Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Президент жана кайгы


Маркумдарды акыркы сапарга узатуу.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 16-январдагы авиакырсык болгон жерге барбады, президент эли менен кайгыны бөлүшпөдү деген сын-пикирлер көп талкуунун төркүнү болууда.

Мамлекеттик жетекчилер элге мүшкүл түшкөндө кандай мамиле жасашы керек? Кыйын кырдаалдан саясий упай топтоонун этикалык, моралдык, ыймандык ченемдери болушу керекпи?

“Арай көз чарай” талкуусуна “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов жана “Элдик сакчы” кошуунунун негиздөөчүсү Алга Кылычов катышты.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, президент Атамбаев авиакырсыктан жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүү боюнча жарлык чыгарды, өкмөткө тапшырмаларды берип жатат. Бирок ошого карабай эли менен кайгысын бөлүшө алган жок деп сынга кабылып жатканынын төркүнүн сиз эмнеден көрөсүз?

Жеңиш Молдокматов: Бул маселе коомдо абдан кызуу талкуу жаратты. Маданият, адеп-ахлак жагынан алганда эл башына түн түшкөндө президент элге барып, бирге болуп, кайгысын тең бөлүшүп, дем-күч бериши керек болчу. Ошол жердеги штабдарга кирип, жагдай менен жеринен таанышып чыкса болмок.

Президенттин элге келбей койгонуна эмне себеп болгонун билбейм. Конституция боюнча бийликтин эки гана бутагы – президент жана Жогорку Кеңеш эл тарабынан шайланат. Жогорку Кеңеш төрагасы, айрым эл өкүлдөрү кырсык болгон жерге барды. Өкмөт мүчөлөрү болсо милдеттүү түрдө барышы керек. Ал эми президент эл тарабынан шайланып, эл ишениминде болуп жаткандан кийин барып койсо жакшы болмок.

Мындай кырсыктарда мамлекет тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп келген, дагы эле болот. Аза күнү деп жарыялоо президенттин биринчи милдети. Ал эми элге барып койсо бир топ дем бермек...

“Азаттык”: Алга мырза, мамлекет башчысы ал жерге барса болот беле, болбосо ага эмне тоскоол болду деп ойлойсуз? Айрым пикирлерде айтылгандай ал кишинин ден соолугу же коопсуздугуна байланышкан башка дагы себептер барбы?

Гуманитардык жардамдан бир көрүнүш
Гуманитардык жардамдан бир көрүнүш

Алга Кылычов: Кырсык болгон биринчи күнү эле президентибиз аза күтүү күнү боюнча жарлыгын чыгарды. Коомчулук бул маселени ар кандай түшүнүүдө. Президент элге бүгүн барбаса, эртең барышы мүмкүн, жабыркагандардын абалын бүрсүгүнү сурайттыр. Мисалы, мен жакындарынан айрылган, каза болгон үй-бүлөлөргө барып, топурак салып келдим. Азыр баары эле айтып жаткан президентке нааразычылыкты мен алардан байкаган да, уккан да жокмун, тескерисинче ыраазычылык айтышты.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, бул кайгылуу окуяны“ президентти жаман көрсөтүү үчүн пайдалангандар бар дегендер жок эмес...

Жеңиш Молдокматов: Эми “беш кол тең эмес”, коомдо ар кандай ойлор, пикирлер боло берет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, ошол учак кулаган жерге барып, сүрөткө түшүп, Фейсбуктан акыл үйрөтүп чыгышты. Эл башына мүшкүл түшүп жатканда андан саясий упай топтойм дегендер болууда. Бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек.

Президент элге барып койсо болмок деп жатабыз. Мисалы, Жапонияда жер титиреп, суу каптаганда император элге барып, алар менен бирге болуп жатпайбы. Башка мамлекеттердин мисалынан деле көрүп жатабыз...

Алга Кылычов: Мен кээ бир саясатчыларга “жетишиптирбиз” деген гана баа берем. Мүмкүн айрым саясатчылардын электораты азайып, эл ишенбей жатышы мүмкүн. Ушундай жаманчылыктан да пайдаланып өздөрүнүн жеке мүдөөлөрүн да ишке ашырып жатышат. Өздөрү бир нерсе кылбаса да аны президенттен көргөндөр болууда. Кээ бир интернет сайттары туура эмес маалыматтарды таркатып жатышат.

Жеңиш Молдокматов: “Темирди ысыгында чап” демекчи, бир кошумча маалымат, тактоо. Кырсык болгон жерге баргандардын баары КСДПнын депутаттары болуп жатпайбы. Эгер президент элге барса, депутаттар тарабынан куру популизм, “пиар” болбойт эле. Менин күйгөнүм ушул болууда. Ага карабай мамлекетке чоң мүшкүл, оор кырсык болгондо эл өзү ынтымагын, биримдигин көргөзө алды.

Алга Кылычов: Менин жеке пикиримде президент алдын ала пландалып койгон иш-чаралардан сырткары кыргыздын жакшылыктарына өзүнүн жөнөкөйлүгүн көргөзүп, колунан келишиче катышып келе жатат.

Менин кырсык болгон жерге президенттин келбей калган себебин айтканга укугум жок. Бирок ушул нерсени пайдаланып, кайгыдан пайда издеп, саясатташтыруунун кажети жок болчу. Президент бул убакка чейин деле оор абалга туш болгон адамдарыбызга жакындан жардам берип келатканын билебиз. Учак кырсыкка учураган жерге эмне үчүн барган жок, элдин абалын сураган жок деген суроолорго биз билбеген себептер, жооптор болушу мүмкүн.

Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG