Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Урматтуу элчи айым, кийинки кезде Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын алака-катышына таасир эте тургандай эки олуттуу окуя болуп өттү. Биринчиси: Транзиттик борбордун учагынын Чүйдө кыйрашынын себептери тууралуу сизде кандай акыркы маалыматтар бар? Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Орусиянын маалымат булактарында АКШ аскер-аба күчтөрүнүн КС-135 учагы эскилиги жеткендиктен иштен чыкты деген, ошондой эле “мына Кыргызстанда террорчулар бар, ошондуктан базаны сактап калууга шылтоо табуу үчүн америкалыктар өздөрү жардырып жиберишти” дегенге чейинки божомолдор айтылып жатат. Буга кандай комментарий бересиз?

Памела Спратлен: Сөз башында Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматы - "Азаттык" радиосунун түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык маарекесин белгилеп жатканыңарды билебиз жана бул майрамыңыздар менен куттуктап кетким келет. Ошондой эле Кыргызстанда окуяларды калыс, ар тараптуу чагылдырган маалымат каражаты катары ишиңиздерге ийгилик каалаймын.

Учактын кыйрашына келсек, эң оболу кырсыктан каза тапкан учкучтардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Бул эр-жигиттер Ооганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу боюнча Эл аралык коалициянын мүчөлөрү болушкан. Ал эми кырсыкка учураган учак биздин аскер кызматындагы эң ишеничтүү учактардан эле. Бул учак өзүнө тагылган күнүмдүк милдетинен башка иштерди жасап жүргөн деген жоромолдор чындыктан алыс.

Кыргыз аскерлери кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Кыргыз аскерлери кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Учурдан пайдаланып мен учак кыйраган биринчи сааттардан баштап бизге көмөк көрсөтүп келаткан Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнө ыраазылык билдире кетким келет. Окуя боюнча түзүлгөн комиссияга кирген министрлер күнү-түнү дебей талыкпастан жардамын беришкенин белгилей кетейин. Президент Атамбаев да курман болгон аскерлерге байланыштуу президент Обамага көңүл айтуусун жолдоду. Кыргыз тараптын көмөгү менен курман болгондордун тек-жайын, кырсыктын себептерин иликтеп жатабыз.

“Азаттык”: Учактын кыйроосун АКШ менен Кыргызстан биргеликте иликтеп-тергеп жатпайбы. Мисалы, кара жашиктин ичиндеги маалыматтарды чечмелөөгө Кыргызстандын өз күчү жетпегендиктен, Москвадагы лабораторияга жибериш керек деген сөздөр чыгууда. АКШ тарап ошого макул болобу? Андан тышкары эки учкучтун сөөгүн кайсы жерде, кимдердин катышуусу менен экспертизадан өткөргөнү жатасыздар?

Памела Спратлен: Ооба, учактын кыйрашына байланыштуу тергөө иштери чоң кызыгууну жаратып жатат. Курман болгон учкучтардын сөөктөрүн АКШга алып кеткенибизди биз Кыргыз өкмөтүнө өз маалында кабарлаганыбызды айта кетишим керек. АКШдан алынган маалыматка таянып, биз ал сөөктөрдүн арасында үч учкучтун дене бөлүктөрү бар экенин тастыктадык.

Маселенин техникалык жагына кайрылсак, биз бул жаатта да Кыргызстан тарап менен биргеликте иликтөө жүргүзүп жатабыз. Мен майда-чүйдөсүнө чейин токтолгум келбейт. Бирок учактын техникалык жана физикалык жагына байланыштуу бир нерсени белгилей кетейин. Учакты жасап чыгарган жак катары АКШда глобалдык билими бар адистердин көмөгү менен экспертиза жүргүзүү гана бул ишти тездетүүгө өбөлгө болмокчу. Кыскасы, бул окуянын такталышы Кыргызстан тараптын да, АКШнын да бирдей кызыкчылыгына төп келет.


"Азаттыктын" архивиндеги тасма: Учак кыйраган учур, 3-май, 2013



“Азаттык”: 13-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев парламентке отчет берип жатып, келерки жыл башында Транзиттик борборду чыгаруу боюнча АКШ өкмөтүнө нота жиберебиз деп билдирди. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк апрель соңунда Ташкенге келгенде Транзиттик борборду жарандык объектке айландыруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөргө катышабыз деп жарыялаган эле. Ошондой сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы, кимдер катышууда?

Памела Спратлен: Биринчиден, Транзиттик борборго ушунча жылдан бери орун берип келаткандыгы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга ыраазылыгын билдирет. ТБ Оогансанга аскер ташуу, ал жактан башка жакка которуу үчүн абдан керек объект. Транзиттик борбор турган 11 жылда кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр боло келген, бул жолу деле ошондой сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

АКШ менен Кыргызстан ортосунда келишим жашыруун эмес, элге ачык, келишим шарттары менен ким кааласа АКШ элчилигинин вебсайтынан тааныша алат. Келишимдин аяктоо мөөнөтү – 2014-жылдын июль айы. Президент Атамбаев ТБ боюнча өз позициясын ачык жана так билдирген. Келечектеги эки жактын ич ара кызматташтыгы кандай нукта кетээри тууралу сүйлөшүү абдан маанилүү. Ошондуктан, биз ырасмий сүйлөшүүлөрдү күтүп жатабыз, бирок андай сүйлөшүүлөр баштала элек.

"Манастагы" Транзиттик борбор, 21-март, 2013.

"Манастагы" Транзиттик борбор, 21-март, 2013.


“Азаттык”: АКШ 2014-жылдын кийин да Ооганстанда бир катар аскерий базаларын кармап калуу ниетин билдирди. Бул Ооганстанда кырдаал бир калыпка түшпөй жаткандыгынан болуп жатабы же башка себептери барбы?

Памела Спратлен: Ооганстандагы кырдаал биз үчүн эле эмес, Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер үчүн маанилүү. АКШ Ооганстанда аскерий гана иштерди жасабастан, бул өлкөдө саясый жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу аракетин көрүүдө. Биздин максат – Ооганстанды коопсуз жана өнүккөн аймактын бир бөлүгүнө айландыруу.

Кыргызстан улуттук коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерди өз алдынча чечүүгө кудурети жетет.

“Азаттык”: Транзиттик борбордун келечеги кыргыз коомунда жандуу талкуу жаратууда. Бир тарабы жылына 160 миллион доллардай киреше берип жаткан борборду кармап калуу керек десе, бир жагы кетсин деген ураан көтөрүп жүрөт. Ал ортодо Бишкек чыгарса, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, кала берсе Орусия Ульяновскидеги аба майданын берип, ошончо кирешени өзүнө бурганы жатат деген сөздөр угулат. Буга кандай комментарий бересиз?

Памела Спратлен: Азыр эле айтканымдай, Транзиттик борбор АКШ жана анын антитеррордук шериктери үчүн абдан маанилүү. Бул жерде кыргызстандык 700 жаран иштейт. Жана барган сайын жергиликтүү ишканалар менен шериктештик күч алып баратат. Кыргызстан экономикалык жактан пайда таап жатканы да маанилүү. Бирок андан да маанилүү жагы: ТБ чөлкөмдүн стабилдүүлүгүнө чоӊ салым кошот. Транзиттик борбор кеткенден кийин же калып калабы, келечеги кандай болот – мен божомолдогум келбейт.

“Азаттык”: Дүйнөлүк прессада “Транзиттик борбордун тагдырын Вашингтон – Бишкек эмес, Вашингтон – Москва чечип жатат, анткени Борбор Азияны Кремль өз кызыкчылыктарынын аймагы деп эсептейт” деген ырастоолор ачык эле айтылып калды. Чын эле Кыргызстан эки үлкөн державанын соода предметине айландыбы?

Памела Спратлен: Кыргызстан 20 жылдан бери эгемен өлкө, өз улуттук коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерди өз алдынча чечүүгө кудурети жетет.

“Азаттык”: Эми айтылуу Максим Бакиевдин ишине келели. АКШ прокуратурасы Бакиевдин кылмыштарын ашкерелөөгө далилдер жетишсиз деген жүйөө менен ишин токтотту. Бул кабар ырасмий Бишкектин нааразылыгын жаратып, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын бул кадамы катуу капа кылды деп баалады. Алтурсун демократияга жатпаган иш деп да сыпаттады. Кыргызстанда Бакиевдерге карата коомдук пикирди эске алганда Максим Бакиевдин ишинин токтотулушу АКШга карата терс пикирди күчөтпөйбү?

Ишти тергеп жаткан прокурорлор далилдердин тийиштүү деңгээлде жетишсиздигин түшүнгөндөн улам бул ишти токтотууга мажбур болушту.

Памела Спратлен: Оболу бул окуянын чоожайына кайрыла кетели. 2012-жылы АКШ прокуратурасы Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши Максим Бакиев тараптан АКШнын мыйзамдарын бузуу аракеттерине негизделген. Ал кезде биздин прокурорлор кылмыш иши так маалыматтарга негизделген деген ишенимде болушкан.

Кошмо Штаттардын юстиция системасында эң негизги нерсе – бул кынтыксыз далилдердин болушу. Жетиштүү далилдерди табуу өкмөт менен прокуратуранын мойнуна жүктөлгөн. Алар айныгыс далилдерди таап, айыпталып жаткан жакка каршы коюуга тийиш. Кээде далилдер өзгөрүп кетиши, кээде далилдер жоголуп же өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул окуяда далилдер башкача өнүгүүгө ээ болду. Ошондуктан ишти тергеп жаткан прокурорлор далилдердин тийиштүү деңгээлде жетишсиздигин түшүнгөндөн улам бул ишти токтотууга мажбур болушту. Кандай далилдер болду, кандай өнүктү – бул менин компетенцияма кирбегендиктен, толук жооп бере албайм.

Айта кетчү жагдай: биз Кыргызстанда Маким Бакиевге кандай айыптар коюлуп жатканын жакшы билебиз. Бирок ага кылмыш иши АКШнын мыйзамдарын бузгандыгы боюнча ачылган. Кыргызстандан айырмаланып, АКШда юстиция жана сот системасы толук көз карандысыз болуп саналат.

Максим Бакиев Лондондун Вестминстер сотунан чыгып баратат. 7-декабрь, 2012.

Максим Бакиев Лондондун Вестминстер сотунан чыгып баратат. 7-декабрь, 2012.


“Азаттык”: АКШ бийликтери Борбор Азияда Кыргызстан демократиялык багыты менен айырмаланып тураарын жана бул процесстерге ар дайым көмөк көрсөтөөрүн ырастап келишет. АКШдан Кыргызстанга азыркы учурда кайсы программалар боюнча кандай колдоолор болуп жатат?

АКШ Кыргызстан эгемендик алгандан бери шериктеш болуп келатат жана бул мамиле мындан ары да уланат деп үмүт кылат.

Памела Спратлен: АКШ Кыргызстан менен демократиялык процесстерди өнүктүрүү боюнча шериктеш. Биз Кыргызстанда демократиялык институттарды бекемдөө боюнча көп багыттуу иштерди жүргүзүп келатабыз. Мисалы, АКШ өкмөтү Кыргызстанда сот системасы үчүн колдонмо китептерди чыгарууга көмөктөштү. Ошондой эле парламентаризмдин өнүгүшүнө кол кабыш кылуудабыз.

Мындан тышкары журналисттерге, өкмөттүк кызматкерлерге өз күч-кубатын арттырууга жардам берип жатабыз. Студенттерди, окуучуларды алмашуу аркылуу Кыргызстандын келечегин бекемдөө жагына кол кабыш кылабыз. Ошондой эле жарандык коомдун демилгелерин колдоп келатабыз. АКШ Кыргызстан эгемендик алгандан бери шериктеш болуп келатат жана бул мамиле мындан ары да уланат деп үмүт кылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG