Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

АКШ менен алака кандай болушу керек?


АКШ мамкатчысы Жон Керринин Бишкекке сапары. 31-октябрь, 2015-жыл
АКШ мамкатчысы Жон Керринин Бишкекке сапары. 31-октябрь, 2015-жыл

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти мурдагы СССРге кирген мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстандагы демократияны колдоо максатында келерки жылы 4 миллиард доллардан ашык акча бөлүнүп жатканын маалымдады.

Учурда кыргыз-америка кызматташуусунун келечегин аныктаган жаңы келишимдин долбоору иштелип жатканы кабарланууда. Деги Кыргызстан менен АКШ ортосундагы алакалардын негизин эмне түзүшү керек? Эки өлкө мамилелерин жакшыртуу үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, саясат таануучу Эмил Жураев катышты.

“Азаттык”: 2015-жылы кыргыз өкмөтү 1993-жылы Америка менен кол койгон келишимди денонсациялаган эле. Андан Кыргызстан кандай пайда-зыян тапты?

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков: Биз эки нерсени жоготтук. Биринчиси - биз өзүбүздүн эл аралык деңгээлдеги, дүйнөдөгү маанилүү мамлекет болгон Америка алдында кадыр-баркыбызды жоготтук. Биз өз маселебизди өзүбүз чече албайбыз, биз үчүн башка мамлекеттер чечет деген белгини бердик.

Экинчиси - ошол келишимдин негизинде бир топ жардамдар келчү, өзгөчө медицина тармагына. Ошол келишимдин негизинде кургак учук, сарык, СПИД ооруларын ооздуктоо үчүн келип жаткан жардамдар токтоп калган. Өкмөттүн келишимди кайра түзөлү деген ою ушундай кыйынчылыктардан жол табууга түртүп жатат окшойт.

“Азаттык”: 9-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алуу учурунда эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртуу максатында жаңы келишим даярдалып жатканы айтылды. Ал жаңы келишим кандай негизде түзүлүшү керек, кандай принциптерге таянышы зарыл?

Эмил Жураев: Эки мамлекеттин ортосундагы салкындап калган мамилени жакшыртууга аракет болуп жатат. Биздин тышкы саясатыбыз бир эле тарапты карабай көп багыттуу, көп векторлуу болушу керек. Албетте, документте улуттук кызыкчылык, теңата мамиле жана бири-бирин сыйлоо деген принциптер жазылат. Келишимдерди аткарууда ушуларды бекем карманышыбыз керек.

“Азаттык”: Демейде келишимдерди түзүүдө улуттук кызыкчылык деген түшүнүк бийик турат эмеспи. Американын Борбордук Азиянын башка чоң, бай мамлекеттерине салыштырганда Кыргызстандагы кызыкчылыгынын салмагы, орду кандай? Кыргызстан алар үчүн канчалык маанилүү өлкө?

Равшан Жээнбеков: Америка аябагандай чоң мамлекет. Бизге окшогон кедей мамлекеттердин бардык маселелерин өзүбүз барып чечип алабыз деген туура эмес. Башка авторитардык мамлекеттерге салыштырганда Американын алдында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ушундай келишимдерде сактоо бир кыйла жеңил. Анткени Кыргызстандын демократиялык мамлекет катары улуттук кызыкчылыгын коргоо аракети алар үчүн жакшы көрүнүш катары эсептелет.

“Азаттык”: Бардык өлкөлөрдө чет өлкөлөр менен кызматташууда приоритеттүү багыттарды көрсөтөт. Кыргызстандын Америкада эмне кызыкчылыгы бар, алардан эмне алабыз, эмне беребиз?

Эмил Жураев
Эмил Жураев

Эмил Жураев: Кыргызстан үчүн Америкада кызыкчылыктар аябагандай көп. Кеп Американын чоңдугу, экономикасынын көлөмүндө эмес. Эки тараптуу кызматташуудан сырткары да көп маселелер бар. Америкада дүйнөлүк каржы уюмдарынын дээрлик баары, Бириккен улуттар уюму жайгашкан, башка соода уюмдарынын ачкычы да алардын колунда. Каржылык жаатта кыйналып, карызыбыз көбөйүп жатканда Американын өзү, эл аралык уюмдар менен кызматташуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.

Равшан Жээнбеков: Бир тарыхый фактыны айтайын. 1945-жылдан кийин Батыш Европа мамлекеттери, Германия баш болуп ошол эле Американын жардамы менен көтөрүлгөн. Чыгыштагы Жапония, Сингапур баштаган көп мамлекеттердеги, азыркы учурдагы Грузия, Молдова, Украинадагы чоң өзгөрүүлөргө Американын түздөн-түз салымы бар.

Эми мен Америкадан алып жаткан жардамдарды экиге бөлөт элем. Биринчиси - алар эгерде биз авторитардык мамлекет болсок да жардам берет. Экинчиси - демократияны куруп, жаңы күч менен саясат жасасак Америка дагы башка жардамдарды берет. Ошондуктан Американын жардамысыз жакшы мамлекет болуу, өнүгүү, реформа жасоо мүмкүн эмес.

Тилекке каршы, биз демократиялуу эмес, эркин эмес, Орусиянын көзүн караган өлкөлөрдүн катарына киребиз. Мындай мамлекетке батышта башкача мамиле кылышат.
Равшан Жээнбеков

“Азаттык”: АКШ Кыргызстанга басымдуу жардамдарды демократияны колдоо багыттарына гана берип келатат. Эмне үчүн экономикалык долбоорлорго жардам бербейт деген суроолор көп коюлуп келет. Америкадан инвестициялык долбоорлорду күтсө болобу?

Равшан Жээнбеков: Күтсө болот, келет. Тилекке каршы, биз демократиялуу эмес, эркин эмес, Орусиянын көзүн караган өлкөлөрдүн катарына киребиз. Мындай мамлекетке батышта башкача мамиле кылышат. Бизге алардын келбей жатышынын негизги себеби ушунда. Эгерде биз реформаларга даяр болуп, өзүбүздү көрсөтсөк, анда бизге Америкадан инвесторлор, жаңы технологиялар, соода жаатындагы, өзгөчө газ, мунайзат, энергетика тармагындагы салымдар келмек. Бул өзүбүзгө байланыштуу маселе, анын Америкага кереги жок.

“Азаттык”: Эмил мырза, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусиянын Америка жана Батыш менен мамилеси салкындап турган учурда биздин өкмөт Америка менен өз алдынча, кылчактабаган саясат жасай алабы?

Эмил Жураев: Тышкы саясаттагы мындай кырдаалды деле өзүбүз түзүп алдык. Ким болбосун бир тараптуу кызматташуу Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт. Америка эмне үчүн инвестиция алып келбейт деп жатышпайбы. Анткени Америка накта базар мамилеси өнүккөн мамлекет. Өкмөт орус бийлигине окшоп “Русгидро” сыяктуу компанияга "эки миллиард доллар алып барып ГЭС кургула" деп айта албайт. Эгер Кыргызстандын экономикасы эркин, кызыктуу болсо Америкадагы гигант компаниялар өзү келмек. Ал үчүн бизде туруктуу саясат, ишенимдүү, коопсуз шарттар түзүлүш керек.

“Азаттык”: Равшан мырза, АКШнын ЮСАИД программасы аркылуу Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана маданий долбоорлорду каржылоо токтоп калды деп айтылууда. Аны кантип жандандыруу керек?

Равшан Жээнбеков: Бизге ЮСАИДдин жардамдары өтө көп. Айыл чарба, медицина, ишкерлерди кайра даярдоо, билим берүүгө көп салымдарды кошууда. Жаңылбасам быйылкы жылдын бюджети 150 миллион доллардын тегерегинде. Келишимди бузгандын айынан ЮСАИД аркылуу келген жардамдар токтоп калган. Түзүлө турган жаңы келишимде бул жардамдарды жөнгө салуу каралышы керек.

XS
SM
MD
LG