Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Иммиграциялык кызматтын офицерине башпаанек алуу үчүн 5 миң доллар пара сунуш кылган кыргызстандык аялды сот абакка кескен жок.

Бруклин федералдык сотунун судьясы Николас Гарауфис (Nicholas Garaufis) Нью-Йорк шаарынын Жон Кеннеди аэропортунун иммиграция офицерине 5 миң доллар пара сунуштаган кыргызстандык аялды эркинен ажыраткан жок. Судья соттун кароосуна берилген кагаздардагы кыргызстандык аял өз мекенинде коркутууларга дуушар болгон, анын кызы зордукталган деген жүйөлөргө көңүл буруп, аялдын “жеке турмушундагы жагдайлар” аны мындай кылмышка түрткөн деген жыйынтык чыгарды.


Кыргыз ыңкылабынын АКШдагы изи

Бул тууралуу 27-декабрда чыккан New York Daily News гезитинде "Кыргызстандык аял Ж.Ф.Кеннедиде пара бергени үчүн абакка кесилбейт" деген аталыштагы макалада баяндалат. Кыргызстандык аял кызы менен Нью-Йорк шаарынын Жон Кеннеди аэропортундагы иммиграциялык кызматтын офицерине пара сунуштаган учурда кармалган.

2010-жылы Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин АКШга 1 жылдык жумушчу виза менен барган 52 жаштагы кыргызстандык аял кийинки жылы кызын Нью-Йорк шаарына алып барган. Ал кызын АКШда калтыруунун амалын ойлоп, иммиграция офицерине 5 миң доллар пара сунуштаган.

Cудья Николас Грауфис (Nicholas G.Garaufis)

Cудья Николас Грауфис (Nicholas G.Garaufis)

Гезит жазгандай, атын атабоону каалаган кыргызстандык аял экс-президент Бакиевдин тушунда президенттик резиденцияда финансы-чарбалык бөлүмдө иштеген.

2011-жылдын май айында Нью-Йоркто кармалгандан кийин 4 ай абакта отуруп, анан күрөөгө бошотулган.

Президенттин иш башкармалыгынын ошол кездеги башчысынын биринчи орун басары Балбак Түлөбаев Курманбек Бакиевди жакындан тейлеген кызматкерлерге басым көрсөтүү болгону менен кимдир-бирөөсү зордуктоого кабылды дегенди укпаганын айтат:

- Резиденциянын ичинде президенти тейлеген өзүнчө кызмат бар эле. Анда резиденциядан тышкары өзүнчө ашпозчудан баштап, камсыздоочу жана комендантка чейинки кызматкерлер иштеген. Мен билгенден Курманбек Бакиевдин жеке карамагында тейлөө иштери менен алектенген 3 кыргыз, 3 орус аял иштечү. Мүмкүн мына ошолорго окшоп, президенттик үй-бүлөнү өтө жакындан билген адамдардан болушу мүмкүн. Анткени ошол кезде андай адамдарды “силер Бакиевди жакындан билесиңер, ал боюнча көп маалымат билесиңер” деп кайсы бир күчтөр аларды кысмакка алышы толук мүмкүн эле. Ошондон улам АКШга башпаанек алуу үчүн качып кеткен адамдардын бири болушу мүмкүн. Бирок мен мына ошол кызматтагы адамдардын зордук-зомбулукка кабылганын уккан эмесмин.

Башпаанек алуу амалыбы?

Бруклин федералдык сотунун чечиминде 2010-жылы кыргызстандык ал аял алгач бир жылдык жумушчу виза алып АКШга качканы көрсөтүлгөн. Бирок бир жылдан кийин Кыргызстанга кайра барып, ал өлкөдө жокто кызы дагы зордукталганын угуп, АКШга кызын алып келип, пара берип болсо да башпаанек алууну каалаган экен.

Мында ал аял чынында эле ошондой зомбулукка дуушар болсо эмне үчүн ошол убакта милицияга расмий кайрылган эмес же эл аралык укук коргоо уюмдарынын көмөгүнөн пайдаланган эмес деген суроолор туулат. 2010-жылы 7-апрелден кийин Бишкек шаарынын коменданты болуп турган азыркы парламент депутаты Турат Мадылбеков бул окуяны АКШдан башпаанек алуунун амалы катары мүнөздөдү:

- Биз мына ошол күндөрү резиденциянын ичи-тышын кайтарып, андагы иштеген кызматкерлердин коопсуздугун сактап турганбыз. Бир нече жолу чабуул жасоо аракети болуп, бирок ал ишке ашкан эмес. Биз сүйлөшүү жолу менен чогулгандарды таркатканбыз. Эми ал учурда жөнөкөй топтолгон эл президенттин иш башкармалыгынын бөлүм башчыларын эмес, жетекчилерин деле тааныган эмес. Бул аял мүмкүн каржылык көз боёмочулуктар менен көп алектенип, анан кызматтан кеткен соң “текшерип, былыктар чыгып калса, камап коюшпасын” деп коркуп качып кеткен бирөө болушу мүмкүн.

Ыңкылап зомбулуктарды кечиреби?

Бирок 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары болуп турган Артур Медетбеков президенттин иш башкармалыгында иштеген ал аялдын АКШнын сотуна берген көрсөтмөсүнүн чындыгынан күмөн санабайт. Анткени анын айтымында, ошол күндөрү Убактылуу бийлик кырдаалды көзөмөлдөөгө жарамсыз болгон.

Артур Медетбеков көпчүлүк буга окшогон кылмыштарга ошол кездеги айрым жетекчилер көз жумуп, же болбосо аны ачууга тоскоол болуп койгонун билдирди:

- Бул окуядагы ал аялдын айткандары чындыкка коошуп турат. Анткени ал убакта Убактылуу өкмөттүн тилин уккканбы же укпаганбы иши кылып кандайдыр бир уюшкан кылмыштуу топтор “ыңкылап кылдык” деп эле мурдагы бийликтин өкүлдөрүнө кол салган учурлар болгон. Бирок ошол кездеги ИИМ жана УКМКнын биринчи жетекчилери - биз мына ушуга окшогон кылмыштардын бетин ачууга аракет кыла баштаганда эле “койгула, алар ыңкылапка катышкан” деп коргоп, кармаганга мүмкүнчүлүк бербей койушкан.

"Азаттык" Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги менен байланышканда, алар бул окуядан кабардар эместигин айтышып, Бруклин федералдык соту менен байланышып, маалымат алып берүүгө убада беришти. АКШнын Нью-Йорк штатынын мыйзамы боюнча бийлик өкүлдөрүнө пара бергендер 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG