Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Социалисттик эмгектин баатыры Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы Үркүн учурундагы кыргыздардын кайгылуу турмушун чагылдырган чыгарма. Ал Совет заманында бир нече жолу басмадан чыгып, бирок сатылбай токтотулган. Эмне үчүн?

“Кандуу жылдар” тарыхый романбы же көркөм чыгармабы? Романдын кыргыз адабиятындагы орду кандай? Бул маселелер жөнүндө филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы 1935 -1947-жылдар арасында төрт жолу өзүнчө китеп болуп чыгып, төрт жолу тең сатыктан алынган экен. Ошо кездеги Советтик Кыргызстандын идеологиясын тейлеген жетекчилердин мындай эки ача чечимдерин кантип түшүнсө болот?

Садык Алахан: Бул ошо убактагы саясат менен көркөм чыгармачылыктын карым-катнашынын өзгөчө мисалы. Болбосо 1930-жылдардын ортосуна жетпей Аалы Токомбаев чыгармачылыгынын 10 жылдыгын белгилеген. Өкмөттүн, большевиктер партиясынын уруксатысыз андай салтанаттын болушу мүмкүн эмес, туурабы? Демек, Аалы Токомбаев партиянын, бийликтин сүймөнчүк акыны болгон да, башкача айтканда, ошонун кылычын чапкан. Ушундай акынга дал ушундай мамиленин болушу - бул барып-келип түбүнөн орустук шовинизм менен байланыштуу ойлойм. Себеби, эгерде Аалы Токомбаев “Кандуу жылдарга” чейин ошол учурда мода болгон эл достугу, колхоздоштуруу, аялдар теңдиги сыяктуу бийликке кызмат кылган, бийлик бурамасы болгон темаларды жазып келсе, бул романда падышалык Орусия расмий түрдө колдогон орус адамынын мыкаачылыгын, алардын аборигендерге болгон кыргынын жазып отурганы кандайдыр бир деңгээлде орустук шовинизмди ойготкон. “Кандуу жылдардын” кайта-кайта чыгарылып, кайра сатыктан алынганын ушундай деп түшүнсө болот.

Романда падышалык Орусия расмий түрдө колдогон орус адамынын мыкаачылыгын, алардын аборигендерге болгон кыргынын жазып отурганы кандайдыр бир деңгээлде орустук шовинизмди ойготкон. “Кандуу жылдардын” кайта-кайта чыгарылып, кайра сатыктан алынганын ушундай деп түшүнсө болот.

Большевиктер 1916-жылкы окуяларга туура баа беришкен: кызыл кыргын болгон, туура эмес иштер болгондой деген мааниде. Себеби, 20-жылдардын аягы, 30-жылдардын башында Турар Рыскулов (Казакстандын жетекчилиги) менен биздин жетекчилердин 1916-жыл жөнүндө жазгандары жайнап чыккан. Демек, большевиктер падышалык Орусиянын алыскы колониясындагы жарандары - жергиликтүү элге жасаган мыкаачылыгын кандайдыр бир өлчөмдө туура эмес деп эсептешкен. Бирок ал көркөм чыгармага айланып, адабиятта өзүнчө бир интерпретацияга ээ болгондон кийин орус жетекчилер Аалы Токомбаевди кечире алышкан эмес.

“Азаттык”: “Кандуу жылдар” романы кийин “Таң алдында” деген ат менен чыгат. Роман 1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык менен бааланат. Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамов “Таң алдында” романын “1916-жылдын портретин ачкан тарыхый көркөм летопись” деп атаган. Ушул аныктама канчалык туура?

Садык Алахан: Асакем эми жазуучу да. Асанбек Стамов “Таң алдында” романына жазуучу катары баа берген десе болот. Чынында тарыхый роман болушу үчүн өз эрежелери бар жана чыгарма ошол эрежелерге жооп бериши керек. Мисалы, Дмитрий Фурмановдун “Чапаев” жана Александр Фадеевдин “Молодая гвардия” романдарын тарыхый роман дебейбиз. Адабият теориясына ылайык, тарыхый роман болуш үчүн, биринчиден чыгармада тарыхый окуялар болушу керек. Экинчиден, тарыхый личносттор болушу зарыл. Анан ойдон чыгарылган каармандар болушу керек. “Чапаев” менен “Молодая гвардия” ушул шарттарга жооп берет. Эки чыгармада тең тарыхый окуялар сүрөттөлөт, тарыхый личносттор бар, ойдон чыгарылган көркөм сюжет бар. Бирок алар Алексей Толстойдун “Петр I” романы же Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычындай" тарыхый роман эмес. Себеби, Д. Фурманов менен А. Фадеевдин романдарында тарыхый романдын эң башкы принциби кармалбаган. Тарыхый роман болуш үчүн автор менен романга объект болгон окуянын мезгилдик дистанциясы болуш керек. Бул нерсе “Чапаев” менен “Молодая гвардияда” жок. Ошон үчүн, орустар айткандай, бул романдар: “О времени и о себе”. Же өз мезгили жана өздөрү жөнүндө жазылган гана чыгарма болуп эсептелет. Аалы Токомбаевдин романын дагы дал ошондой кабыл алышыбыз керек. Чыгармада тарыхый окуя, тарыхый личность болсо эле аны тарыхый роман дей берсек, анда көптөгөн романдар эрежеге туура келбей калат. Аалы Токомбаевдин “Күндүн чыгышы” деп аталган драмасында жана “Жараланган жүрөк” повестинде 1916-жыл сүрөттөлөт. Мукай Элебаевдин “Узак жол” автобиографиялык романында, Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасында 1916-жылдагы окуялар “Кандуу жылдардагыдай” эле трагедиялуу сүрөттөлгөн. Бирок биз аларды тарыхый роман, тарыхый драма дебейбиз. Алар элдик турмуш, элдик кайгы-капа, элдик кыргын жеткиликтүү сүрөттөлгөн чыгарма, бирок тарыхый чыгарма эмес.

Кызыл кыргынды жана башка коогалаңдуу окуяларды сүрөттөөдө саясий жактан чегинүү болгон. Чыгарма бир аз жымсалданган десек болот. А чындыгында “Таң алдында” Аалы Токомбаевдин жеке чыгармачылыгында эле эмес, бүтүндөй кыргыз поэзиясынын контексинен алганда да өзгөчө орду бар чыгарма.

“Азаттык”: Сиз “Кандуу жылдар” көркөм чыгарма экенин талдап айтып бердиңиз. Бирок көркөм чыгарма тарыхый чындыкты документалдык материалдар менен шыкалган илимий изилдөөгө караганда таасын, таамай чагылдырганын Лев Толстойдун “ Согуш жана тынчтык” төртилтигинен билебиз. Үркүн азабын баштан кечирген Аалы Токомбаев ошол кандуу жылды канчалык реалдуу чагылдырган, сүрөттөй алган деп ойлойсуз?

Садык Алахан: Мен көптөн бери “Кандуу жылдар” романына кайрыла элекмин. Ал 1991-жылы жука эки китеп болуп чыкпадыбы. 1-китептин баш сөзүндө Асанбек Стамов айтып жатпайбы: Эл турмушу “Таң алдындагыга” караганда “Кандуу жылдарда” реалдуу чагылдырылган болчу деп. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде ошондой болушу мүмкүн. Бирок “Таң алдында” окуянын масштабдуулугу кеңейген. Акындын чеберчилигине, айрыкча, 1950-жылдардагы кайталангыс поэмаларынын пайдасы тийген. Токомбаевдин 50-жылдары жаралган “Өз көзүм менен”, “Комуз күүсү”, “Майлыбай”, “Менин метрикам” поэмалары кыргыз поэзиясын таптакыр жаңы деңгээлге көтөргөн эмне деген сонун чыгармалар. Экинчиден, “Таң алдында” романындагы Алымкул, Мурат абышка баштаган негизги каармандардын образдарынын психологиялык жактан иштелиши дагы тереңдеген. Бирок кызыл кыргынды жана башка коогалаңдуу окуяларды сүрөттөөдө саясий жактан чегинүү болгон. Чыгарма бир аз жымсалданган десек болот. Чындыгында “Таң алдында” Аалы Токомбаевдин жеке чыгармачылыгында эле эмес, бүтүндөй кыргыз поэзиясынын контексинен алганда да өзгөчө орду бар чыгарма эсептелет.

“Азаттык”: Рахмат, маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG