Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Акыркы жылдары өндүрүштү Кытайдан, Мексикадан жана башка мамлекеттерден Америкага которуу жана Made in USA деген энбелгини кайра жандандыргысы келген башкаруучулар саны өсүүдө.

Ал гана эмес, керектөөчүлөр арасында да тиги же бул товар АКШда жасалган болсо жакшы болмок, өндүрүштү көчүрүү керек, мен товардын кошумча наркы көбөйсө деле сатып алат элем дегендер арбын.

Boston Consulting Group 2012-жылдан тарта өндүрүш күчтөрүн көчүрүү тууралуу бир нече изилдөө өткөрүп келген. 24-сентябрда жарыяланган маалымат боюнча, сатуу көлөмү 1 млрд. доллардан ашкан ишканалар ичинен 2012-жылы 37 пайызы өндүрүштү Америкага көчүрүп келүү аракетин көрүп же умтулуп келишсе, азыркы маалда бул көрсөткүч 54 пайызга жетиптир. Бул маалымат ар башка чөйрөдөгү ишканалардын чечим кабыл ала турган 200дөн ашык башкаруучуларынан сурамжылоо аркылуу алынган. Алардын дээрлик көпчүлүгү товарларын АКШда жана чет өлкөлөрдө да чыгарышат.

Ар кандай маалыматтарга караганда, өндүрүштү көчүрүүнүн негизги себептери катары Кытайдагы иш акысынын көтөрүлүшү, ташып жеткирүү наркынын өсүшү, технологиялардын мыйзамсыз көчүрүлүшү, чыгарылган продукциянын сапаты, адистерге болгон муктаждык жана Америка Кошмо Штаттарында жасалган товарларга талаптын артып жатканы айтылууда.

Boston Consulting Group компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, чечимге негизги жүйөө катары катары төмөнкү факторлор аталган: иш күчтөрүнө сарпталган каражаттар – 43 пайыз, кардарларга жакын болуу – 35 пайыз жана товарлардын сапаты – 34 пайыз.

Адистер акыркы кезде жогоруда айтылган себептерден улам жаңысы пайда болушун жана өндүрүштү Американын ичинде жүргүзүү барган сайын жагымдуу көрүнүшкө айланып бара жатканын белгилешүүдө.

Американын ичиндеги өндүрүштүн өрчүшү дагы бир орчун маселени чечүүгө өбөлгө боло алат. Азыркы учурда АКШда жумушсуздук көрсөткүчү 7,5 пайыз деңгээлинде.

Boston Consulting Group ишканасынын баяндамасында алдын ала прогноз катары өндүрүштү Америкага көчүрүү анын экспорттук көрсөткүчтөрдү арттырып жана рынок үчүн атаандаштыкты күчөтүү менен кошо 2020-жылга чейин 2,5 миллиондон 5 миллионго чейин жумуш орун пайда болоорун белгилешкен.
XS
SM
MD
LG