Линктер

Үркүндүн айтылбаган курмандыктары


С.Чуйковдун "Кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү" деп аталган сүрөтү

С.Чуйковдун "Кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү" деп аталган сүрөтү

1916-жылдын 4-июлу тарыхта Түркстан аймагында отурукташкан калкты аскер иштерине тартуу тууралуу орус падышасынын жарлыгына каршы улуттук боштондук күрөшү башталган күн катары калды. Бул күнү Хожент шаарында кыргыз, тажик, өзбек тектүү тургундар нааразылык жыйынын куруп, ал падыша аскерлеринин жыйылгандарга каршы ок атуусу менен аяктаган.

Изилдөөлөргө ылайык, жергиликтүү калктын 18 жаштан өткөн эркектерин аскерге тиешелүү оорук жумуштарына тартуу тууралуу 1916-жылы 25-июнунда чыккан жарлык Ташкентке 28-июнда келген. Хоженттеги жаңжал ошол жардыктын негизинде аскерге тизме түзүлө баштаганда чыккан. Бул тууралуу кошуна өлкөлөрдүн архивдеринде тарыхый документтер менен иштеп жаткан тарыхчы Кыяс Молдокасымов айтып берди:

- Тизмелөө башталгандан тарта жер-жерлерде нааразычылык акциялары уланат. Хожент шаарынын тегерегинде мурун деле кыргыздар жашачу, азыр деле кыргыздар жашайт. Алар шаарга топтолуп, "биз балдарыбызды падышанын оорук жумуштарына жөнөтпөйбүз" деп чыгышат.

Тарыхчынын айтымында, ошол күнү нааразы тарап бийлик өкүлдөрүнөн аскерге жөнөтүлчүлөр катталган тизмени тартып алып, ортодо кагылышуу чыгып кетет:

- “Түзүлгөн тизмени бизге бергиле”, - деп уезддин башчысына, полицияга барып талап коюшат. 4-июлда ошол жерде кагылышуу болуп, нааразычылыкка чыккан элге ок атылат. Тизмени алып койгон топтун бир нечеси жарадар болуп, үч-төрт киши каза болот. Ал күнү көтөрүлүш басылып, акырындап мындай нааразычылык акциялары бүтүндөй Фергана өрөөнүндө улана баштайт. Андыктан 4-июлду Түркстан чөлкөмүндөгү улуттук-боштондук кыймылынын башталышы деп койсок болот.

Үркүн

Үркүн

Анткен менен Фергана өрөөнүндө орус падышачылыгына каршы өткөн нааразычылык акциялары куралдуу көтөрүлүшкө айланган эмес. Молдокасымовдун пикиринде, ага биринчиден, жергиликтүү элдин 1898-жылы болгон Анжиян көтөрүлүшүндө чоң жоготууга учурап, кандуу кагылыштан жалкып калганы, экинчиден, бул аймакка Орусиядан славян калктарынын өкүлдөрү көп көчүп келбегени себеп болгон.

Ташмамбет Кененсариев 1916-жылдагы тарыхый окуялардын кошуна калктарга тийгизген таасири тууралуу илимий-жыйындарды уюштуруп, ага катышып жүргөн тарыхчылардын бири. Адис төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Биз 16-жылкы көтөрүлүштү Хожентте башталган деп 17-апрелде атайын конференция уюштурдук. Ага Тажикстандан келип эки профессор катышты. Тажиктер тарыхый чындыкты эч кандай проблемасы жок элек кабыл алышып жатат. Өзбекстанда бул тема жабык экен. Каримов 1916-жылды белгилөөгө тыюу салып коюптур. Тажиктер деле расмий белгилебейт. Бирок алар бул окуя тууралуу коркпой эле айта беришет. Биз уюштурган жыйындарга өзбек туугандардан эч ким келбей жатат.

Кененсариев 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы тууралуу жакында эле Казакстандын Астана шаарында тиешелүү өлкөлөрдүн окумуштуулары катышкан атайын илимий-конференция өткөнүн, кийинки жыйын Алматы шаарында уланарын кошумчалады.

Көп жылдардан бери 1916-жылдагы кандуу окуяны изилдеп, бул темада эки тарыхый чыгарма жазган Бактыбек Максүтов болсо Үркүн темасы жеке эле кыргыз, казактын эмес, андан башка да көптөгөн улуттардын кайгысы болгонун, бирок учурда саясый себептерден улам ал улуттар бул тууралуу ачык айталбай жатканын кеп кылды:

- Бул көтөрүлүш Орусиянын өзүндө башталган. Астрахан губерниясындагы калмактар, Кавказдагы, Сибирдеги майда улуттардан башталып отуруп анан бизге жеткен. Чындыгында Үркүнгө көптөгөн эл катышат. Айрымдар “Кыргыздар акылы жогунан катышып алды, эл бекер кырылды”, - деп жүрүшпөйбү. Андай эмес. Бул тарыхый кырдаалга ондогон улуттун өкүлдөрү, миллиондон ашык эл катышкан.

Максүтов Кыргызстандын түндүгүндө улуттук-боштондук күрөшү 8-августта башталганын белгиледи.

Быйыл Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG