Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Кыргызстанда беш жыл мурун ыңкылап жолу менен бийликке келген президент Курманбек Бакиевдин кайра эле күч менен бийликтен кетиши жалпы Борбор Азиядагы туруксуз абалдын акыркы мисалы болуп калды. Бул тууралуу ушул аптада Вашингтондо болгон талкууда айтылды.

Эларалык кризис тобу менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосу биргелешип өткөргөн талкууну радионун президенти Жефф Гедмин (Jeffrey Gedmin)жүргүздү. Ага Борбор Азияны жакшы билген америкалык эксперт-аналитиктер катышты.

Эларалык кризис тобунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Пол Куин Жаж (Paul Quinn-Judge) эң оболу акыркы ыңкылап учурунда “Азаттык” радиосунун өзгөчө мыкты ишин белгиледи.

“Кыргызстандагы соңку окуяларда “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кыргыз редакциясынын жана анын ичиндеги орус тилдүү баракчасынын маалымат таркатуудагы ролу өзгөчө болду, - деди Жаж. - Мен “Азаттык” радиосу жөнүндө айтып жатам. Радио эки күндөй бою маалымат алуунун дээрлик жалгыз булагы болуп турду. “Азаттык” болбогондо, өлкөдө эмне болуп жатканы тууралуу билүү бизге аябай кыйын болмок. Ошондуктан, мен кыялымда “Эркин Европа/Азаттык” радиосу өзүнүн регионалдык бөлүмдөрүнүн ишин мындан да кеңейтсе жакшы болмок демекмин”.

Пол Куин-Жаж, Эрик МакКлинчи (орточдо) жана Дэниел Киммэж, 19-май, 2010
Пол Куин Жаж андан аркы сөзүндө өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүндө дүйнө боюнча режимдер күч менен алмаштырылган 5-6 мисалды көрө алганын, алардын дээрлик баарында ыңкылаптардан кийин бийликке келген оппозиция күчтүү идеясы, иш боюнча так планы, жакшы уюшулган командасын көрсөтөөрүн, аларды адатта эл жалпы колдоого алаарын белгиледи. “Бирок Кыргызстанда андай болгон жок”, - дейт ал.

“Кыргызстандагы жаңы бийликте булардын бири да жок: ал туруктуу эмес, күчтүү эмес, жана калктын басымдуу бөлүгүнө анын кандай жол менен бийликке келгени жаккан жок. Кыргызстандыктардын көбү Курманбек Бакиевдин режиминин кулашын чындап каалашкан, бирок анын оордуна келген бийликти деле жапырт колдоп жиберген жок. Алдыдагы бир топ жылда алар кеңири тамырлаган коррупциялык система менен күрөшүшү керек жана бул иште алардын мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү”, - деди Жаж.

Эксперттерге кайрылып, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жефф Гедмин Борбор Азия АКШ үчүн энергетикага жетүүдөбү, Ооганстандагы операцияларындабы, айтор, көп тармактарда маанилүү экенин белгиледи.

“Өзгөчө мааниге ээ региондогу авторитардык режимдер менен Вашингтон кандайча кызматташы керек?” деген суроого “Азаттыктын” мурдагы аналитиги Дэниел Киммэж (Daniel Kimmage) мындайча жооп берди.

“Биз аймакта өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн күрөшүп жатабыз жана ал дайыма эле региондогу демократтардын, адам укугун коргоочулардын купулуна толо бербейт. Андыктан Кошмо Штаттары ал жактагы саясатын ачык-айкын, кандай болсо, ошондой айтып жүргүзүшү керек, - деди Киммэж. - Биз ал жактагы авторитардык режим бизге жардам берип жатканы үчүн эле аны “демократияны куруп жатат” деп айтпашыбыз керек”.

Киммэж бул маселеде АКШ менен Орусиянын Борбор Азиядагы саясатын салыштырып, орустар “демократияны курабыз” деп адамдарды алдабай эле, каалаганын ачык айтып жатышканын, андыктан аны колдогондор да көп экенин мисалга келтирди.

Пол Куин Жаждын ишениминде, Батыштагы бир топ мамлекеттер Кыргызстандагы соңку окуялардан кийин аймактагы саясатын өзгөртүүлөрү зарыл.

“Анткени Кыргызстанда авторитардык бийликтин кулашы бул өңдүү режим дурус өнөктөш боло албай тургандыгын көрсөттү”, - деди Жаж. – Кыргызстанда апрелде бийликтин кулашы Америка Кошмо Штаттарын жана Батыштагы бир топ мамлекеттерди аябай ыңгайсыз абалда калтырды. Анткени алар бул өлкөдө авторитардык бийлик түбөлүк тураарына ишенип, аны сындагандын оордуна, кызматташа башташкан. Андыктан Кыргызстандагы окуялардан сабак алып, мындан ары АКШ да, европалыктар да региондогу саясатын өзгөртүшөт го деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда андай болот деп толук ишеним менен айта албайм”, - деди Эларалык кризис тобунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Пол Куин Жаж.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG