Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Максим Бакиевдин ишкер шериги Италияда камалды


Евгений Гуревич Римге шаршемби күнү келер замат камакка алынганын “Азаттыкка” кечээ кечинде анын адвокаты Астолфо Ди Амато ырастады:

- Гуревич Кошмо Штаттардан келгенден кийин аны аэропорттон кармап, Режина Челли (Regina Coeli) түрмөсүнө алып кетишти. Италияда ага негизинен “Фаствэб” компаниясынын ишине байланыштуу арам акчаны адалдоо деген айып тагылууда. Тергөөнүн ырастоосунда, айрым телебайланыш фирмалары көз бойомочулук жасап, Гуревич андан түшкөн арам акчаны адалдоого жардамдашкан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликтин каржылык кеңешчиси болуп, Бишкекте MGN компаниясын башкарган Гуревичке Италияда кылмыш иши козголгону алгач Апрель ыңкылабынын жуп алдында ачыкка чыккан.

Бул маалымат шардана болгондо Гуревич Кыргызстандагы кызматтарынан чегингенин жарыялаган. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Бакиевдин башка кызматташтары сыяктуу өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми былтыр каржылык мүнөздөгү бир нече кылмыш иштери үчүн айыпталган Гуревич Кыргызстанда сыртынан 15 жылга кесилген. (UE/AA)

XS
SM
MD
LG