Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Атам Уркалык Сырдыбаев 1917-жылы Ак-Суу районуна караштуу Чоң-Жергез айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Билими бар окшойт, мугалим болуп иштеп, андан кийин Нарын облусунун Ат-Башы районунда мектептин мүдүрү болуп эмгектенген.

Атам аскерге Нарында жүргөндө чакырылган экен. Энем Мейизкан Ысык-Көлгө кайтып келет. Атам кеткен учурда мен курсакта калган экем. 1940 - жылдын сентябрында жарык дүйнөгө келгем. Кыздуу болгонун угуп сүйүнгөн атам “колтугуңузга катып, жакшылап өстүрүңүз” деп апасына табыштаган экен. Чоң энем аманатты аткарды, жыйырмага чыкканга чейин мени өзү карап, окутуп, мугалим болушума чоң салымын кошту.

Мен азыр 75 жаштамын. Абышкам, балдарым бар. Эки кыз, эки уулду өстүрдүк. Баары үй-бүлөлүү, турмуштары жакшы. Жети неберелүү болгом. Ошентсе да жалгыз туягы болгонум үчүн атам Сырдыбаев Уркалыктын сүрөтүн карап, көп санаа тартам. Эмне дейбиз, эми эл-журт тынч, балдарыбыз аман-эсен, ден соолукта болсун! Анынчы, атам да ошон үчүн жанын бербеди беле....

Атамдын аскерге кайсы жылы кеткенин так билбейм. Элдин айтуусу боюнча атам 1939-1940-жылдарды аскерге чакырылган. Армиядан 1940-жылы бошонуп үйгө келем деп каттарында жазып турган экен.

Атам бир катында “Батыштагы душмандар элди тынчытпай турган мезгил экен. Биринчи жолу согушка кирип чыктым. Экинчисине даярданып жатабыз. Согуштун эмне деген балээ экенин биринчи жолкуда эле түшүндүм” деп жазган.

Атам Беларустун Витебск шаарында аскердик кызмат өтөгөн. Акыркы жолу “Силерден кат алдым. Менден кат бармайынча кат жазбай тургула” деген кат келет. Ошондон кийин атамдан эч кабар болгон эмес. СССРдин Коргоо министрлигине эки-үч жолу кат жазып кайрылган элек. Баарына “дайынсыз” деген жооптор келген.

Шайгүл Уркалыкова, кызы

XS
SM
MD
LG