Линктер

Үркүн эскерүүлөрү: Иванга жаккан Илипов


Мээркан Токсобаева Илип уулу Абдрахмандын сүрөтүн кармап отурат.

Мээркан Токсобаева Илип уулу Абдрахмандын сүрөтүн кармап отурат.

Элеттик журналист, Тоң райондук гезиттин баш редактору Мээркан Токсобаева 1916-жылкы көтөрүлүштө падышалык аскердин жазасынан аман калган кайнатасы Илип уулу Абдрахманды эскерет.

Мээркан Токсобаева: Санжырада кайнатамдын ысымы баатыр катары айтылат. Кезинде казактарга тартууга кеткен Сагаалынын жээрде жоргосун кайтарып келген экен. Мен билгенден а киши башка карыяларга окшобогон орус мүнөз адам эле. Кыргыздын карыялары балык жебейт го. Атам балыктын ачакей сөөгүнөн башкасынын баарын жечү. Келиндерин “жүгүнбөгүлө, орустар төрөсүнө баш урса эле, кыргыздар ошону туурап алыптыр” деп тыйчу. Көрсө анын сыры бар экен.

“Азаттык”: Ал кандай сыр?

Мээркан Токсобаева: Атам көтөрүлүш маалында 23 жашта болгон. Ал - үркпөй калган тоңдуктардын бири. Бирок падышалык аскерлердин кыргынын өз көзү менен көргөн. Ошол кыргынды көп эстеп, бейажал өлүмгө кеткендерге абдан кейичү, өкүнчү. Баштаганда эле “Түркөй эл экенбиз. Орустун көп экенин ойлобоптур. Ошончо оруска таяк менен теңдеше албасты ойлобой, ошол жерге келген беш-алты орустун оозун бассак эле болду дешкен го” деп калчу. Атамдын айтымында, орус-кыргыз кармашы башталганда айылда отурукташкан бир орустун үч жашар кызын айрыга сайып, кашаага илип коюптур. Анан өчөшкөн орустар жапырт өлтүрүп киришиптир. “Бир он чактыбызды тизип, четинен штыгы менен сайып, кундагы менен жаткыра чаап эле келатат. Жерге кулап, коркурап, үзүлө албай жаткандарды көрүп денем өлүп эле калды” дечү атам. Ошол жазалоодо атам катардын аягына туруп калыптыр. Бою да кичинекей. Ага жазалоо кезеги жеткенде эле буйрук берип аткан балжайган чоң атчан орус бирдеме деп токтотуп коюптур.

“Азаттык”: Эмнеге?

"Бир жолу бир туурдуктун астынан бир үй-бүлөнүн өлүгүн көргөм. Көп өлүктөрдү көмдүк” дечү атам. Сыягы Сары-Жаз тарапка барышчу окшойт.

Мээркан Токсобаева: Кичинекейлиги себеп болгон го. Маңдайына ажал жазылган эмес да. Анан колун кыл чылбыр менен байлап, бир учун атчан аскердин ээрине илип топ аскер менен Кызыл-Сууну көздөй алып жөнөшөт. “Жан айласы кыйын экен, жыгылсам сүйрөндү болуп өлөмбү деп чуркап жүрүп отурдум” деди эле жарыктык. Кийин болжосок, ушу ат менен жарышып жыйырма чакырымдай чуркаптыр. Ошол таскагынан улам чыйрак экен деп, тыңдыгы жаккан окшойт, Кош-Кара-Көл деген жерге келгенде атамды атка учкаштырып алышыптыр. Көрсө, баягы орус аскерлерин баштаган бакжайган орус төрө Жети-Өгүздүн Кызыл-Суусунда отурукташкан орус экен. Анан ал атамды ат баккыч кылып алыптыр.

“Азаттык”: Ал көтөрүлүш маалында аскер кызматчысы эмес турбайбы анда?

Мээркан Токсобаева: Жок. Ал мурдараак келип отурукташкан помещиктерден окшойт. Анан кандайча барып, Тоңдо жанагинтип падышалык орустар менен кыргыздардын кыргынына катышып калганын сурап албаптырмын. Бирок атам “Жакшы адам экен, мага окшогон беш-алтоону атка мингизип алып, ашууга чейин кыдыртып, үркүндө өлгөн-житкендерди таап, эски мүрзөлөрдү ачып көмдүрчү. Бир жолу бир туурдуктун астынан бир үй-бүлөнүн сөөгүн көргөм. Көп өлүктөрдү көмдүк” дечү атам. Сыягы Сары-Жаз тарапка барышчу окшойт.

“Азаттык”: Ал орус төрө, балким, үрккөн кыргыздардын эмес, алардын артынан түшкөн падыша аскерлеринин дайын-дарегин издеп деле чыккандыр...

Мээркан Токсобаева: Мүмкүн. Бирок атам аны айтчу эмес. Мен да жаштык кылып, айткандарына учурунда анча маани берген эмес экемин. Бирок ал орус төрө атамдын үй-бүлөсүн Үркүндөн алып калып, ачарчылыкта эгин, картөшкө берип багыптыр. Кийин атам Тоңдогу эл-журтуна көчүп кеткенден кийин деле согуш жылдарында, андан кийин дагы жаз, күз барып туугандарына эгин алып келчү экен андан. Атын Иван деп койчу. Фамилиясын билбейт экен. Иван дегенде ичкен ашын жерге койчу. Үйдө өйдө-ылдый болуп калса деле Иваныма кетем деп коркута баштачу. Кийин атам күйөөмдү "Ивандын кабарын билип кел" деп жиберсе, каза болуп, сөөгү Кызыл-Сууга коюлган дешиптир. Балдары деле ошол жерди жердеп, бир баласы тегирменчи экен.

“Азаттык”: Бу киши кайсы куракка чейин жашады ошондо?

Үркүндө эл сууга кое берилген койду баштаган эркечтей эле жамырап кетти деп кейий турган. Тарыхты бурмалай албайбыз да. Эл эркиндикти көксөбөсө чыгат беле?

Мээркан Токсобаева: 80 жашында 1973-жылы кайтыш болду.

“Азаттык”: Ошол Үркүн маалындагы эл-журттун ахыбалы, тиричилиги, салт-санаасы тууралуу айтчу беле?

Мээркан Токсобаева: Жалкообуз дечү. Ошо кезде деле аракет кылгандар турмушун бат эле оңдоп кетишкен. Жашоонун көзүн таба албагандар каржалды, өлгөнү өлүп кетти деп калчу. Өзү Үркүндү көрбөсө да, барып келгендердин айткандарынан улам, ал жакта деле колунда барлар кор болбой жашап, ач-жылаңач калгандар, бир чыны талканга баласын саткандар жарды-жалчылар болгон экен деп боолгоп калчу.

“Азаттык”: Атаңыздан үркпөй койсо эл аман калат эле деген өкүнүч уккан жоксузбу?

Мээркан Токсобаева: Ошону уга албадым. Бирок, Үркүндө эл сууга кое берилген койду баштаган эркечтей эле жамырап кетти деп кейий турган. Тарыхты бурмалай албайбыз да. Эл эркиндикти көксөбөсө чыгат беле? Жанагы падыша аскерлери элди тирүүлөй жарга кулаткан Кош-Кара-Көл, тобу менен кырган “Кырк шейит” баяндары бекер чыккан жок да. Мына минтип ооздон оозго көчкөн баяндардын бардыгы жомок эмес. Бул - тарых.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG