Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Аким: Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр басылды


Кыргыз-тажик чек арасына жакын кыргыз айылдары.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын кыргыз айылдары.

Баткен районунун акими Кеңеш Салиховдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, бирок топтошкон адамдар бар. Бүгүн саат бештер чамасында Кыргызстандын Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыккан.

- Кырдаал тынчыды. Топтошкон адамдар бар, бирок бир аздан кийин тарашат. Күч кызматтары да келишти, кырдаалга көз салып турабыз,- деди аким Кеңеш Салихов. Район акими Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан пикир келишпестиктин себебин айткан жок.

22-январда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын Баткен районунун Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да "Азаттыкка" билдирди. Анын айтканына караганда, саат бештер чамасында эки тараптан отуздай киши топтолуп, кечээ чырлаша кеткен жаштар боюнча сүйлөшүп жатканда жаңжал чыккан. Разия Өсөрова тажик жарандары ага да кол көтөрүп, сабап салышканын, учурда ооруканада экенин кабарлады.

- Кечээ жаштар чатакташкан экен. Бүгүн биздин кеңсенин алдына отуз чакты киши келиптир. Барсам, улуу курактагы тажик жарандары жаштарын “кайткыла, инилер, чатактын кереги жок деп айтып жатыптыр. Мен дагы аларды коштоп, “койгула, балдар, чатак болсо, аны органдар текшерсин, үйүңөргө кетип калгыла” деп айтып турсам эле, сүйрөп жөнөштү. Анан биздин балдар жетип келгенче мени тээп-тээп, уруп жиберишти.

Ушундан кийин эки тараптан жаңжал болгон жерге ондогон адамдар топтолгон.

Учурда чек ара аймагында абал туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (JsA/Sa/ZKo)

XS
SM
MD
LG