Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

АКШ: Кыргызстандан бала асырагысы келгендердин үмүтү үзүлө элек


Сьюзэн Жейкобс, АКШ Мамдепартаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси.

Сьюзэн Жейкобс, АКШ Мамдепартаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси.

АКШдагы ата-энелер асыроого муктаж кыргызстандык наристелер мээримдүү ата-энелердин колуна барышын каалайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси, элчи Сьюзэн Жейкобс билдирди. Жейкобс айым АКШ-Кыргызстан эки тараптык жылдык кеңешмелерге катышуу үчүн делегациянын курамында Бишкекке келген. Бул жолугушууларда өлкө аралык бала асыроо маселелери да талкууланды.

- Кыргызстанда бала асыроого мораторий киргизилиши менен америкалык 65 үй-бүлө балдарды алып кете албай калган. Азыр алардын ичинен 17 баланы кыргыз өкмөтү атайын токтому менен америкалыктарга бергени жатат. Бул иш качан ишке ашат?

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз




- Тандалган 65 наристени күтүп жаткан кээ бир үй-бүлөлөр жыйынтык чыгарына ишенбей баш тартышкан, ал эми кээ бир ымыркайларды кыргызстандык жубайлар асырап алган жана кээ бирлеринин өз ата-энелери кайра алып кетишкен. Тилекке каршы, орто жолдо эки наристе чарчап калды. Жаңы үй-бүлөгө барабыз деп үмүттөнгөн балдардын тагдыры орто жолдо калып, көптөгөн иш-аракеттин натыйжасында 2012-жылы алардын жыйырма алтысын америкалык түгөйлөргө кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен асыроого берүү жагы чечилген. Азыркы тапта алардын иш-кагаздары каралууда, ал эми алардын ичинен тогуз наристенин тагдыры чечилип, асыроонун акыркы даярдыктары көрүлүп жатат.

Парламентке жакын арада эл аралык бала асыроо тууралуу жаңы мыйзам сунушталат, ал үч жолу окуудан өтүшү керек. Ошондой эле бала асыроого тиешеси бар атайын органдар үчүн жол-жоболор сунушталат. Мыйзам күчүнө кирсе эле, америкалыктар багып ала турган балдардын иштери ордунан жылат эле.

- Мораторий киргенде 65 баланын 20дан ашуунун кыргыз үй-бүлөлөр асырап алыптыр. Аларды багып алуу аракетин баштап, бирок балдарын алдырып ийген америкалык жарандар кандай абалда? Алардын моралдык-финансылык чыгымдарын ким төлөйт?

- Америкалык үй-бүлөлөр мыйзам чечилсин деп күтүп жаткан убакта, алар багып алабыз деген 20 бала кыргыз үй-бүлөлөрү тарабынан асырап алынган. Тилекке каршы, алардын моралдык жана материалдык чыгымдарын эч ким төлөп бербейт. Америкалык ата-энелерди кейиткени алардын жолго, документтерди чогултуууга кеткен каражаттары эмес, балалуу болуп калабыз деген үмүттөрүнүн үзүлгөнү.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү мортарийди киргизгенинин себебин балдар өз өлкөсүндө калып, кыргыз үй-бүлөлөрүндө чоңойсун деген ниети менен түшүндүрүштү.

Америкалыктар бул чечимге, албетте, абдан капа болушту. Алар балдарга көнүп, бактылуу балдардын бактылуу ата-энеси болобуз деген үмүт менен жашап келишкен. Балдар да ошону күтүшкөн. Эми алар башка өлкөлөргө кайрылып, кайра бала асыроо процессин башташат го. Эми бул жерде эң негизгиси - балдардын бактысы. Биздин башкы максатыбыз - балдарды үй-бүлө жана үй менен камсыз кылуу эле, эгерде ошонун бардыгын алар өз өлкөсүнөн тапса, тескерисинче бул жакшыдыр. Алар балдар үйлөрүндө калбаса деген эле тилек.

- Кыргызстанда бала асыроо жаатында коррупциялык чоң иштер ачылды. Эми бул системаны ачык-айкын түзүүгө АКШ тараптан кандай сунуштар айтылууда?

- Бала асыроо боюнча буга чейин козголгон коррупциялык иштерден кийин, келечекте эл аралык бала асыроо менен иштеген агенттиктер үчүн өкмөт тарабынан жаңы эрежелер киргизилип, алардын катуу көзөмөлү болушу керек. Эгерде алар Гаага конвенциясынын лицензиясын алгандан кийин, эрежелерди бузуп, коррупцияга аралашса, анда алар катуу жазаланышат. Бирок ар бир өлкө Гаага конвенциясын кабыл албагандан кийин биз атайын мыйзам долбоорун иштеп жатабыз, ага ылайык бардык агентстволор Гаага конвенциясы кабыл алган жол-жоболорго баш ийиши керек.

Бул чөйрөдө коррупцияны жокко чыгаруу максатында, Кыргызстандын тийиштүү министрликтери жана жарандык коомдун өкүлдөрү биргелешип, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү бала асыроо үлгүлөрүн карап, ошолордун иш-аракетинен тажрыйба алуусу зарыл. Ошондо биз дагы өз жардамыбызды көрсөтөбүз.

- Орусия америкалыктарга балдарды бербей турган болду. Эми Орусиядан бала багууну каалаган америкалык ата-энелер кайсы өлкөлөргө басым жасашы мүмкүн?

- Биз үчүн бул чоң өкүнүч болду. Биринчиден, бул мыйзам көптөгөн орус наристелердин тагдырына терс таасирин тийгизди, себеби алардын көбү болочок америкалык ата-энелери менен таанышып, аларга көнүп калышкан жана үй-бүлөгө барууну чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Эми аларды башкалар асырап алгыча, алар балдар үйүндө дагы белгисиз убакытка калышты, андай мекемелер жаш балдар үчүн өтө ылайыксыз, ыңгайсыз жай. Эми ал америкалык үй-бүлөлөр кайда бараарын мен билбейм. Балким, Кыргызстанга кайрылышар. Бала асыроо мүмкүн болгон өлкөгө барышат.

- Америкалыктар жылына башка өлкөлөрдөн канча бала багып алат, кайсы өлкөлөрдөн?

2011-жылы америкалыктар эң көп бала асырап алган өлкөлөрдүн биринчиси Кытай болду. Ал жерде эркек балдарга артыкчылык берилгендиктен, көптөгөн кыздар балдар үйлөрүнө өткөрүлөт. Экинчи орунда Эфиопия, анан Орусия болду. Эми тилекке каршы, орусиялык балдарды асырай албай калышты. Андан тышкары, Колумбия, Корея жана Гаитиден дагы көп асырап алышат.

Эң негизгиси, АКШнын ичинде бала багып алуу кеңири жайылган, ошондой эле америкалык балдарды дагы башка өлкөлөрдөн асырап алышат. Негизинен Канаданын жарандары америкалык балдарды көп алышат. АКШдан тышкары башка өлкөлөргө кайрылуусунун негизги себеби - ал өлкөлөрдө бала асыроо процесси жеңилирээк келет жана көп учурда бири-биринин чет өлкөлүк балдарын көрүшүп, абдан жактырышып, алар дагы ошондой балалуу болгулары келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG