Линктер

Үркүн: Касымаалы ажынын эрдиги жана арманы


Быйыл Кыргызстанда 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөттө: кыргыз аңчы.

Быйыл Кыргызстанда 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөттө: кыргыз аңчы.

Касымаалы ажы Мамбет уулу (1860-1916) Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири жана чоң манап болгон. Ал тууралуу жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин баянын сунуш кылабыз.

Ныязбектин «сегиз беги» аталган уулдарынын ичиндеги Шатендин тукумунан чыккан эл башкарган манап. Ал Нарындагы 4 болуш элге таасирдүү инсан болуп, ошол аймактагы калк арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө көп күч-аракет жумшаган. Ажы 5000 сомго мечит-медресе салдырып, окутуучу молдолорго балдарды окуттурган. 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөштө нарындык кыргыздардын жетекчилеринин бири болгон. Орус жазалоочу аскерлери Көгарт ашуусу аркылуу келишип Тогуз-Тородогу кыргыздарды басканда, Касымаалы эли менен Кашкарга качкан. Бирок, орус өкмөтү көтөрүлүшчү кыргыздарга “кечирим берди” деген алдоого ишенип, атбашылык манап Казы Чоко уулунун чакыруусу менен өз жерине кайтып келгенде, жергиликтүү орус бийлигинин өкүлдөрү аны көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири катары дарга асып өлтүрүшкөн.

Касымаалы ажынын акыркы күндөрү

Кашкар, Анжиян, Биш­кек тараптардан Ички Тянь-Шан­дын өрөөндөрүн аралай каттоочу тоо жолдорунун тоому дарыя жээгиндеги кууш тилкеге орношкон үркөрдөй чакан калааны жазалоочу казак орустардын басканына эки айдан ашты. Жазалоодон абыгер чеккен жалпак боз тамдуу чакан калаа түнү бою жаап, таңга жуук кыламыктап басылган кеч күздүн нөшөрүнөн кийин ого бетер жүдөңкү. Топурак морлордун түтүнү шамалга айдала көзгө илээшпей, калаа үстү томсорот. Калааны тең бөлгөн ортоңку көчөдө баткак кече жалгыз аттуу суу ташыгыч араба илкийт.

Таңкы намаздан кийинки субакатта отуруп көчө башындагы мечиттен чыккандар эмнегедир кооптонгондой эки жактарын карана бириндеп тароодо. Мечиттен аркы бир кабат узата имараттардагы Абдымомун аксакалдын, Шүкүрбек байдын дүкөндөрүнө кирип чыккандар көрүнбөйт. Аларга теке маңдай ашкананын сереси жабык. Баткактан чолоолой ылдыйтан басып келаткан үч кишинин алдындагы боз таар чепкенин камтый курчана, калпагын баса кийген чокчо сакал сыйда мурут кара сур киши камчысын сүйрөй дүкөнгө кай­рыларда, артындагы кара трайке чепкенин бүчүлөнө кийген кара саксак тебетейчен көк ала сакал, сары чийкил салабаттуу карыя:

- Жан кулактын учунда турганда буйдалбайлычы! Жолдор тосулуп жатат дешпедиби?! Эртерээк көмүскөлөй шаардан чыгып кетели, - деп дүкөн бурчунан дарыя жакка өткөн тик көчөгө бурулуп, жээктен бери кырданып турган айгыр жал алдындагы боз тамдарга бет алды.

Жалгыз аттуу суу ташыгыч араба баткак кече илкий дарбазалар алдына токтоодо. Андан суу алып кайра келгендерден бөлөк көчөдө жан көрүнбөйт.

Үрккөн кыргыздарды тоо ташка камап тыптыйпыл кыруу жөнүндөгү Жети-Суу аскерлеринин командачысы генерал Фольбаумдун ырайымсыз буйругун аткарган казак орус жүздүктөрүнүн Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор өрөөндөрүндө айылдарды өрттөп, бейкүнөө элди эмчектеги балдарына чейин кылычтаган жырткыч кыргыны калайыкты мүңкүрөтүп турат.

Жети-Суу казак орустарынын үчүнчү полкунун есаул Булычевдин жүздүгү Он-Арча (Тынымсейит), Ажы, Субан, Шатен, Моңолдор, Шаркыратма, Черик айылдарын түрө, кокту-колоттордо, Кытайга өтүүчү Үзөңгү-Кууш, Бедел ашууларына кетүүчү жолдорду тосо ок жаадырып, эл башына кылыч ойнотуп жүрөт.

Оренбург казак орустарынын полковник Бобров жетектеген алтынчы полку Намангандан Көгарт аша келип, Атайкеде көтөрүлгөн Тогуз-Торо кыргыздарын канга батырган кыргындан кийин, Ой-Кайың, Каргалык, Ак-Бел аша Нарындын түштүк жээгине, Дөдөмөл, Кара-Гөө аркылуу түндүк жээгине оогон.

Есаул Кохановскийдин жүздүгү Молдо ашуусу менен Соң-Көлдү жээктеп, Чаар-Арча, Килемче аркылуу Жумгал, Коч­кор өрөөндөрүндө көтөрүлүп, Канат Ыбыке уулун кан көтөргөн айылдарды жазалоого өткөн.

Есаул Скоболевскийдин жүздүгү Ала-Буга, Туткуй, Те­рек-Чат, Актал-Чат өрөөндөрүн канакараптап, Суук капчыгай өрдөй Орто-Сырт Чалк-Өйдө, Ат-Башы өрөөндөрүнө өтүп Таш-Рават, Торугарт ашууларына бет алган кыргыздарды кырып жү­рөт­­.

Генерал Фольбаумдун буйругу менен жазалоочулардын жалпы жетекчилиги полковник Бобровго жүктөлгөн. Убактылуу штаб Нарын гарнизонунда турат.

Гарнизон калаанын боз тамдарынан обочороок, дарыя жээгиндеги кашаттан бери карагайдан кыналып, Сибирь ыкмасы менен салынган орус чиркөөсүнө жанаша жайланышкан казарма имараттарында. Падыша акими - участка начальнигинин кеңсеси да аларга тутумдаш. Бул чөлкөм бийик дарбазалуу дубал менен курчалып, калаанын жупуну турпатына коошпой, өгөй жана сүрдүү турат. Казарма алдындагы аянтка орнотулган дарганын кендир сыйыртмактары кимдердин мойнуна илинерин күткөндөй шамал­га термеле көргөндөрдүн үшүн алууда.

Күн көтөрүлө бийик дарбаза ачылып, үчтөн сапка турган куралдуу атчан орус солдаттары үч топко бөлүнө: бири Нарын көпүрөсүн карай өйдө, экинчиси калаадан бир аз обочо түштүк-чыгыш тоо этегиндеги карагай тамдуу ооруканадан берки бош аянтты кыйгач кесе, Орусия ажайыпканаларынын ортончусу көпөс Музивийдин (Неживойдун) имараттары менен турак үйүнүн ортосундагы кыска көчөгө сала Шаркыратма жактан келүүчү Ат-Башы жолуна, үчүнчүсү ортоңку көчө менен Ак-Кыя оюн көздөй текирең-таскак менен жөнөштү.

Жазалоочулардын баткактуу даңкан учурган дүбүртү калаанын кооптуу тиричилигин селейте түштү. Бирин-серин көчөгө баш баккандар кыргый көргөн таранчыдай жакын эшиктерге жылт кирип жок болууда.

Оң жактагы чон дарбаза алдындагы жалгыз аттуу арабадан суу алып турган аял чакасын таштай кире качты. Малакайын баса кийип, шырымал күрмөсүн белинен курчанган суучу чакасын колуна кармаган бойдон солдаттардын артына ка­рай араба үстүндө селейип ту­­­рат­­.

Казак орустардын баткактуу дүбүртү элдин үшүн алуу үчүн бүгүн көрсөтүлүүчү көз көрүнө жан алуунун дүбүртү; кыргындан баш калкалоо үчүн тогуз жүз түтүн эли менен Кытайга качып кармалган айтылуу Касымаалы ажыны болуш уулу Орунаалы жана жигиттери менен даргага асуунун коопсуз болушу үчүн көрүлгөн кошумча чара болучу. Таң заарынан чыккан казак орус солдаттары Нарын көпүрөсүнүн кулагында, Шаркыратмада, Теке-Секирикте, Ак-Кыя оюнда бирин-се­рин шаарга келаткан кыргыздар­ды аттарынан түшүрүп, камчыларын, кындуу курларын, бычак кестиктерин алып, жол боюна отургузуп кайтарып турушат. Касымаалы ажыны даргага асуу убактысы жеткенде аларды ка­зарма аянтына жөө айдап келип, укмуштуу өлүм жазасын көрсөтүүгө тапшырма берилген эле.

Казак орустардын коркунучтуу дүбүртү басыла көчө ичи бир аз тынчый түштү. Бир тынымдан кийин участка начальниги Хохалевдин кеңсеси жактан эки атчан суурула чыгышты. Баштарында кызыл чок тагылган көрпө тебетей, кемселдеринин сыртынан курчанган курларында кын­дуу кылыч саландайт.

Уккула, баарыңар уккула! Кадимки Касымаалы ажы, болуш уулу Орунаалы жигиттери менен казарма алдында даргага асылат. Келгиле, келгиле казарма алдына, Кекилүп (Хохалев) таксыр өзү чакырат. Укмуш кызыкты көрөсүңөр. Чиркөө алдына келгиле! Кекилүп таксыр өзү буйруду, келгиле! - деп жарыша кыйкырып келатышат. Желдире бастырып ортоңку көчө менен тоо тараптан келген тик көчөнүн кесилишине жеткенде, бири оңго бурулуп дарыя жакка, экинчиси түз ылдый жөнөштү.

- Уккула, уккула, баарыңар уккула! Кекилүп таксыр өзү буйруду! Кытайга качып кармалган айтылуу Касымаалы ажы даргага асылат. Чиркөө алдына кел­гиле! Ата-бабаңар көрө элек кызыкты көрөсүңөр. Келгиле, кел­гиле! - деп үндөрүнүн болушунча кыйкырып, шөл­­­­пүл­­дөтө желдиришет.

Казак орустарынын дүбүртүнөн кийин бир аз калыптана түшкөн калаанын ыкшоо ти­ричилигин кызыл чоктордун кыйкырыгы дүрбөттү. Тирилик жагдайында көчөгө чыккандардын кээ бирөөлөрү үйлөрүнө кире качышса, кээ бирлери жанындагылардан эмне болгонун түкшүмөлдөөдө.

Шүкүрбек, Абдымомун дүкөндөрүнүн кардарсыз эригип отурган сатуучулары кыйкырыктан улам чыгышса керек. Дүкөндүн сырдалган көк каалгасы алдында чаар ала топучан үч-төрт жигитке сакал муруту сыйда серпилген улгайыңкы уйгур колун төмөн жакка жаңсап, бирдемелерди түшүндүргөнсүп турат. Суу ташыган жалгыз аттуу араба баткак кече илкий ылдыйлап баратат. Кыйкырыкты уга артын караган суучу арабакеч элейип оң тарапка ыктай кызыл чокко жол бошото илээлейт.

Көчөнүн орто жери, оң ыптада көпөс Мендуруптун (Бондаревдин) жерпайы бийик чатырчасы тунукеленген карагай үйү. Эшик алдындагы тепкичгүү сересинде кара фрактын үстүнө кундуз жакалуу халатын желбегей жамына, чегерме кундуз тебетейин (гоголь) кырданта кийген, жээрде сакалы кылдат серпилип, муруту чыйралган, сары чийкил эткээл орус канжасын маашырлана соруп, жанындагы орус төбөлдөрү менен күлө бага маектешип турат. Ara катар почта кеңсесинин алдында чүмбөттөлгөн эки аттуу арабага жүк салып жаткан эки орус жигит, аларды тескеп турган бакжагай сакал орус кыйкырып ке­латкан атчан кыргызды таң кала карап турушат.

Келгиле, келгиле! Чиркөө алдына келгиле. Айтылуу Касы­маалы ажы, уулу жана жигитте­ри менен даргага асылат. Ке­килүп таксыр өзү чакырат. Ук­муштуу кызыкты көрөсүңөр, кел­гиле чиркөө алдына! - деп кыйкыра желдирген кызыл чок көчө аягына чыга жаздап калды. Кызыл чокко оро-пара көчө аягындагы мал базар жактан ке­латкан үч-төрт киши жакаларын кармана токтой калышты. Араларындагы ак сакалы жайкала, муруту сыпаа серпилген, күрөң нооту чепкен, түлкү тебетейчен карыя жакасын карманган тейде:

Оо Жараткан! Кыргызды эмне алаамат каптады!? Өзүң сактай көр! Кайран киши бейажал кетет экен да. Касымаалы ажыны Тойундан кармап келди деди эле. Кайран киши, кайран киши! - деп тунжурай түштү.

Такыба да, катаал да, дөөлөттүү да киши деп укчу элек. Ооматы кеткен экен да. Оомал-төкмөл дүнүйө, - деп күрсүндү жапалдаш бойлуу, боз таар чепкенчен, ак калпак жээрде сакал, чекир көз сары киши сакалын сылай.

Атаң көрү, жинди неме го. Киши өлтүргөндүн эмнеси кызык. Эмнесин көрөт элек!? Жүргүлө айылга кетип калалы, - деп аксакалга суроолуу карады, көрпө малакайчан, кемселчен боз тонун кынай курчанган, олбурлуу сары чийкил жигит. Акса­кал кайра бурула жолдошторун баштай дарыя жээгин карай жөнөштү.

Кыйкыра, кыйкыра көчө аягы­на чыккан кызыл чок солго бурулуп тоо жакка карай жөнөдү. Кыясы тоо этектеген узата көчөнү кыдыра башына чыгып казармага кайрылчудай түрү бар. Суу жээгинен берки узата көчөдө жар салып жүргөн кызыл чок тик көчө менен өйдө бурула ортоңку көчөгө чыга келди.

Чиркөө алдына келгиле! Кызыкты көрөсүңөр! Кекилүп төрө өзү чакырат! - деген кыйкырыгы анчалык натыйжа бербегенинен улам басыгын жайлата ар кайсы дарбазаларга токтоп камчысы менен тыкылдатып, бирөөлөрдүн чыгып жөнөөсүн күтүп туруп анан жолун улоого өттү. Кызыл чоктордун айдаганынан улам көчөлөрдө ыргылжың боло өйдө бараткандар көрүнө баштады.

Түшкө чукул көпүрө кулагынан, Теке-Секирик, Шаркы­ратма, Ак-Кыя жактардан атта­рынан түшүрүлүп тинтилген кыргыздар солдаттардын айдагында топ-тобу менен баткак кече чиркөө короосуна киргизилип, андан ары казарма аянтына өткөрүлүп турду. Келгендер даргадан обочо аркан керилген тосмонун ары жагына жыйналууда. Түш оой дарга жанындагы аянтка жүз элүү, эки жүз чамасында кыргыздар чогулду.

Эки тирөөчке ашталып, беш сыйыртмак илинген дарганын төрт бурчуна жыйырма метрлик аралыкта мамычалар орнотулуп, кендир аркандар керилген. Керменин сыртында, ар бир беш кадамда бирден солдат найзалуу мылтыктарын окчо кармап какайышат. Дарганын эки жагында эки офицер жалаң кылычтарын ийнине жөлөй, аттарын ыргыштата кекейишет. Казарма дубалы сыртынан ар бир жый­ырма метрде бирден атчан ка­зак орустун көзөмөлүндө турат.

Чогулган элдин көңүлү шамалга жай термелген дарганын сыйыртмактарына арбалууда. Сыйыртмакка муунтуп өлтүрүүнүн туңгуюк азабын боолголой ар кимдин жан туюму ичиркене титирейт. Дарганын ар бир сыйыртмагынын алдына жарым кезден таарылган дөңгөчтөр турат. Кеч күздүн сыдырым коштогон нымдуу кара суугу өпкөдөн өтө, баткак кечип аргасыз түйшөлүп турган эл коркунучтуу сыйыртмактар ким­дердин мойнуна илинерин зааркана күтүп турат. Мындан үч күн илгери угузулган сотсуз өкүмгө ылайык күнөөсүз кыргыздардын жаны азыр көз көрүнө алынмакчы. Аларды жан алгыч үч күн­­­­­­­дөн бери күтүп ту­рат... '

Үч күн илгери

Аскер гарнизонунун камак жайы. Чакан бөлмөнүн ичи темир торлуу кичине терезеден түшкөн кунарсыз шооладан күңүрттөнүп ту­рат. Бөлмөнүн кереге дубалдарына орнотулган тактай середе алты киши. Төр жагында Ниязбек сегизиндеги мыктылардын бири айтылуу Касымаалы ажы, ага катар үзөнгү жолдошу Чоткара бий, Ажынын болуш уулу Орунаалы, болушка кандидат [1] уулу Акимаалы, «нээти казат» деп орус өлтүргөн бир тууган жигиттер Момунаалы, Бопунаалылар отурушат. Баарынын көңүлү теспе тарта жай сүйлөп отурган Касымаалы ажыга бурулган. Жазы маңдай субагай кызылдуу жүзүнө төш жаба куюлган кара сакалы, серпилген сыйда муру­ту төп келген, бийик кабак ал­дындагы оттуу курч көзүнөн эл жүгүн аркалаган өмүр өтөлгөсүнө тете кайрат, Кудайга болгон чексиз ишенимге уюган кебелбес сабырдуулук байкалат. Башында тепчий шырылган төбөсү учтуу ак топу, тик жака ак кемселинин жакалары тегиз бүчүлөнгөн. Кемселге өңдөш шымынын багалектери хром маасынын кончуна кийирилген, мандаш уруна отуруп ангеме улантууда. Кырктын ичинде эле ажыга барып, тобого таянган Касымаалы күч-кубатын, акыл кайратын беш күндүк өмүрдү адал жашап, Кудай ал­дына ыйман күтүп барууга үрөп турган учуру эле. Азыр элүү төрткө караган кези.

Тай­­манбаган курч мүнөзү, эргиген өктөм кыялы, акыл калчаган калыстыгына, ша­ри­ят­­ жо­лун ыйык туткан агартуучулугуна айкалышкан Касымаалы ажы арканын аяр ма­­нап­­тарынын ичинен айырмаланып турар эле. Даңазалуу күлүк кара аты Базаркул бай­дын­ ашында топ жарып алган байгеси бир пуд күмүш жамбыны соогат деп элге тара­тып­, өзүнө бир гана жамбы алган жоомарттыгы, эмгекчил сарамжалдуулугу, түтүн ээлерине, кембагалдарга жардам берген кайрымдуулугу, чукугандай сөз тапкан чечендиги, күйдүргү курч мыскылдары, кылмыш жасагандарды катаал жана аеосуз жазалаганы эл ичине аңыздалып таралып калган.

Маңдай терин төгүп тың оокат өткөргөндөрдү таасын колдогону, бей-бечараларга үзүлө түшүп камкордук көргөнү, Нарын өрөөнүндө биринчи болуп чыгыш архитектура үлгүсүндө медересе куруп балдар окуткан агартуучулугу, ууру, кескилерди, нике арамдаган ойношчулдарды эл алдында көрүнө аёосуз жазалап, маскаралаганы, сөз баркын билбей жүйөөсүз сүйлөгөн бекер ооздорду ачуу мыскылдап соттогону, элдин бир даарын чочулатса, көпчүлүк анын эл башкаруусунун тарбиялык маанисине таң берип, кадыр-бар­кы­­ кө­төрүлүп турар эле.

Касымаалы Кара-Булуңдагы медересесинде тегине карабай балдарды окутууну колго алган. Казандагы Галия Бану жогорку медресесин бүткөн уулу Айдараалы, Молдо Ажы Агыбай молдо, билимдүү аалым Тайыр Карылар медреседе дарс окушкандыктан өз убагында бул окуу жайынын билим берүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла жогору болгон. Кийин бирин­чи мугалимдерден болуп кадыр-барк күткөн Абдылда молдо Аралбаев, Эшбай молдо Токсобаев, Сарба молдо Осмоналиевдер билимди Касымаалы ажынын медресесинен алыш­­кан.

Кыз-Мазардан ылдый Кара-Жардын алдына тырмалап эгин эгип тың оокат өткөрүп турган дыйкан Андашты колдоп, короосуна байлардан чогултуп кой салып бе­рет. Жардам көргөн Андаш ноо ку­руп, Отуз Адырдын үстүнө суу чыгарып, дыйканчылыгын арбытып журтка пайдасын тийгизип турат. Байлык күтүп, ажыга барган элге кайрымдуу, кадырлуу адам.

Падыша өкмөтүнүн кыргыздарды жеринен сүрүп чыгарууну көздөгөн адилетсиз чараларынан улам эл ичи дүүлүгө баштагандан бери Касымаалы ажы Шабдан баатырдын уулдары Мөкүш, Исамүдүндөр менен өз ара кабарлашып коңшу Казакстандагы, Чүй өрөө­нүн­­­дөгү жагдайларды иликтеп турар эле.

Чөп чабыш башталардан бир аз мурда кудасы Шабдан уулу Исамүдүндүн жигити Бугубай жашыруун келип, Олуя Ата, Алматы, Жаркен, Капал, Лепси казактары, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары орус-герман согушуна уулдарын жибербей көтөрүлүүгө даяр­да­нып­ жатышканын кабарлап, Нарын, Ат-Башыдагы жагдайдан маалымат алып кеткен эле. Жалпы элдин ишин колдоого ниеттенген Касыма­алы ажы элин ар кандай абалга даяр болууга камындырып, болушунча жарактандырып күтүп тур­ган.

Чүй жактан көтөрулүштүн оңу­нан чыкпай, падыша өкмөтү элди аёосуз кырууга өттү деген кабар келгенде, айыл жигиттери Момунаалы, Бопунаалылар өч алабыз деп Нарындан почта менен келе жаткан эки орусту өлтүрүшөт. Бул жоболондуу кабар угулгандан кийин элди бөөдө кыргынга учуратпайлы деп Касымаалы ажы тогуз жүз түтүн жамаатын чогуу көчүрүп Кытайга аман өтүп кетет. Эл Тоюнга жайланышып, эл жайын түшүнгөн сөз билги иниси Шераалы Ажы Кытай улуктары менен сүйлөшүп баш калкалоо сурап Кашкарда жургөн кезде, Нарын участка аки­ми Хохалев ажынын үч ата өткөн тууганы Ниязбек сегизинин Ат-Башыдагы мыктысы Казы болуш аркалу Черик Мааке ажы баш­та­­­ган аттуу, баштуу эл кишилерин жиберип "Касымаалы кайра эли менен келсин. Падышага өткөн кызматы бар. Эч ким мышыгын мыш дебейт" деп алдап чакыртат.

Ажал­дан­­ качып кутулууга болбойт деген терең ишенимдеги ажы эли менен кайра көчүп Торугартты ашып түшкөндө, тозуп турган казак орустар элди канакарап кылып, өзүн, бо­луш­ уулу Орунаалыны, болушка кандидит уулу Акимаалыны, кенешчи жи­гити Чоткараны жана орус өлтүргөн эки жигитти туткундап келип камаганына бир ай толо жаздап калды.

Ажал жетсе арга жок

«Беш күндүк» жашоонун ыракатын да, машакатын да таразалай билген Касымаалы ажы белгисиз кооптуу тагдыр күтүп турган күнү да сабырлуу, кайратынан жанбайт.

Биз эмес Азирети Мухамед Алей Салам дагы каапырлардан кордук көргөн. Каапырлар өлтүрмөкчү болгондо Алла Таала өзү сактап, Мединага көчкөн эмеспи. Ажал жетсе арга жок. Кудай ыйманыбызды жолдош кылсын. Өлүм - эч ким баш тарта албас парс. Ошентсе да тирүүлүктөн үмүт үзбөй Кудай Тааладан жакшылык тилейли, - деп сөзүн аяктай, өлүм менен өмүрдүн чегинде абыгер чегип турган жаш уулдарына аянычтуу көз чаптырды.

Касыке, биз эч кимге залал келтирбей жан аргасы үчүн үрктүк да. Анын үстүнө сиздин ак падышага өтөп келген адал кызматыңыз, калк ичиндеги кадыр баркыңыз эске алынса бошоп кетербиз дейм, - деп ажыга үмүт менен карады Чоткара бий.

Баардыгы Кудаанын колунда. Тагдырга жазылганын көрөбүз, - деп ажы ичинен келме келтирип теспе тартуусун улантты.

Аңгыча эшик шарт ачылып, эңгезердей узун бойлуу, кең далылуу, погондуу күрмөсүн ийнинен арчындаган жез тоголуу курга маузер илинүү, кызыл жээктүү фуражкасын алчыланта кийген эсаул Булычев татар тилмечтин коштоосунда кирип келди. Аларды коштоп жургөн прапорщиктин "Тургула" деген кыйкырыгы отургандарды селейте ордунан көтөрдү.

Эсаул папкесинен бир барак алып, үнүн жасай каадалана төмөнкүлөрдү окуду: -«Именем Его Императорского Величества, на основании статьи 1308 Военного Судебного Устава, согласно приказа Военного Ведом­ства 1914 года И 464, Особый отряд­ный суд, ведомый начальником от­ряда Его Превосходительства пол­ковником Бобровым за организацию вооруженного мятежа против Его Императорского Величества и убий­ства двух русских людей приговорил к смертной казни через повешение: Касымаалы Мамбетова, Орунаалы Касымалиева, Чоткара Барманова, Момунаалы Жетигенова, Бопунаалы Жетигенова. Приговор обжалованию не подлежит. Исполняется на третий день после оглашения. 14 октября 1916 года, город Нарын.

Тилмеч кыскача төмөнкүлөрдү которду:

Улуу урматтуу Императорго кыянат кылып, көтөрүлүш чыгарганы, орус адамдарын өлтүргөнү үчүн таксыр Бобров жетектеген аскер соту Касымаалы Мамбетовду, Орунаалы Касымалиевди, Чоткара Бармановду, Момунаалы, Бопунаалы Жетигеновдорду даргага асуу менен өлүм жазасына буйруду. Өкүм акыркы. Даттанууга жатпайт. Угузулгандан кийин үчүнчү күнү ишке ашырылат, - деп үнүн салмактуу чыгара которду. Алгач тула бою дүрт эте түшкөн ажы келме келтирип сабыр кыла төрөгө тике карап: - Сураксыз да өкүм болобу? Өкүм адилетсиз. Ошондой болсо да Кудай менин тилегенимди берген экен. Үч күн мурда өлүмдөн кабар келсе деп тилөөчү элем. Эр ортонун аштым, мунабу жаштарга убал. Ыгы келсе мени өлтүрүп, калгандарды бошоткула, - деди.

Тилмеч кайра которду эле, эсаул башын чайкап:

Өкүм акыркы. Даттанууга жатпайт, - деп шарт бурулуп чыга жөнөдү. Кандары ичине тарта өңдөрү кубарып, бүткөн бойлорун майда калтырак баса, деңдароо болуп турган тагдырлаштарына кайрып:

Кайрат кылалы, каапырлардан ырайым болобу. Бул жалганда өлбөй турган адам жок. Бизди өлүмгө буйругандардын өздөрү да дайыма өлүмдүн тузагында жүргөнүн билишпейт. Бүгүнкү тирүүлүгүнө маашырлана өлбөчүдөй болушат. Кайрат кылалы. Алла Тааладан ыйман тилейли. Олтургула, - деди ажы сабырлуу ишенимдүү үнү менен.

Өлүмгө буйрулгандардын ичинде аты чыкпай калган кичүү уулу Акимаалы:

- Касыке, бул кандай шумдук! Силер күнөөсүз өлсөңөр менин тирүү калышым кандай, - деп атасына боюн таштап, кучактай солуктады.

Сабыр кыл уулум. Сени куткарышат. Көрөр күнүң алдыда. Сени Кудай өзү сактады. Чыгып барып эл-журтка бизден салам айт. Шераалы ажы эл тынчыса Кашкардан келээр. Айдараалы молдо агаңар бар. Ошол агаларыңардын акылына көнүп оокат кылгыла, - деп Ажы ордуна отуруп теспе тартууга өттү. Өлүмгө буйрулган эки жигиттин улуусу жазы маңдай, кең таноолуу, ээрди калбагайыраак, көзү жайнаган кара сур жигит Момунаалы:

Ажым, оруска тийген биздин кол эле. Силердин ажалыңарга калдык го. Бизди кечиргиле, - деп колун бооруна алып Ажыга тигилди.

Кудай өзү кечирсин. Биз да таг­дырга жазылганын көрүп жатабыз. Отур, ыйман тилейли, - деп теспе тар­туусун улантты.

Өлүм кабары үрөйлөрүн учуруп, жан туюмдары мулжулуп турган бечералар Ажынын напил намаздарды окутуп, пайгамбардын, улуу адамдардын өмүрүнөн баянда­ган,­ өлүм алдында көңүл жубатардык окуялуу ангемелерине көңүл бурган болушат. Өлүм, өмүр Алла Таала түгөй жараткан ар бир пенденин мойнундагы парс. Аны сабыр күтүп, ый­ман келтире тосуп алуу жөнүндөгү жүйөлүү осуят, кайраттарына уюмуш болгонсугандары менен, санаалары сан­дап, өлүм менен өмүрдүн туюмдары алпурушкан машакаттуу эки күндү өткөрүштү.

Үчүнчү күн

Мына бүгүн акыркы үчүнчү күн. Көз көрүнөө келүүчү жан алгычты күткөн азаптуу мүнөттөр... Жарык дүйнөнү калтырып жан берүүнүн белгисиз коркунучунан жүрөк зилдеп турса да, чиркин үмүт жылт эте көңүлдү ээрчите калат. Үмүт өчөт…, жанат…, өчөт. Эшик шарт этпей турса экен дет жүрөк опколжуйт. Ага болобу. Эшик шарт ачылып, эшик алдында желдеттер көрүндү. Даргага асылуучуларды бирден чакырып, колдорун артына байлап, катарга тизишти. Касымаалы ажыны алдыда, калган төртөөн экиден артта. Теребелди козгогон түрсүл алдында айдап жөнөштү. Айлананы капыстан дүңгүрөткөн барабан түрсүлү дарга алдында жыйылган элди казарма жакка жалт караты. Камак жайынын келе жаткан өлүм туткундарды көргөндө эл дуу эте козголду. Колдору артына байланган, жан жактарында найзалуу мылтыктарын кесе кармаган бештен он солдат. Ортодо бей күнөө жандары алынуучу беш киши. Алдыды Касымаалы ажы, башында тепчий шырылган төбөсү учту ак топу, тик жакалуу ак кемсел шымчан, багалеги хром маасынын кончуна түшүрүлгөн. Жазы маңдай, субагай кызыл жүзүнө төш жапкан кара сакалы жараша, терең кабагы алдындагы сурмалуу курч көзүнөн, элүүнү жаңы аралаган жигерлүү адамдын эргиген жашоо кумары, Алла Таалага жан туюму менен чексиз ишене ыйман күткөн кайратына багынгандай, кебелбеген токтоолук, сабырдуулук туюлат. Башын өйдө көтөрө жарык дүйнө менен кадыресе коштошкон таризде тоо башына көз чап­тыра келатат. Ажынын артында окшош ак кемсел шымчан, нооча бойлуу, кырдач мурун, кызыл жүздүү, муруту жаңыдан керилген жыйырма беш жаштагы болуш уулу Орунаалы, Ажы менен жакшы тең, үзөнгүлөш Чоткара бий. Алардын артында кырылган чачтары өскөн, жылаң баш, боз таар кемсел шымчан, жыйырма үч, жыйырма беш жаштагы олбурлуу жигиттер Момунаалы, Бопунаалы келе жатышат. Элдин күңгүрөгөн уу-дуусун кимдир бирөөлөрдүн эчкире боздогон үндөрү коштоп турду. Касымаалы Ажыны жолдоштору менен дарга алдына келтирер замат эки офицер коштогон эсаул Булычев алардын каршы алдына тура, папкасынан кагаз алып, отряд соту Касымаалы Ажыны, Орунаалыны, Чоткараны, Момунаалы, Бопунаалыны ак падышага кыянаттык менен көтөрүлүп чыгып, орустарды өлтүргөндүгү үчүн өлүм жазасына буюрганын, өкүмдүн дарга асуу менен азыр аткарыларын айтты. Тилмеч өкүмдү кыргызчалагандан кийин, эсаул Булычев мурутун сылай тамагын жасап:

Өлүм алдында кандай каалооруңар бар? - деп соттолгондорго кайрылды.

Күнөөбүз жок. Шейит кетип бара жатабыз. Оо, эл журт! Бей күнөө кырылып бүлүн­­гөн эл, кемелиңе келе турган күндү Кудайдан тилегиле! Улуу-кичүү, ага-инилер! Өкүм жүргүзүп араңарда жашадым. Көңүлүңөрдү оорутуп, капа кылган болсом кечиргиле, жакшы­­лык жасаган болсом эстей жүргүлө. Аласаңар болсо айткыла. Иним Шераалы ажы, уулум Айдараалы беришет. Мен силерге ыраазымын. Силер да мага ыраазы болгула, - деп элге кайрыла үн салды күрөө тамырлары чыңала бир аз буулуга түшкөн Касымаалы Ажы.

Ыраазыбыз, - деген үндөр үзүл-кезил боздогон ыйга аралаша муздак абаны термелт­­ти.

Улук, - деп офицерге кайрылды Ажы. – Өлүм алдында эки рекет намаз окуганга урук­­­­сат бер.

Тилмеч которду. Эсаулдун баш ийкеген ишараатынан кийин, туткундардын колдору чечилди. Касымаалы Ажы дарга алдында кыбылага жүзүн буруп, бет аарчысын жая намазга турду. Артынан Орунаалы, Чоткара, Момунаалы, Бопунаалылар экиден катарга турушту. Ажы такбир айтып кол байлап намаз окууга өтүштү. Намаз окулуп бүтө Касымаалы Ажы "Оомийин, Алла Акбар», деп колун жайганда жалпы эл дуу эте "Оомийин", - деп бата тилешти. Элдин алдында турган Тайыр кары дамбылда Ажынын жанына басып келип:

Хаджи, сиздер шахит болгайлар. Аалла Таалам сүйгөн адамсыз. Хаммаларын жаннати болундар,- деп Касымаалы Ажыны кучактап, төшүн тийиштире коштошту да, Чоткара, Орунаалы, Момунаалы, Бопунаалылардын карысын кыса ичинен келме келтирип четке чыкты. Желдеттер туткундардын колдорун байлоого кам урганда: -

Эй улук, - деди намаздан кийин үнү чыйралып кадимки кайратына келген Касымаалы Ажы кадиресе сабырлуу үн менен:

Мени мурда өлтүр. Уулумдун өлүмүн көрбөйүн. Дагы уруксат бер, колдорубуз байлана электе бири бирибиз менен ыраазылашалы.

Тилмеч которду. Эсаул өлүм алдындагы бул адамдын сабырлуулугуна таң кала баш ийкеди. Ажы солдаттардын туткунунда жулкунуп, адилетсиз өкүмгө акарат айтып турган уулуна кайрыла көкүрөгүнө кысып:

- Уулум, - деди салмактуу үн менен. - Аталык акымдан кечтим. Башыңды көтөр! Ыйманың жолдош болсун!

- Чоткара, үзөңгү жолдош элек. Өйдө төмөнүбүздү кечиришелик, - деп бий менен кучак­­таш­ты. Момунаалы, Бопунаалы жигиттердин колун кыса коштошту да, колун бай­лоо­­ үчүн жибин даярдап турган желдетке билектерин тосту. Кудай Тааланын бардык бирди­гине жан туйумун берген Ажы, өлүмгө эмес каймана сапарга бара жаткандай сабыр­дуу­ да, токтоо да көрүндү. Желдеттер колун байлап, Ажыны четке илмектин алдындагы дөңгөчкө чыгарып, мойнуна сыйыртмак салды.

«Илла, иллаха илла Алла», - деп Ажынын үн чыгара келтирген келмеси бүтөрдө желдет аяк алдындагы дөңгөчтү тар­тып­ кетти. Денеси салаңдай дирт эте, Ажы кара сакалы төшүн жаба сунала түштү. Эл ичин­деги күрсүнгөн уу-дууну эчкире боздогон ый коштоп турду. Ажыдан кийин калган төрт­ шеиттин жандарын чогуу тартышты. Даргага беш шеит асылган бойдон калды.

Солдаттардын айдагында тароого дүрбөгөндөрдүн кайгылуу кобурун коштогон муңдуу ый, чыгыштан соккон сыдырым менен обого тарап турду. Киргил булуттар каалгый көчкөн кеч күздүн бозомук асманы суз, элдин кайгысына орток болгонсуп тере­бел­ бү­р­көө тунжурайт.

Жапаркул Токтоналиев,

жазуучу, коомдук ишмер.

Падышалык архивдеги 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу документтерден. Алматы ш.

Падышалык архивдеги 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу документтерден. Алматы ш.

Касымаалы жөнүндөгү архивдик маалыматтар:

Касымаалы ажы Мамбет уулу (1860-1916) Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири. Ири манап.

Көтөрүлүштө хан көтөрүлгөн Канат Ыбыке уулу. Мөкүш Шабдан уулу менен кеңеши бирге болгон. Көтөрүлүш оңунан чыга бербей, Россия империясынын жазадоочу отряддары элге кыргын сала баштаганда 900 түтүн эли менен Кытайга ооп кеткен.

Касымаалы Мамбет уулун жазалоону көздөгөн Пржевальск уездинин Нарын участка начальниги Хохалев Ат-Башыдан кадырлуу кыргыздарды Кытайга Касымаалыга жиберип. “Кайра келсин, ак падыша алдында мурда өтөгөн кызматтары үчүн кечирим беребиз» – деп алдайт. Ага ишенип кайра көчүп келген Касымалы ажыны 26-сентябрь 1916-жылы Нарын гарнизонуна камаган.” Оруналы Касымаалы уулy, жан жолдошу Чоткара Барман уулу. Момуналы, Бопуналы деген эки жигити бешөө чогуу камалган. 14-октябрь 1916-жылы Касымаалы Мамбет уулу, Оруналы Касымаалы уулу, Чоткара Барман уулу жана эки жигити Нарын гарнизонунда даргага асып өлтүрүлгөн.

Касымалы Мамбет уулу Тянь-Шань өрөөнүндөгү ата-бабалары бийлик күткөн чоң манап, 1912-жылга чейин үч комиссия (4 жылдан 12 жыл) болуштукка шайланып иштеген.

Материалы из Кыргызского Государственного Центрального архива:

Телеграмма есаула Булычева уездному начальнику 28 августа: 1916 года. «900 кибиток Шатеновской волости, половина Чериковской волости перекочевали в Китай»

28.08.1916 г. Нарын

Донесение начальника Нарынского участка Хохалева уездному начальнику: «Главари бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев арестованы мной при Нарынской военной гарнизонной гаупвахте. Хохалев.»

26.09.1916 г.

Главари бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев, Чоткара Барманов, Бопунаалы и Момунаалы приговорены к смертной казни через повешение, (исполнено 14.10.1916 г.), приговора на основании статьи 1308 военного судебного устава, согласно приказа ВВ 1914 года №464. Приговор представляется на основании статьи 1420, утверждается начальником гарнизона, имеет силу и приводится в исполнение.

«ЦГА» Кыргызстана дело №32 «О ликвидации беспорядков в Нарынском участке»

[1] Кандидат –болуштун орун басуучу деген мааниде, ошол убакта эле колдонулган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG