатып эле Кино үйүнүн электр жарыгын өчүрүп салышты. Бул биздин өлкө үчүн абдан кейитерлик көрүнүш болуп калды. Биз бул үчүн сотко кайрылабыз.

Ошентип тасманы Кино үйүндө көрсөтүү аракети оңунан чыкпаган соң, ал “Бир дүйнө” кыймылынын кеңсесинде көрөрмандарга сунушталды.

Даректүү тасманы көрөйүн деп келгендердин бири, жарандык активист Марат Мүсүралиев. Ал эки ыңкылапты башынан өткөрүп, демократияга багыт алды делген Кыргызстанда тасманын көрсөтүлбөшүн терс көрүнүш катары баалады:

- Бул тасма Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени биз деле ушундай кан төгүү менен авторитардык режимге каршы чыгып, бийлик алмаштырганбыз. Анын үстүнө акыркы учурда Украинадагы окуялар тууралуу биздин жарандар орус телеканалдарынан бир тараптуу маалымат алып жатышат. Ошондуктан тасманын көрсөтүлүшү маанилүү болчу. Бирок ага бут тосууну биз түшүнгөн жокпуз.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинен укук коргоочунун дооматын дароо четке кагышты. Аталган департамент алдындагы “Кинофонддун” директору Урмат Айталиев жарыктын өчүрүлүшүн техникалык себептерге байланыштырды:

- Мен ал тасма башталаарда барып кеткем. Эч кандай маселе жок болчу. Бирок тасманы көрсөтөөр алдында жабдыктар күйүп кетиптир. Анткени Кино үйүнүн жанында кафелер бар. Мына ошолордон улам маселе чыккан окшойт. Оңдоорубуз менен ал тасманы көрсөтөбүз. Ал эми аны саясий себептен улам көрсөтпөй койду деген суу кечпеген пикир.

“20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 күбөсү” аттуу тасма Киевдеги 20-февралдагы окуяларга арналган. Дал ушул күнү Майданда бийликке каршы чыккан жарандарга каршы ок атылып, Украинадагы өзгөрүүлөрдүн башталышы катары сыпатталган.

Тасманын жаратуучуларынын бири Александра Романцованын билдиришинче, Кыргызстан менен Украина окшой саясий окуяларды башынан өткөргөнү үчүн аны Бишкекте көрсөтүүнү чечишкен:

- Биринчиден, Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен алака-катыштарыбыз жакшы. Анткени биздин өлкөлөр бирдей тарыхый, саясий жолду басып келе жатпайбы. Биздин элдер ортосунда окшоштуктар көп. Ал эркиндикке болгон түшүнүк, активдүүлүк жана бул үчүн күрөшкө болгон аракет. Ошондуктан бишкектик көрөрмандарга Украинада болгон окуялар тууралуу маалымат берели деп чечтик. Антпесе, көп учурда Майдандагы болгон окуялар тууралуу бир эле булактан маалымат алып жатышат.

Былтыр жыл аягынан тарта Евроинтеграцияны талап кылган украиналыктар Киевдин борборундагы Майданга чогулуп, өз күрөшүн баштаган. Анын жыйынтыгында мурунку президент Виктор Янукович бийликтен кулатылып, жаңы бийлик келди. Бирок өлкө чыгышындагы Донецк, Луганск облустарындагы орусиячыл күчтөр өз алдынча мамлекет түзөбүз деп чыгышкан. Буга байланыштуу беш айдан бери бул аймактарда өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда куралдуу кагылыштар уланып, 2000ден ашык адамдар набыт кетти.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG