Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:28

Быйыл Александр Аванесовдун Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалганына беш жыл толду. Ал “Азаттыкка” маек куруп берип, аткарган ишинин жыйынтыгы жөнүндө кеп салды.

"Азаттык": Александр Николаевич, 24-октябрда белгиленчү Бириккен Улуттар уюмунун күнү менен куттуктайм. Сиз бул күндү Кыргызстанда акыркы жолу майрамдайсыз. Андыктан, беш жылда жасаган жумуштарыңыздын жыйынтыктарын чыгара баштасаңыз керек.

Аванесов: Жыйынтыктарды бир аз кечирээк чыгарабыз го дейм. Мен Кыргызстанда кийинки жылдын жай айларына чейин иштейм. Ага чейин бир топ иштерди жасап кетишим керек. Бирок ошентсе да азыркыга чейин аткарылган жумуш боюнча үч нерсени белгилесем болот.

Биринчиси – беш жыл аралыгында Кыргызстан туруктуу өнүгүү принциптерине таянып, алдыга кайсы жолдор менен бара турганын так аныктап алды. Өнүгүүнүн бири-бирине байланыштуу үч элементи бар. Ал – экономика, социалдык өнүгүү жана жаратылышты коргоо.

Беш жыл ичинде эне жана балдар өлүмүн кыскарта алдык. Бир убакта ал эң чоң көрсөткүчтөргө жеткен эле.

Жалпылап алганда, миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары ишке ийгиликтүү ашырылып жатат. Негизгиси, жакырчылык кыскарууда. Айтаарым, жакырчылыктын жеткен чегинен төмөн жашаган адамдар дээрлик калбай калды. Ооба, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, бирок жеткен жакырчылык жокко эсе. Анткен менен кедейчиликте өмүр сүрүп жаткан чоң катмар бар. Алар калктын 30% түзөт. Бул үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Экинчиси – БУУнун программалары өлкөнү өз жолуна салып, туруктуулукту камсыз кылууга чоң салымын кошту. Өзгөчө июнь окуяларынан кийин абалды жөнгө салууда жардамы чоң болду. Биз ошол убактагы кризистен чыгууга гана эмес, өнүгүү жолуна түшүүгө көмөктөштүк.

Каркыра жайлоосунда жашаган балдар

Каркыра жайлоосунда жашаган балдар

Үчүнчүсү – биз аймактык өнүгүүгө байланыштуу бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Маселен, Орусия, Финляндия жана Жаңы Зеландиянын каржылык жардамы менен Нарын облусунда жемиштүү иш алып бардык. Ушундай эле иштерди эми Ошто баштаганы турабыз. Мындай долбоорлор он же жүз эмес, миңдеген адамдын абалын жакшыртууга шарт түздү.

"Азаттык": Миң жылдыкты туруктуу өнүктүрүүнүн сегиз максатынын ичинен Кыргызстанда кайсыларына өзгөчө басым жасалып, кайсылары боюнча эң чоң жетишкендиктер болду?

Аванесов: Менимче, жакырчылыкты кыскартуу биринчи орунда турду. Анткени, бул туруктуулукка кепилдик. Албетте, экологиялык маселелер да маанилүү. Кыргызстан эң татаал темалар боюнча аймакта кызматташууну арттыруу жаатында үлгү көрсөтүп жатат. Мисалы уран калдыктарына байланыштуу маселеде.

Беш жыл бою жана ага чейин деле биз мамлекеттик башкаруу боюнча тыгыз иш алып бардык. Өзгөчө соттордун элге ачык болушуна, сот системасын реформалоого, мыйзамдарды иштеп чыгууга жана ошол мыйзамдар кандай иштешин түшүндүрүү боюнча көп аракет көрүлдү. Мындан тышкары тынчтыкты камсыз кылуу боюнча чоң иш жасадык десем болот. Калк ичинде сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө улут аралык же башка бир себептер менен кагылышуулар дагы да болушу мүмкүн деген кооптонуулар бир топ азайганын байкадык.

Беш жыл ичинде эне жана балдар өлүмүн кыскарта алдык. Бир убакта ал эң чоң көрсөткүчтөргө жеткен эле. Учурда азайып баратат. Муну менен миң жылдыкты өнүктүрүүнүн төртүнчү максаты ишке ашты. Анткен менен аялдар өлүмүн кыскартуу жаатында жумушту күчөтүү зарыл.

Экология боюнча айтсам, айылдарды суу менен камсыз кылдык, билим берүү абалы болсо Кыргызстанда өтө начар эмес. Жалпысынан, миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жеттик десек болот.

"Азаттык": Бириккен Улуттар уюму мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча кандайдыр бир иш алып барып жатабы?

Аванесов: Биз учурда буга байланыштуу атайын долбоор даярдап жатабыз. Ал сиз айткандай эле «Мөңгүлөрдү сактап калуу» деп аталат. Долбоорду ааламдык экология фонду каржылайт. Бул өтө маанилүү долбоор. Анткени, климаттын жылышы мөңгүлөргө чоң залакасын тийгизип жатканын көрүп турабыз. Мөңгүдөн суу менен камсыз кылуу жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу максаттары көз каранды.

"Азаттык": 2011-жылы Кыргызстанга дайындалганга чейин сиз Черногория, Арменияда иштеп келдиңиз. Бул жерде иштөөнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар экен?

Аванесов: Бул үч өлкө бири-бирине такыр окшошпойт. Акыркы жылдары мен тоолуу, өтө кооз жерлерде иштеп жатам. Алардын окшоштугу ушунда гана болсо керек. Айтмакчы, көйгөйлөрдүн көбү дал ошол тоого байланыштуу болот. Инфраструктура, транспорт маселелери оор болот. Ар бир өлкөнүн өзүнө мүнөздүү маселелери бар.

Кээде кыргызча макалдарды айтып калам. Жакында эле бир жерде кыргызча ыр да окуп бердим.

Ошентсе да бул үч мамлекеттин элдеринин потенциалы абдан чоң. Черногория, Армения, Кыргызстандын да күчтүү, билимдүү жаштары бар. Алар өсүүнү каалашат. Келечекте мекенине өз салымын кошот деп ишенем.

Мындан тышкары, Кыргызстан учурда демократияны өнүктүрүүдө, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жана жемкорлук менен күрөшүүдө үлгү көрсөтүп жатат деп эсептейм.

"Азаттык": Каршы болбосоңуз, бир жеке суроо берейин. Быйыл жазында сиз биздин сайтыбызда блог жарыялаган элеңиз. Анда бир нече тил билүү маанилүү экенин айткансыз. Беш жыл ичинде сиз кыргыз тилин өздөштүрө алдыңызбы?

Аванесов: Чынында, мен кыргызча тынымсыз окуган жокмун. Бирок мага айрым бир сөз айкаштары жагат. Кээде кыргызча макалдарды айтып калам. Жакында эле бир жерде кыргызча ыр да окуп бердим.

Мен өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди колдойм. Ошону менен катар орус тилин расмий тил катары сактап калуу аракетин кубаттайм. Анткени ал байланыш түзүүдө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Муну мен Орусиянын жараны гана эмес, байкоочу катары да айтып жатам. Бул - Кыргызстандын байлыгы.

"Азаттык": Сиз жакшы көргөн макал кайсы болду экен?

Аванесов: Мен сөзүмдү ушул макал менен жыйынтыктаганды жакшы көрөм: Аракет кылсаң – берекет!

Маектешкен Ырысбек Улукбек уулу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG