Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган


Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттедждер, Бишкек
Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттедждер, Бишкек

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын алдында Максим Бакиевдин Бишкектин чок ортосундагы бир гектардан ашык жери өткөн айда башка колго өтүп кеткени маалым болду.

Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштары Алексей Елисеев, Алексей Ширшовдорго таандык делген, камакта турган мүлктөр боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу 18-январда парламентте жалпы жыйында айтылды.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаев Бишкек шаарынын борборундагы Максим Бакиевдин аянты чоң камакта турган жери башка колго өткөнүн маалымдады:

- Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган Скрябин 45-а көчөсүндө катталган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Бул жер эмнеге камактан чыгарылып, башка колго өтүп кеткенин жана башка кесиптештерим айтып жаткан ушундай фактыларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзсөк деген сунуш киргизип жатабыз. Тиешелүү комитеттин чечими бар.

Бул жерге байланыштуу айрым жагдайлар белгилүү болду. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, апрель ыңкылабынан бери камакта турган, сатууга тыюу салынган бул жер мындан толук бир ай мурун, 19-декабрда Туратбеков Элдар Акылбекович аттуу адамга катталган. Тиешелүү органдардан муну ырастаган жооптор алынган:

- Бул жер Максимдики экени 100 пайыз далилденген. Наркы үч миллион доллар турат жер тилкеси. Ал жер Башкы прокуратуранын токтому менен сатууга жана алууга тыюу салынып камакта болчу. Бирок кандайдыр бир күчтөрдүн аракети менен башка бирөөлөрдүн менчигине өтүп кеткен. Ушул даректе Максим Бакиевдин сегиз фирмасы катталган. Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү документтери бар. Бул Максимдин мүлкү экени айдан ачык. Далилденген мүлкү ушул болчу. Аны сатуу элден, мыйзамдан коркпогон кайсы бир топтун колунан келген. Ошондуктан биз муну иликтейбиз. Муну менен катар эле бардык башка мүлктөрдү дагы текшеребиз. Эгер ушуну алып кеткен болсо, анда башка мүлктөрү оңой эле кымырылышы мүмкүн. Жер камактан 19-декабрда чыккан жана Туратбеков Элдар Акылбеков дегенге өткөн. Биз тиешелүү органдардан жоопторду алдык, эми калган чараларды көрөбүз.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева эгер камактагы жер сатылып кеткени аныкталса, ага тиешеси бар кызмат адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек дейт:

- Азыр конкреттүү факты, конкреттүү жер, ошол жердин дареги айтылып жаткан. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылып жатат. Кайсы бир деңгээлде коррупциянын, кайсы бир кызмат адамдарынын, аткаминерлердин шалаакылыгы менен болгонбу, айтор бул маселе текшерилип, тиешеси бар адамдар жооп бериши керек.

Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр
Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр

Башкы прокуратура Максим Бакиевдики делген жердин сатылышы боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.

Биз ал жердин таржымалын сурап Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылдык. Мекеменин жетекчиси Таирбек Сарпашев сөз болуп жаткан жер тилкесин камактан чыгарууга Мамлекеттик каттоо кызматтын тиешеси жоктугун, каттоочу гана орган экенин белгиледи:

- Эгерде сиздер бул жердин таржымалын билгиңиздер келсе, бизге кат менен кайрылсаңыздар, биз расмий жооп беребиз. Биз каттоочу гана органбыз. Биз каттоочу орган кайсы бир мүлктөр камакта турган болсо биз аны зыңкыйтып кармайбыз. Эгер мыйзам чегинде камактан чыгарылса, анда биз каттап бербиз. Каттап жатканда камактабы, же жокпу деп карайбыз, текшеребиз. Жол-жобосу ушундай. Биз каттап жатканда бардык жагын карайбыз.

Мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына, санаалаштарына таандык мүлктөр боюнча доомат көп. Көпчүлүгү улутташтырылды деген менен кандайдыр бир себептер менен сатылып, башка колго өтүп кеткен фактылар болгон.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин этегиндеги Кой-Таш айылында салып жаткан үйүнүн жери боюнча чуу чыккан. Анын саясий оппоненттери “Дастан” мамлекеттик ишканасына караштуу бул жер 2010-жылга чейин Максим Бакиевге таандык фирманын колунда болгонун, апрель ыңкылабынан кийин кандайдыр бир себептер менен улутташтырылбай калганын айтып чыгышкан. Бул жерди азыркы мэр Албек Ибраимовдун жубайы сатып алганы, анан кайра эле Атамбаевге сатканы боюнча күмөндүү жагдайлар айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев айтылган чуулуу маалыматтардын баарын иликтеп чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган. Башкы көзөмөлдөөчү орган Албек Ибраимов менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жерди сатуу-алуу иштери мыйзамдуу эле болгон деген бүтүм чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG