Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Алматы: тилектештик акциясынын уюштуруучулары камалды


Полиция активисттерди кармап кетти.
Полиция активисттерди кармап кетти.

Алматы полициясы тилектештик акциясын уюштурган активисттерди камакка алды. Жер реформасы боюнча митинг уюштуруп камалган Макс Бокаев менен Талгат Аянга жан тарткандар 23-октябрда митинг өткөрүшкөн. Полиция анын төрт уюштуруучусун кармап кетти. Чогулгандардын калгандары буга каршылык билдирип турушту.

Абактагы эки активист Бокаев менен Аян "улуттук кастыкты козуткан, жалган маалымат таркаткан, митинг өткөрүү жана уюштуруу эрежелерин бузган" деп айыпталууда. Алар май айында жер реформасына каршы өткөн нааразылык акцияларынан кийин камакка алынган. Бокаев менен Аян өздөрүнө саясий негизде күнөө тагылганын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG