Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Бириккен Улуттар уюму Кыргызстанга 106 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөөрү маалым болду.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Хелен Кларк Бишкекте жарыя кылды.

Көтөрүм тармакка көмөк

Каражат "Миң жылдыктын көйгөйлөрү" аттуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында, 2012-2016-жылдары келет. Айрым жарандык лидерлер мындай ири каражаттын корошуна көзөмөл жүргүзүүгө чакырууда.

106 миллион доллар Кыргызстан үчүн ири өлчөмдөгү каражат. Президент Роза Отунбаева бул каражат өлкөнүн бир катар көйгөйлүү тармактарына жумшаларын билдирди:

Элет жергеси колдоого муктаж
- Бул программа бизге ар тараптан жардам берет. Мейли ал балдар уюму, же болбосо саламаттык сактоо жагы, же миграция иштери болсун, ушунун баары 106 миллион долларга чегерилген программа.

Ал эми кайсы тармак каражатка каржалып турганын БУУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү өздөрү аныктамай болушту.

Президент Отунбаева каражат парламенттик башкаруу системасын бекемдөөгө да салым кошот деп үмүттөнүүдө.

Кайра эле изи суубайбы?..


Ошол эле кезде айрым жарандык лидерлер чет жердик гранттар адатта дарексиз ушатылып келгенин жана бул жолу да абал өзгөрбөйт деп арсар ойдо турушкан сыяктары бар.

"Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы" аттуу коомдук бирикменин жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев буларды айтты:

- Американын ушуга окшогон “Миң жылдыкка чакырык” деген программасы бар. Акыркы эле эки жылда ошонун алкагында да 20 миллиондон ашуун доллар бөлүнгөн. Өзгөчө мунун көбү сот, күч органдарын реформалоого жумшалган. Бирок эч кандай жыйынтык көргөн жокпуз, туурабы? Бизде соттор андан оңолмок турсун, элдин ишениминен тайып кетпедиби.

Өмүралиев чет жердик жардамдын бир бөлүгүн жарандык көзөмөлдөө багытына жумшалса орундуу болорун айтат:

- 106 миллиондун ичинен бир аз акча болсо да мониторинг кылганга бейөкмөт уюмдарына да кичине берсе. Алар мониторинг кылса, бири-бирине көзөмөл болсо, бул иш натыйжалуу болот го деп ойлойм.

Мындан он жыл мурда өнүккөн өлкөлөр “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” аттуу программага биригишкен. Анын максаты - байманасы арткан мамлекеттер тарабынан жерден боорун көтөрө албай жаткан өлкөлөрдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жыл сайын каражат бөлүү.

Чабалдар катарына кирген Кыргызстан буга чейин демократияны өнүктүрүү, бийлик бутактарын реформалоо багытында бул программадан бир топ каражаттарды алган.
  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG