Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу боюнча Кыргызстандын арызы 21-октябрда добушка коюлат.

Бул боюнча коомдук ишмер жана дипломат, профессор Ишенбай Абдуразаков ой бөлүшөт.

- БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу боюнча Кыргызстандын арызы 21-октябрда добушка коюлат. Дасыккан дипломат катары айтсаңыз, дүйнөлүк саясатта Коопсуздук кеңештин туруктуу эмес мүчөлөрүнүн ролу кандай?

- Коопсуздук кеңешинде 15 өлкө бар. Анын бешөө туруктуу, ону убактылуу. Алар эки жылга шайланат. Дүйнөдөгү тынчтык, коопсуздук, экономикалык жана башка дүйнөнүн көңүлүн буруп жаткан маселелердин көбү Коопсуздук кеңешинде талкууланат. Бирок маселеге добуш берүүдө туруктуу өлкөлөрдүн бирөө эле каршы болуп калса, ал кабыл алынбай калат. Туруктуу жана убактылуу мүчөлөрдүн айырмасы ушунда.

Калган жагынан өзүнүн алына жараша, канчалык салым кошот, укуктук жагы бирдей эле болот. Туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо үч факторду эске алышат. Бул: тынчтык менен коопсуздукка салган салымы, БУУнун калган башка максаттарына жеткенге кандай кошумча кылды жана географиялык жактан региондорду адилеттүү түрдө шайлап туруу жөнүндө уставда белгиленген.

Бизден кичинекей өлкөлөр деле аталган кеңешке туруксуз мүчө болуп шайланган. Чоң өлкөлөр кээде бир канча жолу шайланат. Мисалы, Пакистан алты жолу шайланган.

- Кеңештин туруктуу эмес мүчөсү эл аралык кандай маселелерди чечүүгө таасир эте алат, дарамети канчалык?

- Коопсуздук кеңешинде кандай маселе көтөрүлсө ошонун баарына катышканга анын мүчөлөрүнүн бирдей укугу бар. Ошонун ичинде кандай сунуштар кабыл алынат, аны бир гана туруктуу өлкөлөр эле чечпейт. Убактылуу мүчөлөрдүн деле жакшы эле добушу болот. Профессионалдык жакшы даярдыгына жараша, өздөрүнүн мыкты идеялары болсо чоң эле салым кошот.

- Учурда бул орунга Пакистан менен Кыргызстан атаандаш болуп турушат. Ал эми жуп шайлоо алдында Кыргызстанга Пакистандын тышкы иштер министри келди. Эксперттер министр Коопсуздук кеңешке мүчө болуу кезегин Пакистанга берүү өтүнүчү менен келди деп айтып атышат. Пакистанды алсак куралдуу күчтөрү жагынан алда канча күчтүү, калкы Кыргызстандан кыйла көп мамлекет эмеспи. Демек Кыргызстандын мүчө болуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе деп алдын ала бүтүм чыгарсак болобу?

- Чоң өлкө деген чоң өлкө. Ачыгын айтканда анын ыкмалары да бар. Биздин чет өлкөдөгү өкүлдүктөрүбүздүн саны аз. Жалгыз эле сүйлөшө турган платформабыз Бириккен Улуттар уюму. Бул жагынан алганда Пакистандын күчү көбүрөөк. Бирок калыстык да болуш керек. Бир эле өлкөлөр күчүм бар деп кайра-кайра кире берсе, "анда майда өлкөлөрдү эсепке албайт турбайсыңарбы, биздин деле айта турган оюбуз бар" дешип кеңешке мүчө болуунун аброю түшүп калат.

Мисалы, чакан өлкөлөрдүн да өздөрүнүн проблемалары бар. Ошол эле стабилдүүлүк, экономикалык-социалдык маселелерди кантип чечебиз, түндүк-түштүк мамилеси. Артта калган өлкөлөрдө азыр азык-түлүк жетишпей, ачкачылык деген болуп атат. Ошолорду дүйнөлүк масштабда кандай чечишибиз керек, өнүккөн өлкөлөр өзүмчүл болбой, калысырак болуп экономикалык, каржылык системаны бирге оңдойлу деген толгон-токой маселелер турбайбы.

Эгер өтүп калсак биздин деле чамабыз жетет. Ошого даярдык көрүш керек, биздин өкүлдөрдү тапташ керек. Алар башка өлкө өкүлдөрүнөн кем калбай сүйлөп турса жакшы эле болот. Жалаң эле бизге караганда куралдуу күчтөрү кубаттуу, экономикасы чоң өлкөлөр боло берсе калыстык болбой калат. Кандай болуп кетерин ким билет, бирок БУУнун мүчөлөрү ушул маселелерди да эске алып, ошол эле кезде бизге жан тарткан өлкөлөр да чыгат. Өтсөк өтүп калдык, өтпөсөк ага деле өтө капа болбош керек. Албетте өтүп калсак биз үчүн чоң аброй болот, имидж, престиж дегендей эл аралык баркыбыз көтөрүлөт.

- Дегеле Кыргызстан кайсы салымы же эмгеги үчүн ушундай ишарага жетишти?

- Бизден деле өз убагында бир топ идеялар чыккан. Тоолуу өлкөлөрдүн проблемасын көтөрүп чыкканбыз. Кыргызстандын сунушу менен тоо өлкөлөрдүн саммити болгон. Социалдык маселелерди чечүү боюнча жана башка деле салымыбыз болгон. Азыр эми демократияны көздөй, цивилизациялуу жолду издеп баратабыз. Дагы бир өзгөчөлөгүбүз - көп улуттуу, көп диндүү өлкөбүз. Өзбүздүн бул жаатта тажрыйбабыз бар.

- Мүчө болуп кирүүнүн артыкчылык жактары көп болорун президент Роза Отунбаева өзү да белгилеген. Эгер ошондой болсо Кыргызстанга кошуна 30 миллиондой калкы бар Өзбекстан, же стратегиялык байлыктарга ээ Казакстан эмнеге талапкерлигин коюп, далалат кылбайт деген ойлор да айтылып жатпайбы?

- Алар дагы өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө карашат. Биз боло турган шайлоого талапкерлигибизди 1997-жылы эле бергенбиз. Ал эми аталган өлкөлөр өз убагында бербей калышты. Бирок акырындап алар деле келет. Биз биринчи болуп атабыз, Борбор Азияда аталган кеңешке бир да өлкө мүчө болуп кирген эмес.

Эгер шайланып калсак БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калабыз. Бул да биз үчүн чоң аброй. Эл аралык аброй дегендин өзү азбы? Бул да чоң моралдык байлык.

Ал эми кандай пайдасы бар, мүчө болуп калсак инвестиция келеби, жокпу деген болбогон сөз. Аны жасаш үчүн ошондой климат түзүш керек, ал өзүбүздүн колубузда. Өлкөдө тартип орнотуп, инвесторлорго шарт түзүп, сот системасын тартипке келтирсек эле кызыгып келе башташат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG