Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07
Тоо этегиндеги кыргыз айылда таанышып учурашкан адам кийин мен ага күйөө бала болуп каларымды билген эмес. Өкүнүчтүүсү, тоюбузга катыша албай калды, бирок ал мага башынан эле жакын туугандай мамиле кылган эле.

Ушул июлдун жыйырма алтысында менин ыраматылык кайнатам 65 жашка чыкмак. Кыргызда күйөө бала кайнатасынын атынан айтпаш керек экендигин билем, бирок бул жерде атай кетпесем болбос – тоодо төрөлгөн (чын эле тоодо төрөлүптүр) көлдүк кыргыз жигити Исраил ата тууралуу көптөн бери жазгым келген эле. Тамашакөй, мээримдүү кайнатам дээрлик он беш жыл бою кант диабети менен ооруп, 1999-жылы мээсине кан куюлуп (инсульт болуп), сол жагы жакшы кыймылдабай калган. Ага карабастан, өмүрүнүн аягына чейин короосунда аары багып, оору-сыркоосу тууралуу эч кимге даттанбаптыр.

Кайын атам менен кайын энем жаш кезинде

Кайын атам менен кайын энем жаш кезинде

2000-жылы Тынчтык Корпусу мени Тоң районунун Тогуз-Булак айылына дайындаган. Бир жыл чогуу жашай турган үй-бүлөм менен алгачкы ирет таанышып, чай ичип отурганыбыз алигиче көз алдымда. Атам менен апам маңдайымда олтурушкан. Бою кыска, толмочунан келген, мурутчан киши тартынбай эле мени тамашалай баштады. Апа күйөөсүн актап, “мас экен деп ойлобо – катуу ооругандыктан ушундай бир аз булдурап сүйлөйт” деп түшүндүрүп, эпилдеп чай куюп берип отурду. Ичимден ыраазы болуп, жаңы үй-бүлөмдүн эки касиетин дароо эле туйгам: апам аябай тың аял экендигин жана атам аябай боорукер киши экендигин. Ошол учурда маңдайымда отурган ал экөө бир күнү мага кайната-кайнене болуп калаарын таптакыр элестеткен эмесмин.

Мен алардын үйүнө көчкөнгө чейин, сегиз балалуу үй-бүлөнүн беш баласы чоңойуп “уядан” учуп кетишиптир. Калган үчөөнүн эң уулусу, азыркы жубайым, ошол учурда кичинекей, тогузунчу класстагы секелек кыз эле. Экөөбүз ага-карындаш катары бекем достукту курганбыз.

Тогуз жылдан кийин мен Америкада, карындашым Бишкекте, заманбап технология аркылуу кайра байланышып, кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Андан бир жылдан кийин Чолпон-Атада экөөбүздүн тең үй-бүлө, жакын досторубузду чогултуп баш коштук. Исраил атанын катыша албаганы жүрөгүбүздү катуу оорутту. 2007-жылдын март айынын 31инде катуу ооруп, өз колу менен 1963-жылы салган тамында көз жумган. Менин өмүрүмдөгү эң чоң арманым – мени өз баласындай кабыл алып, мээримин төккөн атам, 2010-жылы кызы менен баш кошуп, чын эле баласы болуп калганыма күбө болбой калганы.

Мен Кыргызстанда жүргөндө эл мага кандай мамиле кылыш керек экендигин ар кандай туюнтушкан, бирок кайнатам башынан эле абдан жакын адамы катары кабыл алган. Көрсө, Советтер Союзу учурунда жоокер болуп, Грузияга жиберилиптир. Ал жакта ар кандай улуттан келген жигиттер менен аралашып, дос болуптур. 1980-жылдардын ортосунда бал челекчилик кесиби аркылуу токмоктук немис бал челекчи менен абдан жакын достошуптур. Эки үй-бүлө бири-биринен бир аз алыс жашаганына карабай, бат-баттан катышып, очор-бачар жашашчу экен. Ошон үчүн алыскы чоочун Америкадан келген мага айылдагы кээ бир башка адамдардай болуп көп чочулабай, дароо эле кучак жайып, жылуу кабыл алышкан.

Өзү Грузияда ата-энесине куса болуп жүргөн күндөрүн эстеп, менин ал-абалымды жакшы түшүнүп, менин анын үйүндө ыңгайлуу сезишиме жакшы кам көрүп, көңүлүмдү көтөрүү үчүн көп тамашаларды айтчу. Бир күнү кайнатам этти сөөгүнө чейин тазалап жеп жатып, мага “Дэвид, кыргыздар экинчи карышкыр экенбиз. Карышкыр койду жеп бүткөндөн кийин, биз келип калган сөөктөрүн мүлжүйбүз!” - деп боорду эзген. Башка күнү мен ата, кыргыз армиясынын танкы барбы? - деп мостоюп сурасам, “Албетте, балам! Бизде атка сүйрөтүлгөн танктар бар!” деп жооп берип койгон. Азырга чейин ушул сыяктуу тамашаларын эстеп алып жылмайып алам.

Ата мага көп эле “капиталист” деп тийишип, “кансыз согуш” мезгилди шылдыңдагандай Советтер Союзун мактай берчү. Бир жолу кошуна байке менден: “Дэвид, чыныңды айтчы, сен шпионсуңбу?” деп сурап, анан бир саамдан кийин, “качан менин үйүмө конокко келесиң?” деп мени чакырса, кайнатам: “Шпионду да үйүңө чакырасыңбы, койлоруңду санап, Вашингтонго айтып салат,” - деп бизди аябай күлдүргөн.

1999-жылы мээсине кан куюлгандан кийин мурдагы тың, жигердүү, Советтер Союзу тушунда колхоздун чоң зоотехниги, бал челекчи, сегиз баланын атасы, эркин кыймылдай албай үйдө отуруп калыптыр. Кайненем бардык түйшүктү өз колуна алыптыр. Экөө тең даттанбай, жаңы ролдоруна бат эле көнүшүптүр. Иши кылса, ата байбичесине сүйүүсүн ачык эле көргөзүп, аны “Кемпирбек” деп мактап эркелетчү. Ошенткен сайын, “Кемпирбеги” кызарып уялып, дайыма эшиктен чыгып кетүүгө шашылчу.

Байкуш атам кант диабети менен ооругандыктан апам ага таттуу жегенге тыюу сала турган. Мен Бишкекке барган сайын “эркекче” эки-үч бөтөлкө “Сибирская корона” деген сырадан жашырып атага алып келип берчүмүн. Атам экөөбүз кошуна досубузду чакырып алып, ошол сыраларга каймак салып ыракаттанып, шашпай баарлашып отуруп жыргап иччүбүз. Анан апам ичкенибизди көрүп калса бизди мээримин сала урушчу: “Мындан кийин сыра ичпейсиңер, диабетке зыян!” деп. Анан кайра бат эле, “Гүлжан, балдарга тезирээк картөшкө кууруп жиберчи”, - деп безилдеп калчу.

Ыраматылык атам аябай боорукер, баласаак жан болчу. Сегиз баласын аталык сүйүү, мээрими менен чоңойтуп тарбиялаган. Балдары кичинекейинде тентек кылса, эч качан урушуп, кол көтөрүп көрбөптүр. Балдарын тизесине отургузуп алып, чачынан сылап: “Жакшы адам антпейт, эмнеге ошенттиң? Бир жериң ооруп жатабы? Жакшы уктаган жоксуңбу? Биз бурган көңүл жетишпей жатабы?” деп сурап, баласынын тентек болгон себебин билип, баланын оюна баа берчү экен.

Менин ата-энем Америкадан бир жумага келип калышты. Албетте, кой союлду. Байкуш америкалык атам 24 саат бою учакта уктабай жол жүрүп, дароо эле айылга барып, өмүрүндө биринчи жолу кой сойууга күбө болгон. Отуз сегиз сааттын ичинде Америкадагы чоң шаардан чыгып, эки миң кишилик чакан кыргыз айылга келүү алар үчүн, албетте, аябай чоң бурулуш болгон. Атам “маданий дендароодон” кыйналып аябай ооруп калды. Кой сойгон күндүн эртеси жүрөгү айланып, төшөктөн тура албай жатып калды. Атам мен үчүн аябай уялды, “мынча алыс жолдон келип, көнө албай баламды кыргыз үй-бүлөсүнүн көзүнчө уят кылып жатам” деп. Кайнатам атамдын оюн байкатпай түшүнүп, төшөктөн тура албаган атама бир бутун сүйрөп басып келип, “ичиңиз басылсын” деп эң жөнөкөй жана универсалдуу тамакты сунган – нан, кайнатылган жумуртка жана ысык кара чай. Ата-энем азырга чейин кайнатамдын ошол ызаатын элестеткенде, көздөрүнөн жаш тегеренет.

Кайнатам тоодо төрөлүп, өмүрү өткөнчө кичинекей айылда жашаганына карабай, дайыма китеп сатып алып, үйүндө өздүк китепканасын түзүптүр. Кенен жана ар түрдүү китеби бар китепканасына суктанып турсам, “Кемпирбеги” мага “андан беш эсе көп болчу, үйгө конок келген сайын, китептерин сурап да, сурабай да алып кетишет” деген. Чын эле, мен кээде айылдагы кээ бир адамдардын үйүнө барган сайын, текчедеги китептерин карасам, бешөөнүн бирөөндө “Исраилдин өздүк китепканасы” деп жазылып турчу. Кайнатамдан “китептериңизди кайра албайсызбы?” деп сурасам, “Мен ал китептерди окугам. Ичиндеги маалымат айылыбыздын ар бурчуна тарасын” деп койгон.

Мен жашап жаткан кыштын февраль айында кайнатамдын оорусу кайра кармап, бир жумадай төшөктөн турган жок. Көзүндөгү жылдызы өчүп, тамаша да айтпай калды. Үйдө баарыбыз өтө санааркап, кайгылуу болуп жүргөнбүз. Кокусунан бир күнү кечинде кайнатамдын кичүү инисинин аялы биздин үйүбүзгө чуркап келген. “Атам катуу болуп атат" деп. Көрсө, кайнатамдын атасы, баласы ооруп калгандан баштап “Оо, жаратканым! Баламдын ордуна мени ал!” деп кайталай берип, катуу ооруп калыптыр. Ошол кечтин эртеси күнү чоң ата көз жуумп, кайнатама күч-кубат кирип, көп өтпөй эле төшөктөн туруп басып калган. Мен аябай таң калгам. Негизи динге көңүл бурбайм, бирок ошол окуя мен үчүн бир таң калыштуу көрүнүш болгон.

2001-жылы жайында мекениме кайтып, Америкадагы жашоомо сүңгүп кирип кеттим. Алты жылдан кийин, 2007-жылы экинчи “керемет” болуптур. Ыраматылык кайнатам Тогуз-Булакта кайра катуу ооруп, төшөктөн тура албай калыптыр. Бир күнү түштөн кийин айылдык кошуна медсестра аны текшерүүгө үйгө кирсе, кайнатам терезеге карап, “Дэвид, Дэвид” деп сүйлөнүптүр. “Сенин үйгө кайтаарыңды сезген окшойт,” деп мага айтты кошуна үч жылдан кийин Тогуз-Булакка келгенимде. Мен кайнатамдын мени ошентип сагынып жүргөнүн билбептирмин... сезчү эмесмин.

Америкада тынч жашап жүргөн күндөрүмдүн биринде, Исраил атам каза болгонун электрондук кат аркылуу билип калып, жүрөгүм катуу сыздап алды. Кеңсемден чыгып, Вашингтон шаарынын борбордук паркына барып, бир бурчунда жашынып, болушунча ыйладым. Сезимдин күчүнө таң калдым – мен кайнатамды мынчалык жакын көрөөрүмдү убагында байкабаптырмын. Чогуу түшкөн сүрөтүбүз да калбаптыр.

Ашына бара албадым, бирок ал тууралуу үч жылдан кийин жубайымдан уктум. “Достору жана туугандары абдан көп келип, көчөгө батпай калышкан”, - деди. Кайнатам китепти абдан көп окуп, ар кандай киши менен тил табышып, ар кандай темада сүйлөшүп, тамашалашып жүрчү. Ошондой кишилер арабызда, айлана-чөйрөбүздө көп – акылдуу бирок жөпжөнөкөй, байкалбай эле миңдеген кишинин жашоосуна мээримдүүлүктү жана бактылуулукту алып келишет. Башкаларыбыз ойлонбой, ары-бери шашылып, “көзгө көрүнбөгөн” жакшы адамдарга убагында баа бербей калып, көздөрү өткөндөн кийин ушинтип эскерип калат экенбиз...
  • 16x9 Image

    Дэвид Галлагер

    1999-2001-жылдары Нарын жана Ысык-Көл облустарында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болгон. 2006-жылы Жорж Вашингтон университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистратураны бүтүргөн соң, АКШнын Айыл-чарба департаментинде иштеген. Учурда Колорадо штатынын Денвер шаарында эки уулду өстүрүп, Дүйнөлүк Билим берүү кызматында (World Education Services) иштейт. Фейсбуктагы "Англисче-кыргызча талкуу айылынын" (АКТА) негиздөөчүсү жана башкы администратору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG