Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

1916-жылкы Үркүндү совет бийлиги кезде бардыгы болуп төрт-беш гана художник тарткан. Алар кимдер? Эмне үчүн кыргыз сүрөткерлер Үркүн темасына кайрылган эмес?

Кыргызстандык сүрөткерлер Үркүн темасына совет мезгилинде акын-жазуучулардай көп кайрылган эмес. Анын бир себеби художниктер арасында 1916-жылы эл менен кошо Кашкарга үрккөндөр болгон эмес, экинчиден совет бийлигинин уруксаты жок он миңдеген элдин башын жуткан окуяга кайрылуу кооптуу болгон. Ал эми жазуучулар Үркүндө көргөндөрүн большевиктер кыргынды ачык айтып, падышалык бийликти сындап жаткан учурда жазышкан.

Көч башында Образцов, Чуйков, Уитц...

1940-жылга чейин Үркүн тууралуу сүрөттөрдү үч художник - Владимир Образцов, Семён Чуйков жана Бела Уитц (Bela Uitz) таткан. Сүрөткердин калем менен тартылган эскиздери мазмуну жактан 1916-жылкы окуяларды курч чагылдырганы менен баалуу экенин айтат искусство таануучу Айгүл Кутуева:

- Башка композициялардан айырмаланып, Белла Уитц Үркүндү курч көрсөтөт. Ал эркиндик темасын көрсөтүү үчүн көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар менен орус аскерлерлери арасындагы кагылышты ачык чагылдырат. Ал кездеги катаал абалды реалдуу көрсөтүү үчүн экспрессивдүү ыкма менен эмоционалдуу композицияны жараткан.

Бела Уиц. Кыргыз ССР Өкмөт Үйүндөгү фрескага эскиз. 1936

Бела Уиц. Кыргыз ССР Өкмөт Үйүндөгү фрескага эскиз. 1936

Ал кыргыздардын турмушун, сырткы келбетин жакшы изилдеп чыккан. Уруш монументалдуу мүнөздө көрсөтүлөт. Фреска түрүндө иштелчү бул композиция картондо жасалган эскиз боюнча сакталган. Бирок тема саясатка байланыштуу болгондуктан азырга чейин сакталбай калган.

Жогоруда аты аталган үч художниктин Үркүн жөнүндөгү эмгектеринин мазмуну жөнүндө Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев мындай деди:

- Белла Уитцтин иштери мага да жагат. Себеби, ал кыргыздарды колдоруна мылтык же таш карматып, үстүлөрүнө чепкен, баштарына тебетей кийгизип, карандаш менен графикалык жактан натурага аябай жакын кылып тарткан. Муну “постановочный рисунок” деп коёт. Ошон үчүн анын эмгектери чындыкка жакындай жана жакшы көрүнөт. Чуйков менен Обрацов көтөрүлүш тууралуу кыргыздардан уккандарынын негизинде көп фигурадан турган композицияны тартышкан.

Романтикага азгырылган Уитц

Бела Уитцтин түбү Венгриядан. Ал мурдагы СССРге 1926-жылы келип, жарандык алып калып калган. Художникти коммунисттик идея кызыктыргандыктан “пролетардык искусствону” түзүүнү көздөгөн совет бийлиги билимдүү жана талантуу Уитцти тап күрөшүндө “кыйрап бараткан буржуазиялык искусствого” каршы афиша иретинде пайдаланган. Ошондуктан Уитцке Москвадагы Көркөм сүрөт академиясынын профессору илимий даражасы берилет жана ал өлкөдөгү бир катар монументалдык эстеликтерди жасоого катышып, жаңычыл мазмундагы эмгектери менен тез эле көзгө көрүнөт.

Бела Уитц. "Мылтык мээлеп жаткан жигит." Өкмөт үйүндөгү фрескага эскиз.

Бела Уитц. "Мылтык мээлеп жаткан жигит." Өкмөт үйүндөгү фрескага эскиз.

Ал Москвадагы маданият жана эс алуу паркын кооздоп жасалгалоону башкы художник катары да жетектейт. Андыктан 1936-жылы Кыргыз АССРи союздук республика болууга камданып жатканда Бела Уитцтин Бишкекке келүүсү мыйзамдуу эле.

Владимир Образцов тарыхый темага эки кесиптешинен мурда кайрылган. Анын 1931-34-жылдарга таандык “Кутум”, “Кытайга жол”, “Көтөрүлүштөн кийин”, “Партизандар”, “Көтөрүлүшчү” деп аталган эмгектеринин жаралышына Баялы Исакеевдин “Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү” деген китеби таасир эткен. Себеби Образцов айтылган китепти графикалык жактан көркөмдөгөн. Бирок В. Обрацовдун өмүрү кыска экен. Ал 1934-жылы көз жумат. Эгер тирүү болсо, 1936-жылы Кыргыз өкмөтү улуттук-боштондук кыймылдын 20 жылдык мааракесине арналган картинаны тартууну Владимир Образцовго тапшыруусу мүмкүн эле. Бирок бул ыкыбал болочоктогу атактуу художник Семен Афанасьевич Чуйковго буйруптур. Ал Кыргыз өкмөтүнүн заказы боюнча тарткан “Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү” картинасына бийликтин мамилеси СССРдеги идеологиянын өйдө-ылдыйына жараша өзгөрүп турган дейт Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев:

В. Образцов. "Кутум", 1931.

В. Образцов. "Кутум", 1931.

- Үркүн боюнча эң жакшы сүрөт Семен Афанасьевич Чуйковдуку. Ал көтөрүлүш тартылган полотнону 1936-жылы Үркүндүн 20 жылдыгына байланыштуу көрсөткөн. Анан саясий кырдаал өзгөргөндө Алтын фонддон алынып, ороп катып коюшкан. Картина 1966-жылы Үркүндүн 50 жылдыгына кайра экспозицияга коюлуп, кийин кайра Алтын фонддон алынып, караңгы жерге катылган.

Юристанбек Шыгаев 1916-жылкы кыргыздардын улуттук-боштондук козголушуна бишкектик художник Давид Флекман 1956-жылы Үркүндүн 40-жылдыгына байланыштуу, ошондой эле москвалык окумуштуу-этнограф М.В. Рындин да кайрылышканын белгилей кетти. Сөз башында айтылгандай, Бела Уитцтин 1916-жылкы элдик көтөрүлүш тууралуу эскиздери сакталган эмес.

- Бела Уитцтин сүрөттөрү Санкт-Петербург менен Москванын тарых музейлеринин архивдеринде, Москвадагы Орусия мамлекеттик китепканасында сакталган. Бизде бир да сүрөтү жок. Образцов менен Чуйковдун эмгектери көп. Биз 16 ишти Алтын фонддон алып реставрацияга бердик, ал үчүн 1 миллион сомго жакын акча бөлүнгөн. Таалай Усубалиев реставрация кылууда. Алардын баары 11-майда биздин музейде көргөзмөгө коюлат.

Өкмөт үйүндө көсөмдөргө калган эстелик

Бела Уитц ойлогон сүрөттөр жана декоративдик орнаменттер кагаз бетинде жана макет бойдон калган. Сыягы 1937-жылы Сталин репрессияны кайра күчөткөндө Үркүнгө байланыштуу монументалдык иштер республика жетекчилигинин жадынан чыгып кеткендей. Ошол жасалбай калган “Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү” деген фреска жөнүндө искусство таануучу Айгүл Кутуеванын кеби:

- Кыргыз ССРинин Өкмөт үйүн1 жасалгалоо боюнча долбоорду Бела Уитц бүтпөй калган. Бирок К. Маркс, Ф. Энгельс, В. Ленин жана И. Сталиндин сүрөттөрүн фрескада жасап чыккан. Ал порталдык фрескаларды кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздоону мерчемдеген. Дубалдын ылдыйкы бөлүгүн жыгачтан оюп, улуттук орнаменттерди түшүрүүнү көздөгөн. Бул долбоор эскиз бойдон калган. Ал экинчи жана 3-республикалык көргөзмөлөргө да өз композицияларын койгон. График, живопись, монумнеталдык декорация жаатында жигердүү иштеген. Ал Кыргызстандагы монументалдык живопистин негиздөөчүлөрүнүн бири деп эсептелет. Бела Уитцтин чыгармалары эркиндикке умтулган адамдардын образы, революция темасы.

Бул фресканы даярдоого Бела Уитцке катар дагы бир венгр айкелчиси Ласло Месарош жана Оксана Павленко катышкан. Ласло Месарош кыргыз скульптурасынын негиздөөчүсү саналат. Бела Уитц менен Ласло месароштун идеялары Кыргыз ССРинин гербинин автору Оксана Павленко тарабынан пайдаланылган.

Бела Уитц. "Кошок"(Siratas), 1916-ж.

Бела Уитц. "Кошок"(Siratas), 1916-ж.

Эмне үчүн кыргыз сүрөткерлери Үркүн темасына Советтер Союзу бүлүнгөнгө чейин кайрылышкан эмес?

- Ал кезде бизде профессионал художниктер жок болчу да, - деп түшүндүрдү Юристанбек Шыгаев.

- Сабырбек Акылбеков, Гапар Айтиев 1930-жылдардын аяк ченинде Москвадан окууну эми бүтүп келген. Элдик көтөрүлүш жөнүндө тартуу кооптуу да болчу. Ошого кыргыз сүрөткерлер Үркүн темасына кайрылган эмес. Анын үстүнө бийлик тараптан тоскоолдук болгон.

Юристанбек Шыгаев 1916-жылкы алаамат окуяларга арналган эмгектерин жакында көрармандарга сунуш этмекчи.

Баса, венгриялык художник Белла Уитцтин бир эмгегин Бишкекте болгон ар бир адам билет деп ойлойм. Эски Ала –Тоо аянтынын алдындагы Карл Маркс менен Фридрих Энгельс маектешип отурган гүлдүү сквердин планы Белла Уитцке таандык. Ал Кыргызстанда болгону эки жыл эмгектенген.

P.S. Былтыр Мажарстандын борбору Будапеште Бела Уитцтин "Siratas (Lament)" (18,4X23,5 см) деген графикалык эмгеги 12 500 долларга сатылды. Кыргызча "Кошок" деп аталган бул сүрөт 1916-жылы тартылып, анда жанындагы эркекке жөлөнүп боздоп отурган аялдын ыйы өтө реалдуу чагылдырылган. Мен бул сүрөттү адеп көргөндө, Үркүндө уулун жоготкон ак жоолук кыргыз аял тартылган экен деп ойлогом.

***** ***** ****** ****** ***** *****

1 Мурдагы Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан тарыхый имарат 1997-жылы Кыргызстандагы Америка университетине берилген. Анын адеми залында К. Маркс, Ф. Энгельс, В. Лениндин гана фрескалары сакталуу. Ал эми И. Сталиндин фрескасы КПССтин 1956-жылкы XX съездинен кийин алынып салынган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG