Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:27

Бул баяндала турган кичинекей окуя, азыркы күнгө чейин Үркүн деп аталып келе жаткан, кыргыз элинин башына түшкөн дагы бир кыжаалат мезгилдердин бир элеси.

Окуя кыргыз элинин башына түшкөн оор мезгилдердин алдында ачык айтканда, Үркүнгө чейин кадимки эле Кочкор өрөөнү менен Боом капчыгайын байланыштырган Кубакы ашуусунда болгон.

Үркүнгө чейин Кубакы ашуусунан ары-бери өткөн кербендерден, соода- сатык кылгандардан, дегеле бардык жашоочулардан “туяк пул”, “ашуу акы” өндүрүп алып, ошол ашуудан өткөн-кеткендерди ирээтке салып, алардын коопсуздугун камсыз кылып, бирок “каракчы” деген атка конгон, ошонун эсебинен күн көрүп, байып, кээде булганыч арам ойлорун ырайымсыздык менен ишке ашырып турган Отор аттуу шылуун жашаган.

Ал Кубакы ашуусунун бийик жана тар жерине жайгашып алып, өзүнө окшогон карамүртөз, кайырдин жан-жөкөрлөрү менен өткөн- кеткендерден алык-салыкты мыйзамсыз чогултуп турган. Андай алым- жайымдарды өз ыктыяры менен бербесе тартып алып, каршылык кылгандарды уруп, ал гана эмес өлтүрүп тындым кылышып ким көрдү кылып турушкан.

Алдуу-күчтүү уюшкан жолоочу-кербенчилер каракчылардан запкы тартпай кутулуп кетип турушкан. Ушинтип кудайын тааныбаган Отор жан- жөкөрлөрү менен зордук-зомбулук иштерин жүргүзүп келген. Ошонун эсебинен кыска мезгилде эле беш-алты үйүр буурул жылкылуу, 3000ден ашуун куйруктуу кара койдун ээси болгон. Алтын-күмүш, зер буюмдары жөнүндө маалымат жок. Бирок канча байыбасын жүрүм-туруму менен элден чыгып, жексур көрүнүп алган.

Ал арада Үркүн алааматы башталат. Аларга да “орустар кыргыздарды согушка алып жатат, жалпы эле кыргыздарды кырып келатат” деген кабар жетет. Отор муну укканда жан-жөкөрлөрү менен качууга даярдана баштайт. Мындай оюн үй-бүлөсүнө, ак сүтүн берип алпештеп өстүргөн энесине да айтпайт. Бирок энеси Бытый апанын жүрөгү бир шумдукту сезет. Ал уулунун мурдагы арам ишин сезип калганда көп жолу “балам, карапайым элди какшатпа, талап-тонобо, арам иштен алыс бол, кудай алдына барабыз, жооп беребиз” дечү экен какшап.

Отор энесинин акылын тоготпостон “Апа менин ишиме кийлигишпей жүрүңүз, мен болгону туяк пул гана алып жатам. Анын эч кимге зыяны жок. Кудай алдында акмын” деп кутулуп кетер эле. Алсыз эне эмне кылат, макул деп тим болуп калчу.

Ошол Бытый апа бир күнү уктап кетип укмуштай түш көрөт.

Байгерчилик жашоо, жыргап-кунап өмүр сүргөн айыл. Аңгыча ырайлары суук, көздөрү жутуп жиберчүдөй акшыйган коркунучтуу, иймек тумшуктары менен курч текөөлөрү, тырмактуу буттары бар тумандаган сансыз кара көпөлөктөр кайдан-жайдан учуп келишет. Алар уулу Отор баштаган жан-жөкөрлөрүн бириндетип тытып, тырмактарын чыгарып, айылды мал-жаны менен тополоңун тоз кылып бир паста жок кылат. Бытый апа ошол кара көпөлөктөргө жалынып, ырайым сурап жатып кутулуп чыгат. Чачтары саксайып ээн журтта улуп-уңшуп ыйлап жаткан болот. Ойгонсо түшү. Таң агарып калган экен. Жүрөгү лакылдап бир жамандыкты сезгендей...

Бытый апа ырым-жырымын кылып, түшүн жакшылыкка жорумуш болот. Эртең менен уулуна айтат. Отор апасынын кебине маани бербей, “Түшүң түлкүнүн богу болсун, түшкө эмнелер кирбейт. Жөнү жок жөөлүй бербей жүрүңүзчү” деп кагып коет.

Аңгыча элге жанагыл орустар жөнүндө кабар тарайт. Отор бул алааматка качууга кам көрө баштайт. Апасына билгизбейт. Ал орус “баскынчыларынан” кутулуунун жалгыз жолу Кытайга кире качуу деп эсептейт. Анын мындай оюн апасы колдобосун билип турган. Ошондуктан тымызын даярданат. Качан гана жолго чыгарда апасына угузуп, кошо ала кетүүнү ойлонуштурат.

Жанагы жаман кабардан кийин жогорудагы көр дүнүйөлөрдү кантип чыгарып кетүүнүн амалын издейт. Эртелеп көчүп жолго чыгайын десе аны эл жек көрөт, жолдон тосуп алып эч нерсесин калтырбай талап, өзүн жана үй-бүлөсүн жоро-жолдошторун кырып салчудай. Жашыруун көчүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан ал үй-жайды, өлүү дүнүйөлөрдү, уй-койлору менен төөлөрүн журтка таштап, бир салаар төшөгүн артып, союп алган бир нече кой-козунун эти менен тамак-ашын бир-эки атка жүктөп, жан- жөкөрлөрүн жабалактата ээрчитип, үй-бүлөсүн алып жылкысын гана айдап, түн жамынып жолго чыгууну, Баркоон-Жуукуну ашып, Көлдүн сыртын басып, Какшаалдан өтүп, Кытай жергесине билинбей кирип кетүүнү ийне-жибине чейин мерчемдейт.

Ат көлүгү токулуп, бардык даярдыктар бүтөт. Акыры жөнөй берердеги ата конуш, жер-суу, тоо-таш менен кош айтышып, жоро-жолдоштор менен бата дубалашып, антташып-шерттешип, жолго чыгуу алдындагы даамдашууга даярдалган бешбармак Бытый апанын өргөөсүнө алынып келинет. Отор жалоондой жан-жөкөрлөрү менен деми сууп сурданган тейде, демейдегиден башкача кабак-каштары менен жабыла апанын айланасына уй мүйүз тарта отурушат. Колго суу куюлуп, дасторкон жайылып эт тартылат. Тамак демейдегиден ыкчам кооптуу таризде шапа-шупа желип бүтөт. Бата тартылып колго суу куюлат. Отор ошондон кийин апасына:

- Апа сизге айтпасак болбойт. Орустар тигил жактан кыстап келатат дейт. Чүй, Көл бүтүн козголуптур. Жакында Кочкор-Жумгал, Ат-Башы-Нарын үрккөнү жатыптыр. Бизге да Кубакы жай болбой калды. Эл катары бололу, эртелеп из жашырып кетпесек болбойт, -дейт жинкини сооло.

- Катыгүн бул эмне деген шумдук? Биз качып кайда барабыз? Эл орустардан корксо, сен экөөбүздүн ошол элдин өзүнөн да корко турган жөнүбүз бар. Каракчыны эл да сүйбөйт. Төрт тарабыбыз тең тозок болгон тура. Айтса болбой жүрдүң беле, кыянатчылыктын акыры ушул. Качып кайда кутулабыз эми?, – деп Бытый апа айласы түгөнө шалдайып калды.

- Ошон үчүн түн жамынып, эл-журттан оолактап, орустардан из жашырып кетели деп жатабыз, - дейт суранган Отор.

- Балам тил алсаң ушул жерден жылбайлы. Кудайдын башка салганын көрөбүз. Качып кутула турган жерибиз жок. Келген ажал болсо, ичээр суу түгөнсө, акыры башта бир өлүм. Качып-бозуп ач бел, куу жолдо өлүп, карга-кузгунга жем болгончо тагдырдын буюрганын ушул жерден көргөнүбүз оң. Ойлон балам, - дейт Бытый апа.

- Мына айтпадым беле, апам макул болбойт деп, - жигит башчынын көзүнөн заар чыгат.

- Тил алсаңар жылуу конушту суутпагыла, касиеттүү жерди калтырбагыла, башка жер деле коюнун ачып, сүйүнүп күтүп турган жок, бул оюңардан кайткыла. Мен эч жакка кетпейм. Жок болбойт экенсиңер мени мында таштагыла, жарым өлүк кылып жүктөп жүрбөй. Силер эмне кылсаңар өзүңөр билгиле. Менин тилимди албагыдай абалга жетип калыптырсыңар. Төрт тарабыңар кыбыла, кудай жолуңарды ачсын, - Бытый апа акыркы оюн билдирет.

Сурданган Отор каракчы жан-жөкөрлөрүнө буюра сүйлөдү.

- Убакытты бекер өткөрбөйлү. Апамдын баргысы келбесе мейли, анда тирүү айгактын калганы туура эмес, тындым кылып койгула. Калганыбыз жолго чыгалы. Акыркы сөзүн уккула, - деп этек-жеңин кагып, каны ичине тартып эшикке бет алат

- Апа эмне кылабыз? - жигит башчы апага тирмийе карайт.

Жигит башчынын акыркы буйругун күтүп, калган баш кесерлер, колдорун куралдарына оңтойлотуп ач карышкырдай комдонуп турушат.

Бытый апа саамга түнөрүп отурду. Өңү бир кубарып, бир каракөк тартты. Аргасыз абалда баары бир өлүм экен деген бүтүм турду. Акырында:

- Бекер кылдыңар. Айла жок. Баары бир мени тындым кылат экенсиңер. Эми силерди бекер каныма забын кылбайын. Кетсе кетейин. Ажалга буюрган жерде моюн сунарбыз. Каап кудайдан жетсин. Үй-жайды чечип жүктөгүлө, - дейт ындыны өчүп.

- Үй-жай калат. Мал калат. Жылкыны гана айдап кетебиз. Эч ким качканыбызды билбей калсын. Түн катып узап кетели, - дейт Отор каракчы.

Бытый апа чолок жаш болуп, кийинип сыртка чыгат. Жуурканды көрпөчө кылып токуп койгон атка апаны көтөрүп мингизишет. Бала-чакасы сыртта бая эле жапырт аттанып даяр болуп турушкан экен.

Ошентип Отор баштаган каракчылар тобу менен түнкү бейпилдикти бузуп, жылкыларды дүбүрөтө айдап Какшаалдын катаал ашуусун беттеп, Кытай багытына үркүп жөнөп калышат.

Эми окуяны болгонун болгондой адабиятташтыра берсе узарып кетет. Мындан аркысы эмне болгонун ток этер жерин кыска баяндап коеюн.

Үрккөндөн түндөп жүрүп Көлдүн сыртына жетишти. Какшаалдын катаал ашуусуна жакындашты. Алар күндөп-түндөп жол жүрүп абдан кыйналышат. Бир чети бир нече күн уйкудан калган жалоондой жигиттер да шалактап атка жүрө албай калышат.

Баары чогулуп ашуу алдына бир конуп алып, даванды эртең ашып кетели деп Оторго кеңеш салышат. Күүгүм кире баштайт. Отор түндөп ашабыз деп көпкө макул болбойт. Калгандары ашуу опурталдуу бул жерге биз аз кирпик суутуп алып азанда жолго чыгып кетели дешип акыры Оторду көндүрүшөт.

Мөңгүдөн түшкөн муздак тунук шар суунун боюна жарык отоо болуп жүк түшүрүшөт. От жагышып бир чети жылынып, бир чети эт бышырып өзөк жалгашып жатып калышат. Бирок Отордун тынчсызданганы туура болуп чыгат. Чек арачылар түнкү отту акмалап келип аларды ыңгайлуу жерден күтүп жатышып таңга маал уйку-соо ортосунда жаткан качкындарга кол салышат. Отордун жигиттери эки-үч милте кеч бараңы менен бирин-экин ок чыгарымыш болушат. Бирок куралдуу отрядга туруштук бере алышпайт. Качкындардын өлгөнү өлүп жарадарлар менен тирүү калгандары колго түшүп тиешелүү жерлерге тапшырылат. Бул алааматта Бытый апа менен анын небереси Мамбек тирүү калат.

Ошол кыргында окуянын күнөөкөрү Отордун өлүгү да табылбай калган. Колго да түшпөптүр. Кийин Кытайдагы качкындар да аны жолуктурган эмес. Ошол бойдон дайынсыз жоголгон. "Ошондо Бытый апа баягы түшүнө кирген кара көпөлөктөрдүн өңүндө туш келгенин сезет жана аны өмүрүнүн акырына чейин айтып жүрчү эле" деп Отордун небереси, Бытый апанын чөбөрөсү Нарын шаарында 84 жашка чейин жашап, каза болгон Шермат аке айтып берген эле. Бул окуяны Шермат аке ошол Бытый чоң апасынын оозунан уккан экен. Чоң апасы токсондон өтүп кайтыш болуптур.

Шермат аке чоң атасынан айырмаланып өмүр бою эл үчүн иштеп, ак эмгек менен жашап эл керегине жараган бир нече уул-кыздарды тарбиялады. Кайтыш болордун алдында ушул окуяны кайталап айтып, басма беттерине жарыялап коюшумду өтүнгөн. Мен дагы биринчиден Шермат акенин карызынан кутулуп, экинчиден Үркүн деген алааматтын океандай окуяларына бир тамчы маалымат кошумчалап коюуну чечтим.

Алтыбаев Шаршенбек Ысакович

Нарын шаары,нын тургуну. Ардагер мугалим, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG