Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Президент менен өкмөт башчы учак апаатын талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен 16-январдагы учак кырсыгынын кесепетин талкуулады. Премьер-министр бүгүн мамлекет башчынын кабыл алуусунда болду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Жээнбеков аппаттан кийинки абал, жабыркагандарга жардам берүү иштери тууралуу маалымат берди. Атамбаев тийиштүү чараларды ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.

"Боинг-747-400" учагы 16-январда Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Мерт кеткен 38 адамдын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айылдагы жашоочулар. Набыт болгондордун 17си балдар.

Учак 26 үйгө зыян келтирген. Анын 19у таптакыр кыйраган.

Жабыркаган үй-бүлөлөргө президент 100 миң сомдон, парламент спикеринин фондунан 80 миң сомдон, өкмөт 70 миң сомдон жардам берери айтылган. Андан тышкары, атайын ачылган банк эсебине да каражат которулууда. Ошондой эле гуманитардык жардамдар чогултулуп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG