Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Оштук жаш окутуучу, илимдин кандидаты "Азаттыкка" өз иш ордунда кандайча кодуланганын айтып берди. Өткөн аптада Эл аралык кризистик топ “Кыргызстан: түштүктө этностук ажырым кеңейүүдө” деген аталыштагы баяндамасын жарыялады. Анда 2010-жылы болгон этностук кагылыштардан бери өлкөнүн түштүгүндө өзбек улутундагылар ар кандай басмырланууларга дуушар болуп, Ошто улуттар аралык чыңалуу кеңейип бараткандыгы айтылат.

Июнь коогасында үйү өрттөнүп кеткен эки баланын энеси азыр абал оңолуп калганын, бирок убагында ага өтө оор болгонун мындайча айтып баштады:

- Мен (мурдагы Кыргыз-Өзбек) университетинде 16 жылдан бери иштейм, техникалык илимдердин кандидатымын. Мени өзүмдүн кафедрамда ар кандай сөздөр, кысымга алуу болгон. Ошол жерге ошончо жыл иштеп, эмгегим сиңип туруп, азыр жарым ставка да сабагым жок.




-Сизге кандай кысым көрсөтүлдү?

- Ректордун же башканын атынан кысым көрсөтүлгөн жок, бирөө «кет» деген жок. Бирок ар кандай сөздөрдү айтышкан, кафедра башчылары четте карап турушкан. Ректорго чейин арызданып барганымда, «Кой айланайын, ким ошентти?» деген эмес. «Бардыгы жакшы болот» деген менен кутулушту. Анан кимдин ушул жерде иштегиси келсин?

- Демек, сиздин кесиптештериңиз сизге түздөн-түз тил тийгизгенби?

- Өзүмдүн эле кесиптешим «Мен обонкамын керек болсо, эмне дейсиң! Сендейлерди эч качан остурбойбуз!" деп айткан. Буга күбөлөр бар, анткени бул кафедранын жыйынында болгон. Мага оор тийди. Тажрыйбам бар, университетке кошкон салымымды бардык эл билет. Ошондой болсо да, жетекчилер, башкалар унчукпай коюшту. Азыр илимий даражасы бар адистер кетип, кечээ окууну бүтүргөн студенттер иштеп жатышат. Илимдин докторлору ишсиз калып, азыр Орусияда жүрүшөт. Азыр университет кайра чакырып жатат. Бирок ошол кездерде ошондой нерселер болгон. Бул маселе аябай курч болгон.

- Кыргызча таза сүйлөйт экенсиз, бирок силердин окуу жай мурда кыргыз-өзбек университети болгондуктан, кыргыз тилин билбеген мугалимдер дагы болсо керек. Алар кантти?

- Азыр Социалдык-Гуманитардык университет деп аталган биздин окуу жайда өзбек улутундагы мугалимдердин 100% болбосо да, 80-90 пайызы кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт. Мында кыргыз тилин билбейт деген кысым болгон жок. Башка кысымдар болду. Бирок менин эле коллегаларым, кеминде 10 чактысы, илимдин кандидаттары, илимдин докторлору азыр Орусияда жүрөт.

- Университетте азыр канча өзбек улутундагы окутуучулар бар?

- Сан жагын билбейм, бирок илимий даражасы бар 47 адис кеткенин билем. Мунун ичинде кыргыздар да бар. Анткени университет авторитетин жоготкондон кийин илимий даражасы болгондор, жакшыраак окуу жайларга кетип калган агай-эжейлер болгонун билем.

- Студенттердин улуттук курамы азыр кандай?

- Биринчи жылы кандай болгонун билбейм, бирок мындай карасаң өзбектер да окуп жатат. Мен катышкан жыйындарда кысым сезген жокмун. Бирок сиз көтөргөн суроо болгон, азыр да балким жабык түрдө болуп жатат. Жаңжалды эл кылган эмес, (ошондуктан) эки эл жакшы эле сүйлөшүп, маршруткаларга да чогуу түшүп, чогулуштарга да чогуу барып жатабыз.

- 16 жылдан бери иштеп жүрүп, ар кандай сөздү угупсуз, андай учурларда сабырдуулукка күчтү кайдан таптыңыз?

- Мен өзүм (жаңжалда) жапа чеккен жарандардын биримин. Үй-жайым, бизнестерим бүт өрттөнвп кеткен. Ошондуктан (кийинки кыйынчылыкка) кол шилтеп койдум. Кысымды албетте, сезет экенсиң, мага оор тийди, оңой болгон жок. Бирок укук коргоочу уюмдар, эл аралык уюмдар менен иштеп, азыр күч таап отурам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG