Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Кыргызстан АКШдан Максим Бакиев боюнча түшүндүрмө сурады


Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр менен кызматташуу боюнча департаментинин башчысы Данияр Мукашев Максим Бакиев боюнча түшүндүрмө сурап, АКШга кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди. Кийинки чаралар түшүндүрмө келгенден кийин гана анык болоорун айтты.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен 14-майда “Азаттыктагы” маегинде Максим Бакиевдин кылмыш иши далилдердин жетишсиздигинен токтотулганын маалымдады.

АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарга аралашкан" деп шектелип, издөө жарыяланган эле.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев былтыр күзүндө, АКШнын өтүнүчүнүн негизинде Британиядан кармалган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулган жана АКШга өткөрүп берүү жагдайлары каралып жаткан.

Максим Бакиев атасы бийликте турганда президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ага ири суммадагы мамлекеттин акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланган, апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG