Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Авиакырсык: учак жүгүнүн чиеленген түйүнү


16-январь күнү “Манас” аба майданына коно албай, айылга кулаган “Боинг-747” учагынын ичинде электрондук товарлары болгону маалымдалган.
16-январь күнү “Манас” аба майданына коно албай, айылга кулаган “Боинг-747” учагынын ичинде электрондук товарлары болгону маалымдалган.

Түркиялык MyСargо авиакомпаниясынын жетекчи орун басары Хамза Тыглай кыйраган учак “Манас” аба майданына жүк таштоого эмес, май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин билдирди.

Анын бул билдирүүсү компаниянын Стамбулдагы Башкаруу кеңешинин “учакта жетиштүү күйүүчү май болгон” деп мурда тараткан кайрылуусунан айырмаланат. Анткени транзиттик карго рейстин Бишкекке жүк таштоо же жүк алуу укугу болгон эмес. Ошондуктан ал аткезчилик жүк болушу мүмкүн деп шек санаган парламенттик оппозиция жүктүн ээси жашырылып жатканын айтууда. Былтыр күздө бул карго рейс ачылганда кымбат смартфондор жүктөлгөн эки фура контрабандалык жүк “Манас” бажыканасынан чыкканда кармалган болчу. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы муну ырастап, бул иш азыр сотто экенин белгиледи.

Эки күн ичиндеги эки башкача билдирүү

Түркиялык MyСargо авиакомпаниясынын жакында Бишкекке келген жетекчи орун басары Хамза Тыглай "Манас" аба бекетине жакын жайгашкан Дача СУ айылына кулаган учактын учуу багыттары жана андагы жүктүн каякка таандык экени туурасында Кыргызстандын Транспорт министрлигинде 20-январь күнү түшүндүрмө берди.

MyСargо деп аты өзгөргөн ACT аба жолдору компаниясынын Башкаруу кеңешинин 18-январдагы кайрылуусунда кыйраган учактын Бишкектен май куюу муктаждыгы болбогону көрсөтүлгөн эле.

Эми болсо компаниянын жетекчи орун басары Хамза Тыглай кыйраган учак “Манас” аба майданынан май куюп, экипажды алмаштырыш керек эле деп айтты:

- Гонконгдон учкан жүк ташуучу учак Бишкекке конуп, анан Стамбулга багыт алышы керек эле. Андагы жүктүн бара турган жери Бишкек эмес, Стамбул болчу. Биз Бишкекке май толтуруу жана экипажды алмаштыруу үчүн гана түшөбүз. Бишкекке конуудагы башкы максат – жүк таштоо эмес, май куюу жана учкучтарды алмаштыруу болчу. Гонконгдон Стамбулга түз, тынымсыз учса деле болот. Бирок оор жүк болгондо учак экипажды алмаштырууну жана май толтуруп алууну талап кылат.

“Манас” эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев маалымат жыйынында билдиргендей, Гонконг-Бишкек-Стамбул авиа жүк каттамы ортодон жүк алып же жүк таштабайт. Бул транзиттик жүк ташуу рейстеринин жадыбалы 2016-жылдын 18-октябрынан 2017-жылдын 20-мартына чейин бекитилген.

Үч ай мурунку жүктүн илинчеги

2016-жылы 21-октябрда Бишкек - “Манас” аэропорту жолунан iPhone 5 S, iPhone 6, HTC, Lenovo, Samsung үлгүсүндөгү смартфондор жүктөлүп, “Манас” бажысынан чыккан эки фура кармалганы жарыяланган. Бул боюнча билдирген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аткезчилик фактысынын негизинде кылмыш ишин козгогон. Бул миллиондогон сомдук бажы төлөмүсүз чыгарылган аткезчилик жүктү кармоо операциясы боюнча видео тасма интернет сайттарга коюлган жайы бар. Бирок анда жүктүн кимге таандык экени жана анын каяктан учуп келгени кабарланган эмес.

Контрабанда жолу менен келген телефондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы Сооронбай Идрисов ал иш сотто каралып жатканын айтуу менен гана чектелди:

- Менин кыскача болсо дагы айтып койо турганым, азыркы учурда бул ишти тергөө толук аяктаган. Бул кылмыш иши кароо аймагы боюнча Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Мына ушул күндөрү ал кылмыш иши өндүрүшкө алынып, каралып жатат. Мындан 2-3 күн мурун соттон бизге бул жараяндын катышуучуларын, анын ичинде күбөлөрдүн сотко келишин камсыздап бергиле деген кат келди. Демек, сот жараяны кайсы бир күнгө дайындалып, башталганы турат десек болот. Бул ишке катышы бар кайсы компания экени дагы тергөөдө белгилүү болгон. Бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу аны ачык айта албайм. Бул жерде биз жашыра турган эч нерсе жок. Расмий түрдө суроо-талап менен кагаз жүзүндө кайрылсаңыз, мыйзам чегинде жооп беребиз.

Күздө кармалган аткезчилик схемасынын жакында кыйраган учактагы ээси белгисиз болуп жаткан жүк менен байланышы тууралуу шек саноолор күчөдү.

2016-жылы 21-октябрда кармалган контрабандалык жүк тууралуу расмий маалымат.
2016-жылы 21-октябрда кармалган контрабандалык жүк тууралуу расмий маалымат.

Анткени жогорудагы аткезчилик жүктү өткөрүп жиберген кылмыш фактысы боюнча “Манас” бажысынын башчылыгына кандайдыр бир чара көрүлгөн-көрүлбөгөнү коомчулука белгисиз. Бажы кызматынын төрага орун басары Шамил Бердалиев аталган чуулгандуу факты туурасында эстей албай жатканын айтып, түз жооп берүүдөн баш тартты:

- Мен бая күнү эле сиз менен сүйлөшкөндө “бизде андай маалымат жок” деп айтпадым беле. Сиз каяктагы маалыматты айтып жатасыз, менде андай маалымат жок. Качан, ким кармалган, эмне кармалган, мен билбейт экемин. Менин бул тууралуу эсимде жок. Кечирип койосуз, мен эс алып жаттым эле. Маалымат керек болсо, мага кагаз жүзүндө кайрылсаңыз, жооп берет элем.

Депутаттардын пикири

Быйыл күздө “Манас” бажысынан чыккан жолдо кармалды делген ал аткезчилик жүк Бишкекке коно турган кайсы транзиттик жүк ташуу рейсине таандык экени белгисиз. Учурда кыйраган учактагы жүктүн каякка таандык экенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин мына ошол “Манас” аба майданындагы буга чейинки транзиттик жүк ташуу рейстери жана андагы аткезчилик жолдорун текшерүүдөн баштады.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- “Бул жүктүн ээси бизбиз” деп ушул күнгө чейин эч ким айтпай жатпайбы. Эгерде чынында эле жүк Түркияга багытталганда деле, мына ошол жактагы жүктүн ээлери болгон кайсы бир компаниялар “жүктүн ээси бизбиз, биз чыгым тарттык, бизге мыйзамдуу түрдө кенемте төлөп берилиши керек” деп эле ачык айтып чыгышмак да. Жүктүн ээси жок болуп жатпайбы. Ал мыйзамдуу жүк болсо, чыгат эле да эмдигиче. Демек, бул жүктүн ээси Кыргызстанда эле болушу мүмкүн деген суроону жаратат. Муну ээси Түркияда болгондо бирөө-жарымы “баланча компаниянын жүгү кыйроого учурады, мына ошого кенемте төлөнүп берилет” деп эле айтылат эле да. Аны жашыруунун кимге кереги бар эле, эгерде мыйзамдуу болсо. Азыр таң калыштуусу, мына ошол компенсацияны дагы эч ким талап кылбай жатпайбы. Анан калса кырсык болгон жерде чачылып жаткан товарлардын нускамаларынын кыргыз тилинде болгону дагы шек жаратат. Бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык менен эми кайра жүк Түркияга багытталган болчу деп айтышы мүмкүн. Эми иликтөө көргөзөт.

Кыйраган учакта эмне жүк болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:35 0:00

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү кыйраган учактын ичиндеги жүк Түркияга таандык экенин жана анын камсыздандырылганын айтып чыккан эле. Ошондуктан кенемте талап кылчу компаниялар ачык билдирүү менен чыкпай турганы көрсөтүлгөн.

16-январь күнү “Манас” аба майданына коно албай, айылга кулаган “Боинг-747” учагынын ичинде планшеттер, смартфондор, мобилдик телефондор сыяктуу электрондук товарлары болгону белгилүү. Кыргызстандын өкмөтү бул жүк Түркияга таандык экенин айтса, башында MyСargо компаниясынын Стамбулдагы өкүлү кыйраган учак жүктү Бишкекке таштоо үчүн учуп баратканын билдирген эле. Ошондон кийин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү бул жерде чындыкты жашырып жатат деп айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG