Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Азаматтын АКШдагы ийгилиги


Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков
Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков

Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктун “Стейнвей Холлунда” өткөн Franz Lizst: Life in Musiс фестивалына катышты. Азамат Сыдыков азыр Mannes College of Music окуу жайынын студенти.

“Азаттык”: Нью-Йорктогу атактуу “Стейнвей Холл” залында койгон дебютуңуз менен куттуктайбыз. Бул деңгээлге жетүү үчүн кандай тепкичтерди басып өтүүгө туура келди?

Азамат Сыдыков: Кечээ күнү алгачкы дебютум абдан жакшы өттү. Бул менин кичинекей ийгилигим. Анткени “Стейнвей Холл” абдан барктуу музыкалык залдардын бири. Сергей Рахманинов, Артур Рубинштейн жана башка залкар музыканттар “Стейнвей Холлдо” ойношкон.

Кошмо Штаттарда мен биринчи жолу концертте ойнодум жана дал ушул залда өткөнүнө абдан кубанычтамын. Мен жакында Mannes College of Musiс деген колледжге өттүм. Ошол жакка өтөөр алдында чоң сынак болгон. Сынакка 150дөн ашык талапкер катышкан. Алардын арасынан 20 киши өтүп, үчөө стипендияга жана “Стейнвей Холлдо” ойноого мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын бирөө мен болуп калдым. Ошентип Кыргызстандын атын чыгардым. Кечээ “Азамат Сыдыков! Кыргызстан!” деп жарыялашты.

“Азаттык”: Ал жактан кайсы чыгарманы аткардыңыз?

Азамат Сыдыков: Бул фестиваль Ференц Листтин чыгармачылыгына арналгандыктан мен бул венгриялык музыканттын “Испан рапсодиясын” аткардым.

“Азаттык”: Америкалык музыка ышкыбоздору кандай кабыл алышты?

Азамат Сыдыков: Абдан жакшы кабыл алышты. Көрүүчүлөрдүн арасында Этери Анджапаридзе аттуу белгилүү пианистка да болду. Ал концерттен соң мага мактоо сөздөрүн айтып, Нью-Йорктогу ачык мастер-классына чакырды.

“Азаттык”: Чыгармачылыкта колдоо көрсөтүп, демөөрчү болгондор барбы?

Азамат Сыдыков: Жок, мага эч ким жардам берген жок. Мага Кыргызстан деле эч кандай колдоо көрсөтпөйт. Бирок мен доомат коюп, таарынбайм деле. Баса, кечээ күнү мага Natalie G.Risbeck Piano Scholarship деген чоң суммадагы стипендия тапшырылды.

“Азаттык”: Музыкага болгон ынтызарлыгыңыз качан башталды?

Азамат Сыдыков: Биз Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун жатаканасында жашачу элек. Ал жерде көптөгөн атактуу музыканттар биз менен кошуна болчу. Алар менин ырдап, бийлеп жүргөнүмдү байкап, апама музыкалык окуу жайга эле алып бар деп кеңеш беришиптир. Апам да музыкант. Мени Мукаш Абдраев атындагы мектепке киргизди. Бирок албетте бардыгы эмгектен деп айтаар элем.

Мага көп мыкты мугалимдер сабак беришти, мен өзүм аябай көп машыктым. Мындан тышкары биздин тунгуч президентибиз Аскар Акаев убагында бир топ эле жардам көрсөттү. Бир кезде филармониядан койгон концертимде, анда мен 13-14 жашта элем, Аскар Акаев “бул биздин болочоктогу Артур Рубинштейн, кийин Азамат да сөзсүз “Стейнвей Холл”, “Карнеги-Холлдо” ойнойт” деп айтканы эсимде. Мына эми 15 жыл өткөндөн кийин ал кишинин сөздөрү ишке ашты.

Мен Кыргызстанды аябай сагынам. Азыр ал жакта апам, туугандарым бар. Мен эми Кошмо Штаттарда да 2 жыл окуйм. Андан кийин да мыкты пландарым бар. Ден соолук болсо баары алдыда.

“Азаттык”: Рахмат. Чыгармачылыгыңызга ийгилик!

Азамат Сыдыков: Силерге рахмат. Кыргызстанда тынчтык болсун, элим аман болсун.
XS
SM
MD
LG