Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Ажар – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. Жазуучу Касымалы Баялиновдун бул чыгармасы 1928-жылы жарык көргөн. Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы.

Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу-түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот.

Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатты. Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар, жоолугу бош ийинине түшүп, жылаң баш, аягында кепич, маасы, өңү саргайыңкы, жүдөңкү, ак жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15—16 чамасында, сенделип, буту араң гана шилтөөгө келип, муңдуу жумшак көз жашы тыйылбай, үшкүрүгү таш жарат. Бул — биздин азыркы сөз баштамакчы болуп олтурган Ажар деген кыз болуп, беркилери — Ажарга жолдош болуп бирге чыккан ошол жердик аялдар. Булар, кедейдин алачыгына окшоп, көп бейиттин четинде турган бир кичирээк мүрзөгө келип токтошту.
Ал Ажардын энесинин мүрзөсү. Ажар мүрзөнү көргөндө, токтоп тура албай, мүрзөнү кучактап, буркурап-боздоп ыйлап жиберди.
— Жаным, апа! —деди Ажар.
Үн жок... Жымжырт...
— Жаным, апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыңда калган жалгызың келип, жалооруп жаныңда олтурат. Жалгызыңдын сөзүн ук, ая! Жалгызың бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач, койнуңду! .. Сенин өлгөнүңө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганың мени бул күнгө түшүрүп, бир жат кишиге сатып кетип, сай-сөөгүмдү сыздатты, зарлантты, муңдантты, мага да өлүм керексинтти. Бирок сага берген ажалды кудай мага ыраа көрбөдү.

Жасаган ай, мунун эмне? Анык бар болсоң, мени эмне көрбөдүң?

Кантейин, эң болбогондо, теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай, «мейли» деп да коёт элем. Бирок ал, маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды.

Бирок сен, апа, жоксуң... Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасың...— деп, боздоп Ажар ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду...

Ажардын ким экендигин окуучуга айта кетелик.
Ажар 16-жылкы үркүндө кытай элине сатылган кыргыз кыздарынын бири. Атасы Айткулу үркүндө окко учкан, энеси Батма кече жакында, кытай жеринде өлдү.

Ажар Айткулунун карыганда көргөн жалгызы болучу. Батманын мурунку балдары токтобой, бардыгы жаш кезинде өлгөн. Батманын боюнан
түшкөн балдары да болгон. Айткулу ага көп аракет кылды. Айылдагы бакшы, молдолорго Батманы көрсөтүп, далай чыгымданды, карызданды, Кашкардан келген азрети аппак кожого да көрсөттү. Ал, Батманын мойнуна тумар тагып, чыныга аят жазып, эзип ичирип, бир топ күнү жаткан. Түн ортосуна чейин исми агзам дубасынан бир нечесин кабаттап окуп чыгып, бир канча ырым-жырымдарын жасаган. Түшүндө Батманы айлантып жүргөн кара чаар, көк жал жолборс менен күрөшүп, кырк чилтен менен сүйлөшүп, көп-көп кереметтер көргөн. Мунун бардыгын мыктап туруп эртеңки чайга олтурганда кожокем Айткулу менен Батмага айткан. Көп кечикпей, арысы эки, бериси бир айдын ичинде Батманын боюна шексиз бир эркек бала бүтүп, анын аман-эсен туулушуна Батманы да,
Айткулуну да ишендирген. Бирок ал үчүн кырк чилтендин тапшырган жумушу деп, бир жылкы кудайы керек экендигин айтып жатып, Айткулунун жалгыз көк чологун алып, кожокем жолго түшкөн. Мындан үч жыл өткөндөн кийин кожосуз, молдосуз, бакшысыз эле Батманын боюна бүтүп, Ажар туулган. Ажар үркүнгө чейин эч бир жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси болуп өстү. Эл үрктү. Чүй боорундагы элдер келип, Коңур-Өлөн, Ала-Башты каптап конушту. Түтүнгө бир кишиден ирет болуп, аскерликке чыксын деп, манаптар буйрук кылышты.
Ал иретке Айткулуну да чыгармакчы болушту. Айткулу андан калмакчы болуп, айыл манабы Сагындын алдына барды.
— Баатыр, мени иретке чыксын деген экенсиз, бирок мен чыга ала турган эмесмин. Үйүмдө мына бул турган чычкандай жалгыз кызымдан башка бүлөм жок. Минтип, ар ким өзү өлбөс камын кылып, журт
бүлүнүп, жоо жакадан алып турган кезде, катын-баламды чыркыратып кайда, кимге таштайм? Мен бара албайм, мени коюңуз, башка бүлөлүү элден жибериңиз. Тиги Алымкулдун ортон колдой эки уулу да барбай калып олтурбайбы? Адилеттик кылып, ошого окшогондордон чыгарыңыз,— деди Айткулу.
— Чык, эшикке, ит! Сен Алымкулга тең келгиң келген экен, ээ! Муну көрбөйсүңбү? ! Сеи ким, Алымкул ким? Муну билесиңби? Эртеңден калбай аттанасың! — деп, Сагын Айткулуну үйүнөн кууп
чыккан.
Алымкул Сагындын жакыны жана байы. Сагын жалаң гана Алымкул эмес, Алымкулга окшогон өзүнө жакын далай бай, манаптын балдарын иретке
чыгарткан жок. Иретке чыккан өңчөй кедейлер, кедейдин балдары.
— Айткулу, аттан!
Эртең мененки алачыктын сыртынан чыккан Сагындын жигитинин ачуулуу үнү Айткулуну уйкусунан ойготту. Айткулу төшөгүнөн шашып турду. Кийинди, белин мыктап курчанды. Куруна күздө бир кап арпа берейин деп, Эдилбай устага жасатып алган айбалтаны кыстарды. Алдына алып, Ажарды бетинен өптү. Ажар жумшак, ичке үнү менен ыйламсырап:
— Атаке, кайда барасың? — деди.
— Садагасы, ыраак барбайм, келем.
Бирок анын үнү каргылданып, жүрөгүндө бир коркунуч бар экендигин билгизет. Ал азыркы кеткен бойдон, кайтып үйүнө келбестей, Ажарды алып эркелетип, бүгүнкүдөй сүйбөстөй, мындан ары Батма менен ойноп-күлүп, өмүр сүрбөстөй жүрөгү элеп-желеп болуп, алып учуп токтолбоду. Эшикке чыгып бара жатып:
— Эл көчүп калса, жүгүңдү көк өгүзгө жүктөп, Ажарды үстүнө мингизип ал. Көчтөн калба. Алда кандай заман болот. Көтмалдыга падышанын
салдаттары келди деген кабар бар, биз ошолорду бет алып кетип бара жатабыз, кайыр, кош! —деди.
— «Алда кандай заман болот» деп, жаман жороону баштабай, койсоңчу. —Батма эрине кайрат айткан болду. Бирок аны да бир коркуу сезими баскан сыяктанды.
Батма эшикке чыгып, күйөөсүн атказды. Айткулу кызыл-тазыл желек кармап, көлдү бет алып, кылкылдап кетип бара жаткан калың элге барып
кошулду.
Айткулунун кеткенине үчүнчү күн болгондо, эл эртең менен бака-шака түшүп, жапырт көчүп калды. Аскерликке кеткен жигиттер да качып келип, айыл-айылына тарады. Айткулу менен бирге кеткен жигиттер да келишти. Бирок Айткулу жок. Айткулуну көрүү ордуна, «Айткулу окко учту» деген суук сөз Батманын кулагына угулду. Батма бакырып ыйлап жиберди. Ажар да ыйлады. Айыл-ападагылар келип:
— Нээти дурус киши эле, шейит болду, жаны жаннатта болсун. Мындай өлүмгө ыйлаган болбойт, ыйлабагыла! —дешип, Батма менен Ажарга кайрат айткан болушту; райымдуу, жылуу жүздөрү менен каршы алып, жер каратпай, аларды көптөн багып ала турган сыяктанышты.
Батма менен Ажардын ыйына кошулуп, экинчи айылда дагы бир ый пайда болду. Айткулуга кошулуп, Көбөгөн абышканын баласы Жапаркул да окко учкан. Бирок ал душман колдуу болбой, өз колдуу болуп
өлгөн. Бул тууралуу сөз укмакчы болушуп, Жапаркул менен бирге барган Кулубайды айылдагы абышка-кемпир, катын-балдар тегеректеп алышты.
— «Беш жүзгө жакын киши элек,— деп сөз баштады Кулубай. — Биз көлгө түшүп, Жел-Тийбестеги Кулумбайдын багына келип токтодук.
Ичибизде беш кана бардеңке, он чакты бараң мылтыгыбыз бар; калгандарынын колунда найза, кылыч, айбалта, союл, чокмор, шалк этме. Кошту ошол жерге түшүрүп, ар кайсы шектүү жерлерге кароолчулар чыгардык. Өзүбүз жаттык. Экинчи күнү эртең менен «казак орус келип калды» деген кабар алып, жапырт атка минип, алардын келе жаткан жолун тостук. Биз бир аз жөнөй түшкөнүбүздө Боз-Бармактын талаасын каптап, жер-сууну бербей, бизди көздөй келе жаткан солдаттар көрүндү. Алардын карааны эки жүздөй киши эле. Биз шашып калдык. Алар бизди тарсылдатып ата башташты. Эки кишибиз окко учту. Биздин мергенчилер да атышкан болушту. Бирок аны солдаттар тоотпой, бизге жакындагандан жакындап, койчо жайылып келе беришти, бизди курчап, айлантып ала турган болушту. Биз кийин чегинип, мурунку багыбызга келдик. Көтөргөн ханыбыз Жакыпбек:
— Ушул жерден аламан койгула. Качканыңар болсо, атып таштайм — деп, жигиттери менен элди камчынын алдына алып кекетти. Бир мезгилде солдаттардан кырктай киши бөлүнүп, биздин келген жолубузду бет алды. Сыягы, биздин жолду буумакчы болсо керек эле. Журт удургуй түштү. «Аламан койгула» — деп кыйкырган хандын үнү чыкты. Кимди
ким көрдү, аламандап кыйкырып, солдаттарды качырып сала бердик. Алар да шашып калды, кайта качышты. Ай, биз оңбойбуз го! Эгерде биз иреттүү, тартиптүү ошол солдаттардай боло турган болсок, биз аларды алып коймокчу элек. Солдаттарга жакындап кирип барганыбызда, бир-эки киши кайта качып жөнөдү. Ал аны көрүп, биз да качтык. Качып бара
жаткан солдаттар кайта бурулуп, тарсылдактын алдына алышты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, туш-тушубуздан ок зуулдап өтүп жатты. Чиркин, жан деген таттуу го, атына ок тийип, кишиси жөө калып, аттуулар менен тең чуркагандар болду; кишисине ок тийип, атынын боорунда сүйрөтүлүп жүргөндөр да болду. Кыскасы, биз боо түшүп калдык. Кийин эсеп
кылсак 72 кишибиз өлгөн экен. Журт кача турган болду. Хан болбой:
— Жакын келсин, эми бир аламан коюп көргүлө!— деп, каарын төгүп туруп алды.
— Жакын келтирип, союлуң менен уруп ала тургандай, сен аларды бөдөнө көрүп турасыңбы? Алар — биз эмес. Алар баштуу, тартиптүү солдат деген болот. Колдорунда биздикиндей союлу жок, мылтыгы
бар, жабдыктуу. Биз аларга тең боло албайбыз. Ушунча кишинии убалына калганың да жетишер,— деп Жапаркул хан менен уруша кетти. Хандын бул кезде каны суюлуп, иштөөгө иш, урушууга киши таппай турган кези эле. Жапаркулду камчы менен жон талаштыра эки-үч курдай чаап жиберди. Мындай кордукка Жапаркул кантип чыдап тура алат?.. Тосуп туруп кайра аны бир чапты. Жапаркулдун камчысы хандын бетине тийип, бетин айрып кетти. «Жеп салды, ат!» деген хандын үнү угулду. Мылтык тарс этти. Карай салсам, Жапаркул жерде сулап жаткан экен. Эл чогулуп калды. Мен түшө калып, Жапаркулдун башын жөлөдүм, ыйлап жибердим...
Журт өлүккө үймөлөктөшүп турган кезде, солдаттардын топту байлап аткан мылтыктарынын үнү чыкты. Арабыздан эки киши аттан кулап,
Жапаркулдун жанына жыгылды. Токтоп тура албадык, качтык... »
Ушинтип Кулубай сөзүн бүтүргөндө, Көбөгөн кемпири экөө боздоп, өксөп ыйлаган. Экинчи айылдагы ый дегенибиздин мааниси ушул болучу.
Эл кымгуут болуп көчүп жөнөдү. Батма бирии-экин жүгүн Айткулу айткан көк өгүзгө жүктөп, Ажарды анын үстүнө мингизип, өзү жетелеп алып, эл менен бирге кетти.
Ар бир айыл манаптарынын өздөрүнчө ылайыкталып жасалган желектери бар. Сагындын желеги ак болучу. Сагын көчтүн алдына келип,
ылайыктуу конуш таап, желекти мыктап жерге сайдыруучу. Арттагы кечтөр желекке келип жыйналып, тарап конушчу. Адашкан бала-бакыралар да желек менен үйлөрүн табыша турган.
Бир күнү көчтө Батманын өгүзү мүдүрүлүп жыгылып кетип, жүгү ооп, үстүнөн Ажар учуп түштү. Батма бакырып барып баласын кучактай калды, анын бактысына Ажардын эти гана ооруп, эч бир жери майып болгону жок. Батма боз ала чаң болуп, аман-эсен ордунан күлүп тура калган баласын көрүп, аябай кубанды.
Ажарга өгүздүн мурунтугун карматып коюп, канча аракет кылса да, жалгыз арта албай койду. Кимге ким карасын, тиги көчтөгүлөр да, бул көчтөгүлөр да Батмага кылчайып карашканы жок. Көчтүн артында
кырчаңгы, арык тору атка эмерегин артып, кемпири жетелеп, өзү атты айдап, таяк таянып, бүкчүңдөп кетип бара жаткан Көбөгөн абышка кездешти.
Батманы башта эле таанычу: Айткулунун өлгөнүн да уккан. Ал токтоп, кемпири экөөлөп жатып, Батманын жүгүн артышып берди. Батма Көбөгөн менен бирге жөнөдү. Бир кезде асынган мылтыктары бар бир топ атчан кишилер булардын жанынан кыя салып өтө беришти. Алардын
бирөөнө барып, Көбөгөн:
— Өлтүр мени, мени да өлтүр! Маңдайыбызга бүткөн жалгыз балабыздан ажыратып, минтип бизди боздоттуң, кудай сени да боздотсун. Катын-балаңдын күнүн көрбөй ач бел, куу жолдо өл!— деп, чылбырына
оролуп, сүйрөлүп калды. Бул — бизге тааныш, Жапаркулду өлтүрткөн Жакыпбек хан. Хан илгери бастырайын десе да Көбөгөн бастыртпады, буркан-шаркан түшүп, кыйкырып, өкүрүп, ыйлап жатып алды.
Жакыпбектин ачуусу келди. Атынан түшүп, абышканын эки колун эки жигитине карматып алып аябай сабады. Шордуу кемпири да абышкасына болуша кетти, атын таштай чуркап, таянып келе
жаткан колундагы сынык ыргай сабоосу менен ханды чаап жиберди. Ал «ханга колу тийди» деп, жигиттери кемпирди да тепкинин алдына алышты.
Жакыпбек жигиттери менен абышка, кемпирди моокуму канганча аябай урду да кылчайбастан, өз жолу менен, жүрүп кете берди. Артынан каргап-
шилеп, боздоп ыйлап абышка, кемпир калышты.
Аларга кошулуп, Батма да ыйлады. Батманы көрүп Ажар да ыйлады.
Күн кечтеди. Көч тарап коно баштады. Эл арасына ызы-чуу түштү, кыйкырык-өкүрүк көбөйдү. Мал-жан көч жоготуп издегендер толуп кетти. Бирок Батма менен Ажарды издеген жан болгону жок. Батма ал
күнү айлын таппай, Көбөгөн менен бирге конуп, эртеси кечке сурамжылап олтуруп, желектен улам өз айлын араң тапты.

Беш-алты күн өттү.

Сагындан кордук көргөн бир топ кедейлер андан белүнүп, башка Тоң болушуна кетмекчи болушуп, сөз байлашты. Алардын ичинде Көбөгөн, Батма, Айткулунун кыйыр тууганы Козубек да бар. Козубекти жана дагы бир жигитти бир топ мал менен түн катырып, бир коктуга качырып
жашырышты. Таң атты. Журт жапырт алачыктарын сыйрып, көчө баштады. Көбөгөндөр көчүшкөнү жок.
Сагындын көчсүн деп жиберген кишисине:
— Түндө бир топ малыбыз жоголуп, эки кишибиз ошону издеп кетишти. Алар келбей, малыбыз табылбай, көчө албайбыз — деп жооп беришти.
Булар, Сагындын көчү шашкелик жерге узагандан кийин каткан малын, кишилерин алдыртып, башка жол менен Тоң болушуна жөнөшөт. Бирок муну куйту Сагын билип калып, бир топ киши менен артынан кууп
жетип, көчтөрүн токтотуп, жүктөрүн түшүрүп, Көбөгөн менен Козубекти баш кылып, бир далайын урат. Ири карасынын бардыгын айдап алып:
— Эми кетчү жагыңарга кеткиле! — деп жооп берет.
Малдан ажырап, шордуу кедейлер жөө кайда, кимге барышмак? «Жаңылдык-жаздык! » — дешип, мойнуна курун
салышып, Сагындын аягына жыгылышты, алдына Козубектин
маңдайына бүткөн жалгыз кер атын тартышты.
Кер ат — жакшы ат болучу. Буга мурда эле Сагындын көзү түшүп, «кедейге мындай аттын эмне кереги бар, мага берсин» — деп, Козубекке нечен курдай киши жиберип, атты алалбай, «ай, сени!» деп, Козубекке тишин кайрап, кекенип жүрө турган. Эми Сакеңдин бактысына жараша иши оңдой берди болуп, кер ат опоңой гана колуна түштү. Сакең атты алып, ачуусу таркап, буларды кайта көчүрттү.
Бир топ күн өттү. Чек арага жетти. Тянь-Шандын Бедел, Бирикти, Көк-Ирим, Ак-Өгүз деген ашууларына бөлүндү. Батманын айылы Ак-Өгүздү ашмакчы болуп, ашууну шыкап келип конушту. Эртеси көчтүн алды
белге чыга берген кезде, күн бүркөлдү, туман түштү, борошолоп кар жаады. Шамал болду. Журт шашты.
Кар аралаш ызгаардуу суук шамал туманга аралашып, аскадан аскага тийип, белдеги бардык карды ойго карай учуруп, көчтү жөнөтпөдү. Ордунан кыбыраган мал-жандын бардыгы тайгаланып, төмөн карай учуп
жатты. Ар кайсы таштын кычыктарында жүнүн жеп, бүрүшүп, маарап турган кой-эчкилер, башын жерге салып, суулугун чайнап, калчылдаган жылкылар; чөгүп жаткан төөлөр, жүгү оогон уйлар; бутун үшүтүп, кан какшаган катын-балдар. Бирок буларга караган киши да жок, ар ким өз жаны менен алек...
Көч арасы да ызы-чуу, күрү-гүү... Кар жаап турат.
Түн түштү. Эл турган-турган жерлерине кийизге, жуурканга оронуп жатышты. Таң атты. Күн мурункудай алай-дүлөй. Малды да, жанды да кар баскан. Карга көмүлгөн малдар араң кыбырап көзгө илинет. Кардын алдында үйдөй болуп, төмпөйүп жаткан жүктүү төөлөр, уйлар көрүнөт. Жамынган кийиз, жууркандары менен бирге тоңуп, сырайып өлүп
жаткан кишилер да көп. Үчүнчү күнү күн ачылды. Туман тарады, шамал
басылды. Аман калган эл эптеп, жөөлөп-жалаңдап отуруп, белди ашты. Батма да аман-эсен Ажары менен бирге ашты.
Туу белге чыга бергенде Батма өлүп жаткан бир жүктүү жылкыны, анын жанынан эки адамдын өлүгүн көрдү. Бул — кемпири менен Көбөгөн абышканын өлүгү болучу.
Журт Турпанга түштү. Тарап, шаар-шаарга кете баштады, Батма, Козубек болуп, Турпанда калышты.
Экөөнүн тең колдорунда малдан түгү жок. Батманын жалгыз көк өгүзү ашууда калган. Козубектин бирин-эки кой-эчкиси да жолдо жоголду. Эми кантишмек?
Турпандык Сабитакундун ат кепесин жумуш кылып бермекчи болуп, Козубек батирге алды. Ал — терезесиз, эшиксиз, үстүндө жарык түшө турган киши баткандай гана тешиги бар, асты жер. Ал ымдашып,
аттын чыласы жыттанат. Айла жок! Эшигине кийиз калап, жерине курумшу, чөп төшөп, Батма болуп киришти.
Күн өттү, ай өттү, кыш түштү, турмуш кыйындады.
Жагууга отун, кийүүгө кийим, жешке тамак керек болду. Бирок аларды кайдан, кимден алмакчы?
Тегерегиндегилер да «өлбө жаным, өлбө!» деп, өздөрүнө окшоп, ач олтурган качкындар.
Турпандыктардан алуу үчүн бир нерсе сатмак керек. Сатмайынча алардан алуу кыйын иш.
II
Кыштын ызгаардуу түнү агарып, таң белгисин бере баштады. Чыгыштан жумуп-ачкан көз сыяктуу жылтылдап, Чолпон жылдыз көтөрүлдү. Берметтей тизилип, көктө жүргөн көп жылдыздар, «биз эми кетебиз, келерки күнгө чейин аман-эсен тургула» дегенсип, бир күлүп, бир жылмайып, дүйнө менен коштошту да, удургуп үркүп алып, батыш жакка
таралды. Көп кечикпей, анын артынан алтын нурга боёлуп, акырын гана козголуп, күн да чыкты.
Дүйнөгө тиричилик кирди. Журт оокатына кам урду. Бирок күн суук. Жер — тушардан кар. Тышка жан чыга албайт. Ажар, Козубектин балдары: Талып, Мурат төшөктө. Козубек эртең менен эле жаман керкисин белине
кыстарып алып, отун издеп кеткен. Кайта элек. Батма, Айша болсо, колдорун жеңине катып, бүрүшүп, калчылдап, балдардын жанында олтурушат. Бардыгынын да кабактары салыңкы, үнсүз, сезсүз,
өлүм кайгысы бар. Бир жактан чыкылдап кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет.
Бир кезде эшикке каланган курумшу кийиз ачылып, кар аралаш суук жел төр жакка согулду. Аркасында көтөргөн азын-оолак отуну бар, бүткөн бою кар, сакал-мурутуна муз тоңуп, Козубек кирди.
— Эртеден кара кечке чейин жүрүр, алып келген отунуң ушул элеби? — деп, Айша эрин жемелей баштады.
— Анан кантейин, керкимди турпандыктар тартып алды. Ушуну башка жерден колум менен жулгулап алдым,— деп Козубек ыйламсырап, төмөн карап, терең үшкүрдү.
Отунду Козубек шашкелик жердеги Кумарык дарыясынын жээгиндеги токойдон алып келүүчү. Бирок кийинки күндөрдө турпандыктар аны коруй
баштап, качкындарды жолотпой койгон. Козубек анысына деле карабай, тозмочуларга көрүнбөй, таң алды менен барып, керкиси менен жаш чырпыктарды кыя-кыя чаап көтөрүп келип жүрө турган. Эми керкиден айрылып, кур кол калды. Керкисиз отун алынбайт да, табылбайт. Отунсуз жашоо кыйын. Үй суук, курсак ач. Сууктун ызгаары жаш балдарга кандай
баткан болсо, чоңдорго да ошондой; чоңдор кандай кыйналса, жаш балдар да ошондой кыйналып жатат.
— Апа, үшүп кеттим — деп, бир кезде ыйламсырап Ажар энесин карады.
— Садагасы, үшүсөң кантейин — деп, Батма муздак колу менен Ажардын жуурканын кумтулаган болду.
Алып келген Козубектин отунун эптеп жагышмакчы болушту эле, эшикке жабылган кийиздин тешиктеринен кирген борошо отту күйдүрбөй, үйдүн
ичин түтүнгө толтурду. Түтүндүн илебине, адамдын демине тамдын, бооруна, жерге, эшикке тоңгон бубак эрип, үйдүн ичин көлдөтүп суу кылды.
Ач жатып калышты. Эртеси Козубек дагы отун издеп, сай жакка кетти. Батма менен Айша да карап жатпай, тамак издешип, турпандыктарды кыдырышты.
Кечке жүрүп, бирөө жарым чака жүгөрү, бирөө бир токоч, бир чыны жүгөрү ун таап кайтышты. Бирок Козубек кечикти. Үйдөгүлөр: «Козубек отун таап келер, от жагарбыз, жылынарбыз, ысык тамак жасап
ичербиз» — деген ойдо эле.
Бир кезде колу-бутун суукка алдырып эшиктен кирген Козубекти алар билбей да калышты. Ал аябай үшүгөн, тили сүйлөөгө келбейт, колу тытылган, айрылган, канаган...
— Ээ, сага эмне болду?
— Отунуң барбы?
— Отуну курусун,— деди жашооруп Козубек,— жер-суунун баары кар, көзгө көрүнгөн, колго-илинген эч нерсе жок. Кардан кылтыйып баштары чыккан чекендилер кездешти, жулгуласам былк этпейт. Кайсы
бир жерден чычырканак, алтыганалар көрүндү; бирок, түгөнүп калсын, жабдыксыз эч бир алына турган эмес. Куру кайттым.
Батма, Айша, балдар болуп ишенгени Козубек эле.
Козубектин «куру кайттым» деген сөзү ийне менен сайгандай жүрөктөрүнө такалды. Жүгөрү унду укканда шилекейи чубуруп, Козубек келгенде тамак жасатып ичмекчи болуп, үмүттөнүп төшөктө жаткан жаш
балдар кыңкыстап ыйлай баштады. Айшанын кичи баласы Мурат ыйламсырап:
— Апа! — деди.
— Айланайын, эмне дейсиң?
— Курсагым ачты...
— Меники да тоңуп кетти, ичим ысып баратат.
Айшанын эки баласы тең өңгүрөп ыйлап жиберишти. Ажарда араң турду эле, аларга кошулуп ал да ыйлады...
Козубектин куру кайтканын көрүп, Батма эбак эле эшикке чыгып кеткен. Ал бир боо куурай көтөрүп кирип келди, үй ичине шаттык-кубаныч, жаңылык кирди.
— Муну кожоюндун катынынан жалынып-жалбарып жатып, араң сурап алдым. Акысына кир жууп бермекчи болдум,— деди Батма.
Куурайдын жартысын, унду эртеңкиге калтырышып, жүгөрүнү кууруп жешти. Мурат андан көп жеп коюп, ичи көөп, эртеси ичи өтүп ооруп калды.
Батма да кожоюнунун кирин жууп, бир күн кечке тышта болуп ооруга чалдыкты. Турмуш кыйындады.
Бир үйдө эки оорулуу болду.
Батманын оорусу күчөдү. Төшөктөн тура албай калды. Бүткөн бою ысып тердеп, кыңкыстап, онтолоп таң атканча жөөлүп чыгат. Эки сөзүнүн биринде айтканы — Ажар.
— Жалгызым... кызым... сен кантесиң?.. Келчи мага!.. Окко учту... Айткул ай!.. Кайдасың?.. Ажарды алчы... алчы!.. Үшүдүңбү?.. Кууруп берейинби?..
Ажарда жан жок. Жүрөгү элеп-желеп болуп, алып учуп, бир нерсе сезгендей, билгендей болот. Энесин кучактагысы, ыйлагысы, сүйгүсү келет.
— Теңир ай, мен сыяктуу жетимдин тилегин кабыл кылып, жарыктык апамдын алтын жанын аман кыла көр! — деп, көз кылгыртып, Ажар күн-түн энесинин кашында. Бирок шордуу Ажардын тилеги кабыл
болбоду. Батма тилден калды. Ажар ыйлап, энесинин
башын кучактап:
— Апа, жаным апа! Ойгонсоң, көзүңдү ачсаң... мени карачы, мен кантем? Менин күнүм эмне болот? Бир ооз бирдеме десең? — деди.
Батма көзүн акырын ачып, Ажарды карап, бир нерсе айтмакчы болуп: «А-а-жар» — деди. Бирок тили күрмөлүүгө келбеди. Сөзү токтолду. Көкүрөгүн көтөрүп, эң соңгу демин алды. Жан берди...
Ажар апакелеп, боздоп ыйлады. Анын көз жашын көрүп, муңдуу үнүн угуп, келген качкын кыргыздардын баары да ыйлашты. Козубек Айша
менен Ажарды ээрчитип, дагы эки-үч киши менен өлүктү жогоруда айтылган көп бейиттин жанына коюп кайтты.
Эми Ажар толук жетим. Ажарда ата да, эне да жок.
Ажар турмуш туткуну, турмуш кулу. Ажарга көрүнгөн ээ, көрүнгөн бий.
Март айы жаңырды. Жаз чыкты, сөөк жукарды.
Качкын элдер бирин-эки малын, буюмдарын сатып, кыштан эптеп чыгышты. Эми кара баштарынан башка эчтемелери калбай калды. Тамак издеп, туш-туш жакка тентип кете башташты. Басууга да, арийне курсактын тогу,(кийимдин бүтүнү керек го, кийим дегенден буларда эч нерсе жок. Үстүлөрүндө тынччылыкта жасатып кийген эле кийимдери. Алары да жазгы койдун жүнүндөй самсаалап, тамтыктары кетип, жыртылган. Жол боюнда ак шишик болуп өлүп жаткан кыргыздар:
ыңгыранып, кынжыйып, арыгынан баса албай келе жаткан катын-балдар. Колдон-колго өтүп, сатылып жаткан кыргыздын кыздары, балдары. Баасы—бир кап жүгөрү. Оо, дүйнө ай! Ал күнкү окуялар кайсы кыргыздын баласынын оюнан кете коёр экен?
Талыптын оорусу да күчөдү. Бүткөн боюн ак шишик алды. Марттын орто ченинде ал да өлдү.
Мүрзөлүк жерди сатып ал деп, турпандыктар өлүктү Батманын жанына койдурушпады. Сатып алууга Козубекке пул кайда? Ичээр-жээрге жок, өздөрү өлүм алдында олтурушат. Жанга көрүнбөй, таң алды менен
барып, бир тамдын бооруна өлүктү көөмп, Козубек кайтты.
Элдин бир сыпырасы жөөлөп-жаландап, Какшаалдагы кыргыздарга кетмекчи болушту. Козубек да кетмекчи болду. Бирок Козубекти Сабитакун көчүрбөдү. Кыштан берки болбогон жалган чыгымын
айтып, берген бир чымчым чайы, бир ичим көжөсү болсо да доолады. Козубек анын бутуна жыгылды, жалынды, жалбарды. Акысы болсо да, кечип коюшун сурады. Ага Сабитакун болгон жок. Райымсыз ажары
менен каарын төктү. Коркутту. Бербесе, шаңыяга (болушуна) билгизип, набакка солоторун уктурду.
Козубек кыйналды-кысталды, эмне кыларын билбеди. Жашыган санаалуу ою алып учуп, тоо-ташка урунду.
— Ээ, катын!
— Эмне?
— Курсактын ачынан да Сабитакундуку өтүп кетти, кандай кылабыз?
— Мен кайдан билейин?
— Ажарды ага сатсак кантет? Сат деп жатат.
— Койчу?
Айша секирип кетти. Батманын өлөрүндө Ажарды тапшырып, айтып кеткен керээзи эсине түшүп, эрине бир нерсе айтмакчы болду эле, эшиктен келе жаткан буттун табышы угулду.
— Акырын, укпасын, келе жатат! — деди Козубек.
Бул табыш — Ажардыкы.
Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрүп, Сабитакун мурунтан эле кызыгып жүрө турган. Анын бардык ою иш кылып Ажарды колуна алууда.
Сабитакун ал тилегине жетти. Ажарды алды. Ажарга баалап, Козубекке бир эшек, үч зээр акча, бир пуд жүгөрү ун берди. Андан калганын доолаган акысы үчүн чегерди, Козубек Какшаалга көчүп кетти.
Эң обол Ажар чочуркап, ичкен-жегени аш болбой, анын үстүнө ата-энесин сагынып жүдөп кетти. Бирок кийинчерээк, Сабитакундун үй ичи менен таанышып, үйүр алышып, оңолуп, өңүнө кирди, каткан чери тарап,
капасы, муну жазылайын, унутулайын деди.
Бир жыл өттү. Ажар толду. 15 ке чыкты. Ажар десе Ажар дегендей эки бети алмадай болуп, кара көзү балбылдап, көргөн жанды эриксиз өзүнө тарта турган болду.
Сабитакундун тамыры турпандык Чыр деген бир бай дунган бар эле. Сабитакунга ал коңшу туручу.
Ажарды ал эки-үч курдай көрүп, бир күнү Сабитакунга келди. Ажардын түбү-жайы менен жакшылап таанышты.
— Бир олжоң экен, досум. Ажарды мага бер. Бул үчүн эмне алам десең да, мына мен даярмын,— деди Чыр.
— Досум, сенден мен эмне алмак элем? Колумдан чыккан чыгымдарымды төлөсөң гана болгону,— деди Сабитакун.
Чыгымга келгенде, Сабитакун эшегин ат кылып, унун күмүш акча кылып көрсөттү. Андан Чыр качканы жок. Шагыраган накта алтымыш зээр акчаны ага санап берди, Ажарды алды. Ажарды алгандагы анын ою —
карыганда Ажарга үйлөнүү. Ошентип, аны кучактамакчы, сүймөкчү, өмүр кызыгын көрмөкчү.
Чырдын мындай суук кабарын уккандан кийин Ажар ошол жердик эки-үч катын менен энесинин мүрзөсүнө барып, капкайдагы бук болгон ичтеги
арманын, муң-зарын айтып ыйлаганын аңгеменин баш жагында айткан болучубуз.
III
Той болду. Журт тарады. Түн кирди. Ажарга күчтөп нике кыйылды. Катындар анын ыйына, жашына карабастан, нике кыйылган бөлмө үйдөн боздотуп, сүйрөп алып келишип, күйөө-кызга дайындалган экинчи бөлмө үйгө киргизишти, күчтөп кийимин чечишип, төшөккө жаткызышты. Ажар жуурканды чүмкөнүп, шолоктоп ыйлады.
— Жасаган ай! Мени мынча кор кылып эмне жараттын? Чынын менен эле мени ушуга туш кыласыңбы? — деди Ажар.
Көз жашы мөлт-мөлт этип, жаздыгына тамчылай түштү...
Күлүк ой, узун санаа, түпсүз кыял Ажарды курчап алды. Ажар алда кайда кетти. Жазгы өсүмдүктөй гүлүн ачкан мурунку жаш өмүрү, атыр жыттуу Ала-Тоосу, бал татыган тунук булак, өзөн суусу, ээн-эркин жашаган эли-журту Ажардын көз алдына келип элестеди.
Артыкча көзүнүн агы менен тең айланып, атка минсе алдынан, үйдө олтурса жанынан чыгарбаган ардактуу атасы — Айткулу, курсагын ачырбай, ийнин тоздурбай сылап баккан энеси — Батма Ажардын
оюнан чыкпайт. Кыз балага эне жакын го, атасынан да энесин эстегенде, анын көз жашы тыйылбайт. 12 ай көтөрүп, омурткасы сыздап, ак сүтүн берип, азап көрүп баккан байкуш Батма да Ажарды көптүн балдарындай кылып баккан жок эле. Ажар биртике үйдө жок боло калса, «жалгызым, кайда кетти?» деп, жаны калучу эмес. Ошентип баккан бирөөнүн кирдүү
кол тийгис жалгызы бүгүнкү күндө жетим болуп, малга сатылып, колдон-колго өтүп, жандын кору болуп, жат кишинин колунда, туткунда жатат. Ай,
райымсыз жетимдик ай! Жетимдик кимди ыйлатпаган, кимди кууратпаган!
Эшик кычырай калса, «ошо го» деген кыял Ажарда.
Бирок «ошону» менен Ажар кантип бир төшөктө жатмак, кантип бирге өмүр сүрмөк? Ал өмүрдүн келечекте турмушта кандай пайдасы, кандай зыяны болмок? Бул маселе Ажарга чечилбеген караңгы маселе. Ошондо да Ажар эрдүү-катындуу адамдардын өткөргөн турмуштары жөнүндө төмөнкүнү билет: ал кезде Ажардын ондогу кези. Айлындагы бизге тааныш Алымкул байдын эки катыны болгон. Токолу — Айганыш. Айганыштын турмушу эң жаман, мындайча айтканда, итке эле берсин дээрлик. Отун алган, суу куйган, кир жууган, козу байлап, кой сааган —
Айганыш. Бул гана эмес, башынан байбиченин таягы да кетүчү эмес.
Муну ойлогондо Ажардын жүрөгү ийне менен сайгандай тыз дей түшөт. Анткени — бүгүнкү боло турган күйөөсүнүн да бир эмес, эки катыны бар. Ажар үчүнчүсү. Ажар, ошондуктан, өзүн Айганышка теңеди, Айганыш болду. Айганыш сыяктуу жаш өмүрү турмуш тепкисинде жүрүп өтөрүнө көзү жетти. Ажардын дагы бир билгени Буурабай 15 жашар кызы Саараканды күнү үстүнө — Кожомкул байга бермекчи болот. Кыз көнбөй акыры кедей Сатаркул менен шаарга качып кирип кетет. Кайтып кийинки
жылы күйөесү менен Сааракан атасыныкына төркүлөп келгенде, Ажар аны көргөн. Ошондогу экөөнүн бири-бирин сыйлашканы, бирге олтурса, жанаша чыккан гүлдөй болуп, окшошуп жарашканы Ажарды таң
калтырган. Бирок ал кезде Айганыш менен Саараканды салыштырып сынай турган, эки турмуштук бирөөнү өзүнө шайлай турган Ажарда кудурет жок эле. Ажар ал кезде экинчи дүйнөдө болучу.
Турмуш жөнүндөгү Ажардын бар билими ушул.
Бирок бөтөн журттун колундагы аялдардын турмушу кандай болуп, күн кечери Ажарга белгисиз. Алардын тили, үрп-адаты Ажарга жат нерсе. Ажар бул сыяктуу журтту биринчи гана көрүп олтурат. Андай болсо,
Ажарга кантмек керек? Сааракан сыяктуу өзүнүн теңин таап, бирөө менен качмак керекпи? Качканда ким менен качмакчы? Кимди издемекчи? Азыркы саатта ак көңүл, адал ниет, эр жүрөк жаш жигит Ажарга кайдан табылат? Ажар бактысыз. Ажар турмуш кулу. Эмесе, ал, күнү үстүнө бармакчы, үчтүн бири болмокчу.
Бир кезде эшик кычырап, ачылгандай болду. Ал жактан делдек таноо, кара чаар, көзү кылмыйып уясына кирген, ээгинде сербейген буурул сакалы бар, жашы 50—55 тер чамасында, эң сүйкүмсүз бир киши
көрүндү. Бул биздин күйөө — Чыр.
Ажар чочуп кетти. Жүрөгү туйлай баштады. Бүткөн боюна калтырак кирди. Анын басканы, дем алганы Ажардын кулагына угулду. Жакындай баштады.
Бүркүттүн бутуна окшоп, арбайган кол келип жуурканга жармашты. Чарымдай катуу, муздак дене жылып төшөккө кирди. Ажар жыйрылды, качмакчы, бакырмакчы болду, бирок алы кетти, үнү бүттү, дени
өлдү. Колу-буту кыбыроого келбей барып, суук дененин кучагына кирди. Ал жулмалады, кучактады, бооруна кысты... чоп-чоп эткен үн чыкты...
Алты ай өттү. Чырдын сонуну таркады. Мурун Ажарга үзүлүп түшүп, Ажарды кысып-кысып сүйүп, күн сайын койнунда боло турган болсо, азыр
жумасында бир, болбосо жок. Чырдын эки катыны да Ажардын кырына чыгып, жакшылык көрсөтүшпөдү. Ажарды таманга чаап, жумушка салышты. Күл чыгарган, чай койгон, от жаккан ким? Ажар. Ажарга ал
да аздык кылды. Байбичелердин таягы да тие баштады.
Ажар жүдөдү, арыктады, өчтү...
Соңку кездерде алардын көрсөткөн кордугу айтып бүтүргүсүз Ажардын жанына батты. Ажарга өлүүдөн, болбосо тентип, бир жакка кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды.

Майдын аяк кези. Түн... Асман ачык... Мончоктой тизилип көк деңизинде сүзүп жүргөн сансыз жылдыздар бир-бирине ым кагышып жымыңдашат.
Жаратылыш койнундагы нерселердин бардыгы да көшүлүңкү тартып, май айынын түнкү коңур, салкын абасына батып, жай алып, таттуу уйкуга бастырылган.
Бирок кыбыладан жумшак жел согуп, өсүмдүктөрдүн жазгы жаш жалбырактарын кыймылдатып, желбиретип турат. Алыста ышкырып, «айтаттаган» күзөтчүлөрдүн үнү угулат.
Акырын басып, Чырдын дарбазасынан Ажар чыкты.
Ажарда өң жок, жүдөгөн, узун кара чачы чубалып аркасында. Элең-селең этип кылчактап ал арт жагын карайт, жүгүрөт, шашат... Ажар чуркап отуруп, энесинин мүрзөсүнө келди. Мүрзөнү кучактады. Капкайдагы бук болгон ичтеги арманын көз жашы менен айтып, буркурап, боздоп, энесинин мүрзөсү менен коштошту. Түбөлүк таттуу уйкуда жаткан
Батманын өлүгү да алыска сапар кетип бара жаткан жетимин аягандай болду, күңгүрөндү. ..
Ажар Какшаалды бет алды. Себеби: Какшаалда турган кыргыздар бар экендигин уккан. Какшаал Турпандын кайсы жагында нече күнчүлүк жер
экендигин да ал жакшы билет. Ажар иши кылып ошол кыргыз элине барып, башын жашырып, Чырдан кутулмакчы.
Ажар чуркап жүрүп олтуруп, таң сүрүүгө жакын калганда, бир калың чычырканактуу токойго келип бекинди. Токой ичиндеги майышкан жаш чөптөр Ажарды аягандай болду; шоодурап, баштарын кыймылдатып, Ажардын кайгысына тең орток боло тургандай, качкан жоосунан кутказып, ээн-эркин өз жолуна сала тургансыды. Буралган көк жашыл сабактары, жаш жалбырактары менен Ажарды жашырды, койнуна алды.
Күн чыкты. Түнү бою тилден калгандай үнсүз жаткан токой ичиндеги барлык нерселер эртеңки күндүн таза, күмүш нуруна балкыды. Ажар да бирге балкып, кечке жатты. Бирок уктай албады. Бүткөн боюнун ооруганы, таманынын сыздаганы, жүрөгүнүн дүпүлдөп соккону—аны жашоорутуп, онтолотту. Бул гана эмес, бир жагынан курсагы ачты, ээрди
кеберсиди. Алы да начарлайын деди. Байкуш, анысына карабай, каш карайып, ымырт жабылгаң кезде, сенделип ордунан туруп, кайта жолуна түштү.
Көп убакыт өттү. Таң саргайып ата баштады. Ажар Турпандын четинен өтүп, кургакка чыгып, Какшаалдын четине келди. Какшаал суусуз чөл, ээн
жер боло турган. Бириндеп ар кайсы жерине чыккан алтыгана, табылгы, жылгындары гана болбосо, башка жерлери чөпсүз, кумдуу мейкин талаа.
Ажарга мурункусундай жашынууга ылайыктуу жер табылбады. Издөөгө алы да келбеди. Бүткөн бою салмактанып, буту шилтөөгө жарабай калды. Илгери басайын десе, мүдүрүлүп буту кумга бата түштү. Жыгылып кетти... Күн көтөрүлүп, ысый баштады.
Ажар араң сүйрөлүп барып бир алтыгананын түбүнө жыгылды, жатты... Күндүн ысык шооласы алтыгананын арасынан Ажардын үстүнө түшүп,
боргулдантып тердетип, бүткөн брюн ысытып, капалап жиберди. Таңдайы кургады. Суусады. Бир ичим муздак суу көзүнөн учту.
— Алда ай, суу болсо э. Бир чыны муздак суу ичип өлсөм, арманым болбос эле... — деди Ажар. Бирок мындай чөлдө суу кайдан болсун, суу жок. Сууга эми бир күн — түн катса, ошондо араң жете турган.
Күн чакчайып чак түш болду. Ысыгы мурункусунан да күчөп, мээ кайнатып турат. Ажардын кубаты кетти, өзөгүкарарды. Ысып, тердеп, тили оозуна батпай калды. Чиркин, жан деген кыйын го, кантсин! Шордуу
үстүндөгү чапанын чечип, алтыганага жаап, бетине калканчык кылды. «Өлөт деген ушул экен» деп, буркурап ыйлап, олтура кетти. Көп токтоп тура албады, чырым этип уйкуга кетти...
V
Майдын кечки салкын жели сокту. Кошоктошуп көктө жүргөн ак булуттар каалгып учат. Жел аларды көрүнбөгөн сүйкүмдүү колу менен түртүп учуруп, Тянь-Шандын көк тирешкен аскаларына айдап барып токтотот. Кээде булуттардын үзүлгөн бөлүидүсү, күндүн үлпүлдөп батып бара жаткан көзүн каптап, Какшаалдын элсиз, мейкин талаасындагы нерселердин баарын да кара күүгүм, ала көлөкө тарттырат.
Талаа тынч... Булуттардын көлөкөсү Ажар жаткан алтыгананын үстүнө түшүп, улакча ойноду. Конур жел да Ажарды кытыгылады, эркелетти, ойготту.
Ажар кыбырап ордунан туруп, жолуна түштү. Каш карарып, ымырт жабылды. Түн кирди. Бирок сулуу ай мунайып, алтын бууга боёлуп, чыгыш жактан көтөрүлдү. Аппак нур шооласы менен түндүн мээримсиз караңгылыгын алда кайда кубалап, кең талааны кубантты. Талаа да ыйлап сооронгон жаш баладай, жылмайып, койнун ачып, кучагын жайып,
Ажарга жол берди.
Ажар бир аз жол жүрүп келе бергенде, арт жагынан көп нерсенин созултуп улуганы, үргөнү угулду. Ал Ажарга жакындай баштады. Ажардын жүрөгү опколжуп, дүпүлдөп алып учуп, оюна ар түрдүү
коркуу сезимдери келди.
Бир мезгилде Ажардын айланасына карышкырлар толуп кетти. Баары да ач, кабыргалары саналып, кынжыйып, эң эле арык, тилдерин салышып,
кыңшылашып, Ажарды камап алышты.
Ажар коркту. Ыйлап жиберди... Жан деген кыйын го, жанын корголоп, жерден тырмалап таш алып, туш-тушуна ыргытты. Качты. Жүгүрдү... Колу-буту ташка тийди. Айрылды. Кызыл-ала болду. Шордуу ага
карабай жаш денесинин алып учкан кызуулугуна берилип, жүгүрүп олтурду. Бирок илешкен жоо калучубу? Ажарды бура бастырбады, кутказбады.
Тийип качып, алды-артын тороп. бир алтыганага камады.
Ажар жан талашып, жанын сыйпалап, жанынан жарты боо ширенке тапты. Оттон карышкыр качат деген бала кезиндеги энесинен уккан сөз оюна түштү.
Ширенкенин бирөөнү тартып жиберди. Тегеректеп алгандар жалындуу отту көрүп, азыраак алыстады.
Ширенке өчтү... Карышкырлар кайта качырышты.
Айтор, эстен танган Ажар, карышкырлар жакындап кирип келген сайын, ширенке тартып жатып, көбүн жерге чачып, ширенкесинин аягына чыгып болду.
Жалгыз гана бир тал ширенкеси калды.
— Шамдай жанган жаш жаным, ушул ширенке өчкөндө, сен да кошо өчөт экенсиң, мына эми өчөм, карышкырга жем болом...— деди Ажар.
Ажар бирөө айткандай, жанындагы алтыганага өрт койду. Алты ай жазы менен жаан көрбөй күнгө куурап, араң турган алтыгана, ширенке жанданганда эле дүркүрөп асманга чыкты. Оттун жалындуу кызгылт ак шооласы учуп алып ыраак кетти.
Айланасындагы нерселерди койнуна алып, апайкын кылып, бадырайып, Ажарга көрсөттү.
Карышкырлар жоголуп калышты, кеткендей, качкандай болушту. Ажардын биртике акыл-эси кирейин деди. Анын медери, жөлөгү жалгыз ал — от.
Андан чыккысы, кеткиси келбейт. Бардык үмүтү, тилеги, күн көрүү, өмүр сүрүү — ошол отто. Ошого байланышкан. От өчсө, от менен бирге Ажар да өчмөк.
От бастап, өчүүгө айланды. Кайтып алыстан карышкырлар улушту, жакындашты, Ажардын алды-артын тороп, айлантып, курчап алышты.
Ажар чындап эми жанынан үмүт үздү. Таянган жалгыз отунан ажыраарын, жоосунун колуна түшөрүн, райымсыз жырткычтарга жем болорун билди, көңүлү караңгылады. Акылы, алы кетти. Эси ооду. Көзүнө жер, чөптөр, тоо-таш — баары да жоо болуп көрүндү.
Арбайып- тарбайып, оозун ачып, жакындап келе жаткан сыяктанат. Ага айла кылмакчы, каршы турмакчы болду. Колу менен чоктуу күлдү шилеп, жан жагына ыргытты, чачты. Карышкырлар болбоду, күчүнө алды, кыңшылашып туш-тушунан качырышты.
— Мына эми, мен силердики, алгыла!—деди Ажар.
Башка сөз айтууга кубаты келбеди. Жыгылып кетти...
Үстүнө карышкырлар үймөлөктөшүп калды. Жемди талашты, ырылдашты, ары-бери сүйрөштү.
Чырылдаган Ажардын аянычтуу үнү гана угулду...
Асмандагы көп жылдыздар Ажарды аяшты, кызганышты, сулуу ай да муңайып, Ажарга актык нурун берип, кош айтышты.
Кош, боорум! Сага окшоп, өз боштондук, өз теңдигин талашып, кулдуктан кутулууну самаган эчен миңдеген ага-туугандарың, эже-сиңдилериң канкор падышанын куугуну, сүргүнү астында тепселишти, көбү максатына жете алышпай, арманда кетти.
Кыргыздын далай кыздары, балдары жер-суусунан, эли-журтунан, ата-энесинен ажырашып, кан какшады. .. Сен ошолордун бирөөсүң. Сен көздөгөн тилегиңе жете албастан, азаттык, теңдик жолунда, ээн
жер, элсиз чөлдө арманда кеттиң...
Кош, боорум Ажар!

"Ажар" повести, Касымалы Баялинов

XS
SM
MD
LG