Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүн көрүп калган жакын чоң энебиздин айтып берген эскерүүлөрүн кагаз бетине түшүргөнгө аракет кылдым.

Анда эмесе сөз башынан болсун, чоң энебиз Упанияр айтылуу сан жылкылуу Сарыбайдын агасы же инисиби Бөрүбайдын багып алган кызы экен. Өз атасы Искак кичине кезинде эле кайтыш болот. Атасы Бөрүбай кызына эки жерден куда түшсө экөөнө тең макул болуп, калыңын ала берген экен. Чоң энебизге куда түшкөндөрдүн бири кыргыздар, экинчиси Каракол шаарындагы менчик дүкөнү бар, татар көпөсү Минкей абзий деген баласы Жакыпка алып беришке сөйкө салган экен.

Кийин кыз талашка түшүп, ”биз алабыз, биз алабыз”,- деп чоң жыйын болгон кезде айылынан бир аксакал чыгып кызды жанына чакырып алып кана "Упанияр балам кызыл чыбык алып каз айдайсыңбы же көк чыбык алып каз айдайсыңбы?” дегенде он алты жаштагы секелек кыз: ”Көк чыбык алып каз айдайм”,- деп жооп берет. Ошондо аксакал мына эл-журт эми калыс болду, кан кудабыз Минкей абзий болсун, ал эми экинчи тараптын калыңын төлөп бергиле, деп бүтүм чыгарып үч тараптын көңүлүн калтырбай, чыр-чатагы жок тараткан экен. Ошентип чоң энебиз Упанияр (Амина апа дечүбүз татарлар коюп алган ат болуш керек). Үркүндөн алты жыл мурун Каракол шаарына келин болуп келет.

"Менин чоң кайын атам, чоң кайын энем Орусиянын Казань шаарынан жер которуп көчүп келишкен татарлар экен. Кайын атамдын заңгыраган жалаң карагайдан аштап салган чоң үйү, үстүн тунуке (темир) менен жапкан, чоң короо, сарайлары, бөт-чөт майда-барат үйлөрү, мончо, чоң дарбазалуу кенен короону ээлеген орус менен татарга, кыргыз менен сарттарга өтө кадырлуу адам экен. Үйүбүз шаардын ортосунда, орустун чиркөөсүнө, борбордогу катар-катар салынган дүкөндөргө жакын жашачубуз. Ат араба, үч-төрт саан уй, короо толгон каз-өрдөк тоок болор эле.”Көк чыбык алып каз айдайсыңбы?” деген айылдагы аксакалдын табышмагынын жандырмагын мен Караколго келин болуп келгенде гана түшүнгөм. Каракол ушунчалык таза, кооз жана бай шаар эле. Өз ата-энемдин төрүндө жүргөндө мындай кооз кийим-кечени, таттуу тамак-аштын түрүн көргөн эмесмин. Күйөөм экөөбүз кубалашып ойноп кайнатамдын дүкөнүнө бат эле жетер элек, кээде ат арабадан жүк түшүрсөк, көпчүлүк учурда дүкөндү шыпырып-жууган экөөбүздүн милдет эле. Кечинде орустун себетине толтурулган тамак-ашты көтөрө албай үйгө барчубуз.

Дүкөндө орус, кыргыз, дунган, татар, өзбектер өксү болбой кыжы-кужу, бака-шака болуп соода кыйын жүрүп турар эле. Кайнатам, кайненем чотту ары-бери кагып экөө тең орусуна орусча, кыргызына кыргызча, өзбегине өзбекче так жооп берер эле. Ушунча тилди кантип үйрөнүп алышкан деп өзүмчө эле аң-таң болор элем. Ошентип күндөр өтө берди. Эки кыздуу болдук, эң бактылуу үй-бүлөлөрдөн элек. Беш-алты жыл ичинде өзүмдүн тилим так татарча бурулуп кеткенин өзүм байкабай калыпмын. Орусча дагы жакшы түшүнүп калгам. (Амина апа өлөр-өлгүчө татарча сүйлөп жүрүп 1985-жылы 92 жаш курагында кайтыш болду).

Үстөл үстүндө чай ичип олтурганда кайнатам акыркы жаңылыктардан сүйлөп берчү: “орус падышасы кыргыз туугандардан солдат алат экен, кыргыздын болуштары солдат бербейбиз, деп жатыптыр. Бул туура эмес, түшүнбөй жатышат. Орустун куралы күчтүү, бөөдө кыргыз туугандар чыгым болот, Сибирге айдалат”,- деп кейип калчу болду. Анткен сайын мен өз ата-энемди, бир туугандарымды көп ойлочу болдум.

Эмнегедир кийинки күндөрдө дүкөндө кыргыздар көрүнбөй калды, шаарда атчан, жөө куржун асынган кыргыз жок. Күн өткөн сайын кандайдыр бир жаманчылыктын белгиси сезилип турду. Кечинде эле кайын атам кыргыздар бунт чыгарып жатыптыр, Ак-Суунун орустары шаарга качып келишиптир, көп орус өлгөн имиш, үйлөрүнө, талаадагы буудайларына от коюптур, бал челектерин талкалаптыр, деген суук кабарды айтты. Баарыбыз эле үрпүңдөп калдык. Биринин артынан бири укмуштуудай кабарларды угуп аттык. Кызылсуулук Түптүн орустары түнү менен шаарга качып келишиптир, өлгөндөр өтө көп дейт. Көлдүн тегерегинде кыргыздар Караколго ат менен каптап кирип кол салат экен, -деп орустар шаардын аяк-башындагы көчөлөрдөгү теректерди каршы-терши сулатып жол тосуп жатышат. Мылтыкчан мужиктер өтө көп дейт деген кабарды уктук. Биздин маңдайыбыздагы кошуна орустун жалгыз баласын талаадан кыргыздар өлтүрүп кетишкен экен, ызы-чуу болуп чиркөөгө алып барышып, жаназасын окушуп бүгүн көөмп келишти. Бат эле убакыттын ичинде шаар ичине кылычын байланган, мылтыгын асынган атчан казак-орус солдаттары батпай кетти. Шаар ичи дүрбөлөңгө түштү. Бир гана татар улутундагылар калды, калган улуттар баары туш-тушка качты. Казак-орус солдаттары эч кимди аябай кырды деп күйөөмдөн, кайын атамдан уктум. Жерге жарык түшө электе чиркөөнүн коңгуроосу шаарды жаңыртып элди өзүнө чакырып жаткансыды. Бир аздан кийин атчан орус сводка бириң калбай чиркөөгө келесиң, деп жар салып чакырып кетти. Кайненем, кайын сиңдилерим болуп чиркөөгө келдик. Атчан, жөө катын-бала, жаш-кары, солдат чиркөөнүн алдында эл батпайт. Ортосунда эки ат кошулган калың көк чөп салынган ак кездеме менен жабылган ортосу бир аз көтөрүлүп турат. Эл чогулуп бүттү окшойт. Орустун аксакал молдосу узакка сөз сүйлөдү. Андан кийин солдат кийимчен көкүрөгүндө жаркыраган сыйлыктары бар эки орус сүйлөдү. Дагы бир орус абышкасы сүйлөдү. Акырында орустун молдосу ортого чыгып, эки ат кошулган арабадагы ак кездемени сыйрыганда эл толкуп, уу-дуу түшүп, орустар жалпы чокунуп, сөгүнүп-сагынып, жерге түкүрүп, кээ бирөөлөрү ыйлап жатышты. Кудай жаманчылыктын бетин көрсөтпөсүн, арабада жаш орустун кызынын энеден туума жылаңач өлүгү жаткан экен, анысы аз келгенсип жан жерине жыгач тыгып кеткен экен. Көргөн көзүмө ишенбей бүткөн боюмду калтырак басып муунуп, үнүм чыкпай турдум. Ушуну көрүп кыргыздар мынчага барбайт эле эмне болуп кетти, бир чоң алаамат кыргын болуп жатканын жүрөгүм менен сезип турдум. Жолдо карай кайын энем мени аяп коргоп жаттыбы бирөөлөр сураса, мен кыргыз эмесмин татардын кызы болом деп коркпой тик карап жооп бер деп үйгө дейре үйрөтүп келди. Жанагы арабада жаткан өлгөн кызды Түптүн орустары алып келгенин кайнатамдан уктук. Бат эле биздин үйдүн короону ат-маты менен жыйырмадай казак-орус солдаттары ээлеп, биз баарыбыз бөт-чөт кичине үйлөргө чыгып бердик. Казак-орус солдаттары шаарга кыргыздын төрт түлүк малдарын эсеби жок айдап келип ар бир түтүн атасынан энчи бөлүп алып жаткансып короосу менен койлорду, үйүр-үйүр жылкыларды бөлүштүрүп короосуна айдап кийрип жатышты. Орустар кеч күзгө дейре ушунчалык шапар тээп жыргады белем, шаар кан-жин, бышкан эт буркурап жыттанып турду. Биздин короодогу казак-орус солдаттары эрте кетишет, кеч келет, кээде жарымы келет кээде бир топ күнгө жок болуп калышат. Солдаттар келген сайын куру кол келбейт, көзгө тааныш кыргыз куржундарын салынып, аттарга жүк жүктөп, кыргыздын асыл буюмдарын ташып келип жатышты. Биздин короого дагы жүздөй кой-козуну айдап келишти дагы атама,”мына сени бат эле бай кылып салдык, жакшы бак каалаганча жей бер”, деп бир чети буйрук берип жатты. Күндө кой-козу союшат, четинен шишкебек кылып, казанга салып күндө майрам, күндө мас. Бешимдеги чайды ичип үй-бүлө чогуу короодо үстөл үстүндө элек, күндөгүдөй эле казак-орус солдаттар жүк жүктөгөн аттарды жетелеп, кыргыз куржундарын салынып короого кирип түшүп калышты. Көпкөн солдат куржундан жаш келиндин чыканактан ылдый кылыч менен чаап келген эки колун алып чыгып, киши кирип чыккан тепкичке коюп балка менен койгулап эки колдо экиден төрт күмүш билерикти, манжа толгон шакектерди чыгарып алып, анан бизди көздөй ыргытып жиберди. Кайын атамдын жини келип, бул каапырлар катын-баланы аябайт, кудайдан дагы коркуп коюшпайт, деп өзүнчө сүйлөнүп отурду. Аңгыча болбой эле ошол солдат үйгө кирип бышкан чоң жилик этти колуна кармап жеп чыгып калды. Кайнатам ачуусу менен “Ай Иван, жок дегенде колуңду жууп жесең болбойбу”,- деди. Анда солдат: ”Кыргыздыкы кан - барандыкы кан” деп күлүп койду. Атам ордунан туруп айры менен эки колду сузуп барып тамдын түбүнө жашырып ошол жерге олтуруп куран окуп өзүнчө дуба кылып жүзүнө бата тартты. Ошентип күндөр өтө берди. Бат эле кыш келди. Короодогу кой-козуларды жеп атышып түгөндү. Биринчи калың кар жааганда солдаттар кетишти. Эрте жаз. Чөп кылтыйып чыгып калган мезгил эле. Кара нөшөр болуп күн тынбай жаап жаткан. Көчөнүн так ортосу менен эң арык ат минген үстүндө жүндөрү чубалган чепкен, башында кара көрпө тебетей кийген эң биринчи жолу кыргыз аксакал абышкасын көрдүм. Атамды көргөндөй сүйүнүп көчөгө чуркап үйгө алып кирсем деген ой келди. Ал аңгыча болбой эле маңдайыбыздагы жалгыз баласы өлгөн орус кошуна үйдөн айры тырмооч көтөргөн орустун кемпири, эки кызы чуркап, бири атты чылбырдан алып, бири атты куйруктан тартып койсо арык ат кыйрайып жыгылып калды. Абышканын тебетейи ыргып кетти. Үч катын башка-көзгө койгулап жүк сабагандай сабап, өлтүрүп коюшту. Атты короосуна жетелеп кийрип кетишти. Өмүрүмдө биринчи жолу өпкө-өпкөмө батпай эчкирип жаш баладай көпкө чейин ыйладым. Ушунун баарын мени менен көрүп турган кайненем: “кой балам ыйлаба” деп жашымды сүртүп сооротконго жарабады. Көрсө муну кийин түшүндүм. Ата-энеме, бир туугандарыма, эл-журтума болгон сагынычты, ичимдеги бук болгон күйүт арманымды ыйлап чыгарып жеңилденип алсын деген окшойт. Куураган аксакал кара нөшөрдө, жаанда шаарга эмнеге келди? Күн кечке тынбай жаады, өлүк дардайып түн киргенге дейре жатты.Эртең менен эрте туруп көчөнү карасам өлүк жок. Кийин күйөөмдөн уктум. Кайын атам эки орус балага акча төлөп берип түн ортосунда араба менен шаардын четине алып барып жашырып келишкен экен.

Кайнатамдан уктук орус падышасы тагын өткөрүп бериптир деп. Жакшы заман болот, Кытайга качкан кыргыз туугандар өз жерине кайтып келишет, бирок биздин үй-бүлөгө өтө кыйын заман алдыда, ошого дайым даяр болгула деп көзү ачыктай айта берчү. Жай эле. Кытайга качкан кыргыздар жалпы келе баштаптыр деп уктук. Ортодо канча убакыт өткөндү билбейм. Кайнатам бүт байлыгын дүкөнү менен чогуу алдырды. Ошонун күйүтүбү же кудайдан келген ажалбы, жаш, тың эле курагында ооруп төшөктө жатпай бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ошол убакта үч балалуу болуп калганбыз. Көп өтпөй короо-жай, үйдөн ажырадык. Күйөөм, кайненем чиедей үч-бала менен Тамга айлына туугандарды издеп, башпаанек кылып келдик. Ал жерден деле жыргаган турмуш болгон жок. Бир аз жыл тургандан кийин кайнатамдын эски таанышы Бекбоо авамды пааналап Саруу айылына көчтүк.

"Азаттык": Автордун жазуу стили сакталды

Ушул эскермени кагаз бетине түшүргөн Бекбоонун небереси Шыгаев Медеркул. 20.03.2016-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG