Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында АКШнын аскерий базасынын тагдыры глобалдык планга чыкканын билдирди.

Анын айтымында, аскерий базанын турушу Кыргызстанга опурталдуу, анткени АКШ менен Иран ортосунда жаңжал чыкса, Бишкектеги база бутага алынышы ыктымал. "Ошондуктан база тагдырын АКШ Орусия менен бирге чечиши керек" деп эсептейт кыргыз лидери.

Айрым серепчилер Атамбаевдин база тууралуу бул жолку билдирүүсү мурункуларына караганда жумшагыраак чыкканын белгилеп жатышат.

Алмазбек Атамбаев Иран менен АКШ өз ара тирешип жатканын айтып, эгер жаңжал тутанса, анын Кыргызстанга кесепети чоң болот деп белгиледи. Бирок база маселесинде Орусия менен АКШ өз ара орток пикирге келиши керектигин кыйытты:

- Орусияга барганымда Дмитрий Анатольевичке да, Владимир Владимировичке да “акыр аягында силер, Орусия менен АКШ кошулуп алып базаны калтыр деп кайра мени көндүрбөйсүңөрбү деп чочулайм”, - деп айттым. Аскердик база калбашы керек.

Мен АКШга “2014-жылы чыгасыңар, же болбосо ага чейин Орусия менен биргелешип, же башка мамлекеттер менен кошо жарандык жүк ташыган борборго айландырасыңар” деп эскерттим. Бизге жарандык аба майдандагы аскердик базанын такыр кереги жок. Атүгүл ижара акысына 150 миллион доллар алып жайгашып турушу баары бир опурталдуу.


Атамбаев президенттик шайлоодо жеңип келгенден бери АКШнын аскерий базасы калбашы керек деген билдирүүсүн ушуну менен үчүнчү ирээт кайталады.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытовдун баамында, Атамбаевдин Иран-АКШ жаңжалынан жана анын Кыргызстанга тийгизген кесепетинен чочулаганынын себеби бар:

- Быйыл эле сентябрь, октябрь жана ноябрь айларында Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы ракеталарын сынактан өткөрүп бүтүп, куралданууга алышты. Бул “Шахаб-2” жана “Шахаб-3” деген ракеталар. Мындан сырткары булардын күчтүү ракеталары да бар. Ал ракеталардын учуу узундугу 2 миң чакырымдан ашык болуп жатат. Мындайча айтканда, Ирандын аймагынан атылган ракета бүтүндөй Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттердин каалаган точкасына жете турган мүмкүнчүлүгү бар.

Саясат талдоочу Марс Сариев Атамбаев бул билдирүүсү менен бир канча өлкөгө белги берди деп эсептейт:

- Атамбаев бул билдирүүсү менен "Иранга каршы кампания башталса, бул база ал жараянга катышпайт, Кыргызстан буга каршы" деп АКШ, Иран, Кытай, Орусия жана жалпы эле Батышка белги берип жатат.

Сариев база маселеси АКШ менен Орусиянын өз ара тиреши болуп, ал тиреш Кыргызстанда өтүп жатканын кошумчалады:

- АКШ Орусияны ракетадан коргонуу система, дагы башка куралдар боюнча курчап жатпайбы. Орусия ушундан улам базаны курал катары карманып, соодалашып жатат. Ошон үчүн Атамбаев “эки чоң мамлекет өздөрү чечиш керек, өздөрүнүн геосаясатын компромисске келтириш керек” деп айтты. Чынында эле мурунтан эле белгилүү, муну АКШ менен Орусия чечет. Биз кичинекей мамлекетпиз, башкалардын көзүн карап турабыз.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памэла Спратлен база боюнча кыргыз бийликтери менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип келет. Жакында эле аталган база үчүн он жыл ичинде АКШ Кыргызстанга 1,5 миллиард доллар бергенин маалымдады.

Мындан сырткары он жылдан бери базада бир канча кыргызстандыктар иштеп келишет. Алардын бири Динара Кеңешбек кызы соода тармагында эмгектенет:

- Тейлөө жагында көбүнчө жергиликтүү эл иштейт. Мисалы, ашканасында, электрик, айдоочулар - баары жергиликтүү тургундар. Жаңылышпасам миңден деле көп адам иштейт болуш керек. Маянасы деле жакшы эле, иш менен камсыз кылган жагынан жакшы эле.

Антсе да экономист Айылчы Сарыбаев база маселесин дүйнөлүк деңгээлде каралышы керектигин белгиледи:

- Биз эл аралык каржы уюмдардан акча карыз алып жаткандан кийин АКШ, Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн, Жапониянын жүргүзгөн саясатына жараша саясат жүргүзүшүбүз керек. Алар эгер бул жерге согуштук база ачабы, же дагы башка кандайдыр бир иштерди кылабы, ошого жараша иш жүргүзөсүңөр деген шарт менен бизге акча берет. Бул эң башкы маселе. Ошон үчүн "Манас" аэропортун реконструкциялап жатканда эле 50 миллион долларды Жапония берген. Реконструкция бүтөр замат АКШнын Ганси базасын ачканбыз. Бул башында эле макулдашылган дүйнөлүк чоң ири өлкөлөрдүн деңгээлиндеги маселе. Биз ошол чоң ири өлкөлөрдүн ортосундагы оюнчук болуп калганбыз. Базадан түшө турган акча бери жактагы эле маселе. Чоң маселе ары жагында жатат.

Ооганстандагы согуштук операциялардан улам АКШ "Манас" аба майданындагы аскерий базасын 2001-жылы ачкан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 2009-жылы Москвадагы сапары маалында база жабылат деп билдирүү жасаган. Бирок андан көп өтпөй, расмий Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөрүп, жаңы келишим түзүлгөн. Ага ылайык ижара акысы да 63 миллион долларга чейин көтөрүлгөн. Бул келишим 2014-жылы аяктайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG