Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Бишкекте Украинадагы баскынчылык коркунучун айыпташты


Украинаны колдогон коомдук иш-чара. Бишкек, 5-март, 2014-жыл.

Украинаны колдогон коомдук иш-чара. Бишкек, 5-март, 2014-жыл.

Ак үйдүн алдына Орусиянын Украинага каршы баскынчыл иш-аракетин айыптаган кыргызстандык коомдук активисттер пикетке чыгышты.

Алар Кыргызстан бийлиги Орусиянын Украинага каршы баскынчыл иш-аракетин айыптап, анын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген аракеттерге өз баасын берүүгө тийиш деп эсептешет.

Саясий пикеттин катышуучулары Украинадагы соңку дүрбөлөңдүү окуялар боюнча расмий Бишкектин так туруму аныкталбай жатканы сынга алышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо президент Алмаз Атамбаевдин Украинадагы окуя боюнча билдирүүсү жарыяланганын белгилеп, анын мамлекеттик бүтүндүгү боюнча маселеге кыргыз дипломаттары кошумча комментарий бере албастыгын түшүндүрдү.

"Орусиянын бурмаланган маалыматтарына сугарылып жатабыз"

“Украинанын эгемендиги – Кыргызстандын эгемендиги” деген аталыштагы нааразылык чарасында коомдук активисттер Бишкектеги бийликтин көңүлүн өлкөнүн коопсуздугуна жана мамлекеттик бүтүндүгүнө байланыштуу маселеге бурду.

Саясий акциянын катышуучулары Орусиянын Украинадагы аракеттерин эгемендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүү жана аны бөлүп-жарууга багытталган чагым катары айыпташты.

Ак Үйдүн жанындагы борбордук аянтта өткөн бул иш-чараны жергиликтүү милиция үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди. Бирок милициянын мындай аракетинен майнап чыккан жок. Иш-чара акырына чейин тынч өттү.

Ак үйдүн алдындагы акция. Бишкек, 5-март, 2014.

Ак үйдүн алдындагы акция. Бишкек, 5-март, 2014.

- Бул жакка плакаттарды, желектерди илүүгө болбойт, алгыла. Анан калса бул пикет боюнча расмий кабарландыруу болгон эмес.

- Биз жөн эле турбайбызбы силер эмнеге чочулап жатасыңар?

- Украинанадагы окуялардын бизге кандайча тиешеси бар. Ушинтип акцияга чыккандан көрө иштебейлиби?

- Ал жакта биздегидей эле ууру бийликке каршы ыңкылап болду. Бирок Орусия аны бурмалап жатат. Аны бөлүп-жарууга алып барууда. Албетте мындай саясат бизге да таасир этет. Ошону түшүнүшүбүз керек.

Коомдук активисттер Кыргызстандын калкы Орусиянын телеканалдары тараткан бурмаланган маалыматтар менен сугарылып жатканын да эскертишти. Мунун айынан Украинадагы окуялар боюнча Кыргызстанда туура эмес коомдук пикир калыптанып жатканы белгиленди.

Учурунда Кыргызстан дагы Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын чабуулуна кабылганын айткан акция катышуучуларынын бири Мирлан Мүсүралиев Кыргызстан бул өлкөнүн маалымат баскынчылыгында калганын айыптады:

- Кыргызстандын калкы орусиялык телеканалардан бир жактуу гана маалымат алышууда. Ошон үчүн биздин элде Украинадагы кырдаал боюнча чындыкка коошпогон маалыматтардын негизинде туура эмес пикир болуп жатат. Эгерде бизде демократиялык бийлик болсо, анда биздин эл ар тараптуу маалыматка ээ болууга акысы бар. Бирок андай болбой жатат. Бул жагдай Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна да чоң таасир этет.

"Өз жарандарын, орус тилдүү калкты коргоо" деген шылтоо менен Орусиянын Федералдык Кеңеши Украинанын аймагына аскер киргизүүгө уруксат бериши Бишкектеги нааразылык иш-чарасында коркунучтуу өнөкөт катары айыпталды. Расмий Кремлдин Түштүк Осетиядагы жана Абхазиядагы мындай сценарийлери “тынчтыкка моюн сундуруу” деген шылтоо менен ишке ашканы белгиленди.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак Орусиянын мындай аракеттери коркунучтуу өнөкөт болуп баратканына токтолду:

- Мисал үчүн "орус тилдүү калкты же мындагы Орусиянын жарандарын коргоо керек" деген негизде Кыргызстанга аскер киргизилишин мен каалабас элем. Биздин укугубузду жана коопсуздугубузду этностук тегине карабастан өзүбүздүн мамлекетибиз коргошу керек.

ТИМ эмнеге тим турат?


Казакстандын тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалды жөнгө салууда тараптарды күч колдонуудан баш тартуу сунушу менен чыкты. “Маселе сүйлөшүүлөр аркылуу эл аралык укуктун алкагында чечилүүгө тийиш” деп расмий Астананын атайын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн.

Өзбекстан Украинанын эгемендигине жана мамлекеттик бүтүндүгүнө коркунуч келген жагдайды атап, тараптарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин бул боюнча билдирүүсү чыга элек.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыков анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Украинадагы окуялар боюнча өткөндө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев билдирүү жасаган. Ошондуктан биз бул боюнча кандайдыр бир кошумча билдирүү жасаганга акыбыз жок. Мына ошол президенттин билдирүүсүндө Кыргызстандын Украинадагы окуяларга мамилеси көрсөтүлгөн.

Президент Атамбаев 27-февралда Украинанын элине көңүл айтып, 2010-жылы мындай окуяны Кыргызстан дагы баштан кечиргенин эскерүү менен чектелген.

Атамбаев өз билдирүүсүндө Бакиевдердин кланы мамлекеттен уурдаган акча батыш банктарында катылып жатканына басым жасаган. Бирок Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүнө шек келтирген түштүк-чыгыш Украинадагы жана Крымдагы окуялар боюнча Кыргызстандын жетекчилиги азырынча үн ката элек.

Украинаны колдогон акция, Бишкек, 5-март

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG