Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Ири мүйүздүү мал болбойт


Каркыра жайлоосу
Каркыра жайлоосу

Кээ бир журналисттердин жазганын окуп, айтканын угуп отурсаң...

Адегенде “ири” деген сөздүн маанисин билип алалы. Ири деген “чоң”, “үлкөн” дегенди билдирет. Мисалы, “А балам, анын теги ири, ата-бабалары ырыс-кешиктүү, ыймандуу, мыкты адамдар болгон” дейт.

“Ири” сөзүнүн дагы бир мааниси, ирий турган азыктарга багышталып айтылат. Мисалы, “Сүт ириди” дейт. “Ириген ооздон чириген сөз чыгат” дейт.

Маселен, “Ал барары менен адамдардын арасын иритти” десе, “Ал барары менен адамдардын арасын бузуп-жарды” дегенди билдирет. Мунун тескерисинче “Иригенди жууруду, бузулганды түзөдү” десе, ырксыз, ынтымаксыз жамаатты бириктирди, ынтымакташтырды дегенди түшүндүрөт.

Бизде айыл чарба адистери орустун “Крупный рогатый скот” деген сөзүн маанисине жараша которбогон чала сабаттар “Ири мүйүздүү мал” деп сөзмө сөз которуп салып, акыры ушинтип жазып, ушинтип сүйлөп калганбыз. Сөздү мыкты билген аксакалдар ошондо эле “Ири мүйүздүү мал” деген туура эместигин айтып келишкен. Бирок уккан жан болгон эмес. Аныгын айтсак, кыргыз “Ири мүйүздүү мал” деп айткан эмес. Орус тилинен калька менен которулган бул сөз ушинтип бузулуп айтыла берип азыр өмүрү мүйүзү болбогон жылкылар да “ири мүйздүү малдын” ичине кирип кетти окшойт.

Кыргыз төөнү, уйду, жылкы менен топозду “бодо мал” же “кара мал” деп атаган. “Кара” деген сөз өңдү, түстү билдиргенден башка дагы бир маанисинде– чоң дегенди билдирет. Мисалы “Кара кыргыз” деген өңү кара эмес, “Чоң кыргыз” дегенди түшүндүрөт. “Каракол” деген “черный рука” эмес, “чоң кол” деген мааниде. Дагы бир мааниси көп, сансыз, эсепсиз дегенди билдирет. "Кара таандай каптап", дейт. Кыскасы, каранын мааниси көп.

“Ири мүйүздүү мал” деген уйларга гана багышталган сөз. Айрымдар “уйдун мүйүзү ийри эмеспи, ошондуктан “ийри мүйүздүү мал” деп айткан туура деши да мүмкүн. Андай болсо “Түз мүйүздүү мал” деген да болобу? Ошондуктан ата-бабаларыбыз айтып келген аталыштарды бузбайлы. Анткени байыртан мал менен өскөн кыргыз башкадан жаңылса дагы малдан жаңылган эмес. Малга келгенде өзгөчө так кыргыз “Бодо мал” же “кара мал” деп келген аталыштарды орто жолдон, “ири мүйүздүү мал” дегенибиз, ат көрбөгөн баланын “Ат миндим” дебей, “атка олтурдум” дегени менен барабар.

“Бодо малга” же “кара малга” – уй, топоз, төө, жылкы кирет.

XS
SM
MD
LG