Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Tempora mutantur, nos et mutamur in illis

"Мезгил өзгөрөт, биз да өзгөрөбүз" деп медицинадагы алгачкы кадамыбыз латын тилин үйрөнүүдөн башталган. Биздин кесип дайыма окууну тынбай талап кылган өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Күндө жаңы маалыматтар, жаңы ыкмалар жана дары-дармектер... Врач өмүрүн "түбөлүк студент" болууга арнайт. Медицинадагы негизги мыйзам ушундай.

Студенттик мезгилибиз Токтогул ГЭСинин курулушунда, Сузак, Жаңы-Жолдо пахта терген алты жылга, Ат-Башыда кой сарай салганга арналды. Менин курсташтарым эмдигиче Кыргызстандын бардык жеринде иштешет, чет элде да эмгектенебиз. Ушул күндөрү сагынып калган, студенттик өмүрүм калган жерге жолго чыктым.

Токтогул ГЭСи эскирип баратыптыр, бирок кызматын тынбай улантып, элибиздин 80% электрге муктаждыгын толугу менен аткарууда. Каралбай калганы, алсыраганы гана капага салды.

Аксы жергесинде улгайган апченин кеби эсте калды: "Айылда жаштар аз, мектептен кийин эле чет жерлерге кетишүүдө. Жумуш жогунан баары бизге окшогон пенсионерлердин колун карап, азыраак пенсия алып, ошого оокат кылабыз. Бирок мен азыркы жаштарды түшүнбөйм. Биз мындан да абдан татаал заманда, ачарчылык кезде деле жашабадыкпы, айылыбызды таштап кетпей".

Падыша-Ата, Сары-Челек жана башка атактуу Жеңижок мекендеген багыш, саруу туугандардын жеринде чет элдик адамдар көп келип калыптыр, жаңы мейманканалар салынган.

Сафед-Булан айылындагы өзбек улутундагы мекендешим "Сизге окшоп көп адамдар келет. Бизге тынчтык керек, калганы буюрса жакшы" деп, илгерки болгон трагедияны, жума намаз убагында 2777 адамдын өмүрү кыйылган окуядан кенен аңгеме салып берди. Үңкүр-Тоо тууралуу "сиздин оюңузда бул чатак кантип башталды, себеби эмне?" деп сурап калдым. "Биз да билбей калдык, кандайча коңшу мамлекеттин аскерлери жолду жаап, чек араны басып алганын. Сүйлөшүү жолу менен чечишти, кандай макулдашуу болду эч ким билбейт. Болгону президент менен бийликтеги эки эле адам билет" деген жообу кандайдыр бир жакшы кадамдар жасалганына, элибиз коркпой тирилигин улантып калганына кубандым. Бардыгына таазим кылалык - элибизге, коңшуларга, кимиси жардамдашкан болсо да, тигил үчөөнө дагы.

Сапарым Чаткалга барып аяктамак, Идирис пайгамбардын тарыхтагы издерине кызыкчумун. Кыргызча таза маектешкен жергиликтүү тажик молдоке "Роза Отунбаева вертолёт менен келген, толтура кишинин коштоосунда. Кийин баш прокурор келип кетти, сүрү катуу, диетаны бекем кармаган арык аял экен. Жардам кылды, темирден арка жасатып берди, фонтан дагы. Акчадан муктаждык болбоду, прокурорлордо андай маселе жок экен" деди.

Ачык адам экен, бир топ кызыктуу аңгеме салды, мурунку эки президент, министрлер жана депутаттардын келгенин баяндады. Алардын арасынан экс-депутат Камчыбек Ташиевди мактады. "Жакшы жардам кылды, бирок ойлонбой Ак үйдүн дарбазасын аттап, камалып калбадыбы. Болбосо ал жигит дагы бир топ жакшы иштерди кылат эле. Феликс Кулов премьер-министр кезинде келе жатып орто жолдон кайтып кеткен. Бизге кичи ГЭС салып берер деген үмүтүбүз аткарылбай калды " деп арманын да айтып алды.

Мезгил өзгөрдү, коом алмашты. Бирок окуялар биринин артынан бири эске келет. Бир кезде Чаткал башка мамлекетке өтмөк болуп, чек ара тосмолору коюла баштаган эле. Ошол кездеги облус жетекчиси республикалык бийликтин чечимине каршы чыгып, коңшулардын шашылыш орнотулган тосмосун түрттүрүп салып “жерибизди бербейбиз” деп чатак чыгарган. Жергиликтүү эл муну дайыма эскерет. Кыргыздарга болушкан дагы бир улуу инсан, казак боордошубуз Динмухамед Кунаев "Чаткалды эч качан бербегиле башкаларды, силерди бага турган жер. Алтын, башка кен байлыктар абдан көп. Силердин келечегиңер - Чаткал!" деген экен.

Чаткал, коңшу Таласта алтын, күмүш жана башка баалуу кен байлыктар арбын экенин бардыгы билишет. Өзгөчө чет элдегилер. Кимдер гана алтын ташыбайт: кытайлар, корейлер, орустар, казактар, еврейлер жана башкалар! Эмнегедир жергиликтүү эл "Бардыгынын үстүндө Ак үйдөгү чоң адам турат, андыктан бизди булар тоготуп да коюшпайт" деген ойдо экен. Чаткалдан Таласка барчу ашуу жолунда да баягы эле бир бизнес - алтын, күмүш казуу жана ташуу...

Биздин мамлекет кандай бай! Кыргыздын жеринде алтын мол, жакында түгөнбөйт. Байлыкты алтын менен эсептесек, анда дүйнөдө бизден бай мамлекет болбостур. Анда эмнеге биздин жаштар чет жерлерге жапырт кетип жатышат, жумушсуздуктун айынанбы? Эмнеге бизде жылына 60-80 (!) жаш энелер төрөттөн каза болот, ал эми Беларуста бир дагы аял майып болбойт? Бөйрөгү иштебей калган оорулуу жарандарыбыз көбөйдү, бул мынчалык жайылып кеткидей жугуштуу дарт эмес да? Качанкыга чейин жаш кыз-келиндерге такталбаган, негизсиз хирургиялык операцияларды жасай беребиз?...

Кыргыздар бул жашоодо эч качан жарды болбошу керек, жашоосу жогору болсо, эл балдарын бактылуу тарбиялайт. Кыргыздын тоолору башкача пайда болгон, жер асты - алтын, жер үстү - таза суулар, гүлдөгөн жайлоолор, даамдуу жер-жемиштер, миң түркүн жандыктар. Кыргызстан - дүйнөдөгү гүлү ачыла элек жалгыз мамлекет. Мекенибиздин гүлү ачылганда бардык адамдар бизге суктанышат, бардыгы бир көрсөм экен деп самашат!

АКШдагы кыргыз профессору Рысбек Абдылдаев, Сан-Франциско - Чаткал
Май, 2016

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG