Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

АКШ: Асма көпүрөдөгү кыргыздар


Көргөзмөдөгү видео инсталяциядагы кыргыз Нью-Йорктто кантип келгенин айтып берип жатат.

Көргөзмөдөгү видео инсталяциядагы кыргыз Нью-Йорктто кантип келгенин айтып берип жатат.

Нью-Йоркто кыргыз мигранттарынын арабөк абалын түшүнүү аракети жасалган көркөм инсталяция ачылды. Ал бала-бакырасын, өмүрлүк жарын, ата-энесин таштап, жогорку билимдүү адистер кара жумушта иштеп жүргөн кыргыздарга арналды.

Алдамчы үмүткө алданып, океандын ар жагына барып, эне сүтү менен канына сиңген тарбия, түшүнүктөрү айнектей быркырап сынып, жаңы баалуулуктарды кабылдап сиңире албай жүргөн журтташтардын арабөк абалы жөнүндөгү Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин көрсөтмөсү Нью-Йоркто көркөм өнөр очогу саналган Челси ооданындагы галереяга коюлду.



Белгилүү заманбап сүрөткер жубайлардын «Бруклин көпүрөсү» деген аталыштагы көркөм инсталяциясы Нью-Йоркто жашаган кыргыз жана башка борбор азиялык мигранттардын тагдырына көңүл бурдурат.

Винклмэн Галереясынын залындагы төрт видео экрандан үч кыргыз, бир өзбек америкалык кыялын кантип ээрчип жүргөнүн айтып жатышат. Залдын каршылаш дубалдарында орнотулган видео инсталяциядан Манхэттен менен Бруклинди бириктирген көпүрө аркылуу өтүп бараткан поездди көрөсүз. Буга кошумча Нью-Йорктун орус тилдүү тургундары отурукташкан мухит жээгинин Брайтон Биич тилкесиндеги күнүмдүк турмушту көрсөткөн төрт чоң фото-сүрөт илинген.

Муратбек Жумалиевге ал Бишкекке кайтып келгенден кийин телефон чалдым. Сүрөткер «бул инсталяция менен иммигранттардын Нью-Йорк, Америка жана өз мекени тууралуу чындыкка анча дал келбеген үмүт-кыялдарын көпчүлүккө жеткирүүнү көздөгөнбүз деди:

- 2009-жылы биринчи жолу Бруклинге барып, жердештер менен жашап, алардын турмушун көргөндөн кийин ушул тууралуу көргөзмө жасайлы деген ойго келгенбиз. Америкага кыргыздар көбүнчө бир эле үмүт менен – жакшы турмушка жетсек, балдарыбызды багалы деп барышат. Бир жылга барып, иштеп акча таап, кайра келебиз деп барышат, бирок калып калышат. Кээ-бири 5-6, башкалары 10 жылдап жашашат. Көбү мыйзамсыз жашашат. Америкага балдары келе албайт. Же күйөөсү барса, аялы артында калат, же аялы кетип, күйөөсү калып калат, турмуштары бузулат.


Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин Винкелман галереясындагы "Бруклин көпүрөсү" инсталяциясынан көрүнүш. февраль, 2012-жыл.

Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин Винкелман галереясындагы "Бруклин көпүрөсү" инсталяциясынан көрүнүш. февраль, 2012-жыл.

Модерн, же заманбап көркөм өнөр ээлери катары кеңири таанылган жубайлар соңку чыгармасын өздөрүнө курбалдаш журтташтарына арнашты:

- (Америкага) көбүнчө мугалимдер, 30-40тагы институтту бүткөн билимдүү кишилер, музыканттар барышат. Жаштар да барат, бирок алар башкача тарбия алгандыктан, үйдү анча сагынбайт, ошол жакка тез көнөт. Биз өзүбүздүн курактагы 40-50 жаштагы адамдардын турмушу жөнүндө айткыбыз келди.

Муратбек Жумалиев сөз кылган муундун өкүлдөрү СССРде туулуп, салыштырмалуу жай турмушта жетилишкен, сапаттуу билим алышкан, бирок кескин өзгөргөн борошолуу жаңы заманда чайналышты. Бирлери башка салганды көтөрө албай чөгүп, башкалары ажаан заманда өз арбайын өзү согуп калды. Сүрөткер мына ушул замандаштардын арасынан америкалык кыялга жетеленип кеткендеринин адатта эч ким деле үзүлүп кызыкпаган жашоосун түшүнүүгө далалаттанган:

- (Бул мигранттар) жакшы билими болсо да, жакшы жумуш таба албайт. Дарыгер болсо, дарыгер болуп иштей албайт, анткени биздин диплом Америкага таптакыр жарабайт. Мугалим болобу, музыкант, профессор болобу, эч кимдин иши жок. Барып кирпич коёт, ремонт жасайт. Музыканттар ошол жакка барып, өмүрүндө биринчи жолу кирпич койгонду үйрөнөт.

Киндик каны тамган айылын таштап кеткендер деле шаарга барганда өз айылы тууралуу ар нерсени ойлой баштайт. Бирөөлөргө алыста калган тоо койнундагы эрбейген элүү үйлүү кыштагы дүйнөдө табылгыс бейиштин төрү болуп элестеп, түшүнө кирет. Башкалар айыл дегенде жаан жааса ылайы камырдай жуурулган боз чаңгыл көчөлөр, дүкөндүн артында топтошуп алып, күндө арак ичкен жердештери көз алдына тартылат. Анын сыңарындай, бишкектик сүрөткерлер Америкадагы кыргыздардан Кыргызстан тууралуу ар кандай сөздөрдү уккан:

Көргөзмөдөн сүрөт: орус тилдүүлөр отурукташкан Брайтон Бичтин көчөсүнөн көрүнүш. 25-февраль, 2012-жыл.

Көргөзмөдөн сүрөт: орус тилдүүлөр отурукташкан Брайтон Бичтин көчөсүнөн көрүнүш. 25-февраль, 2012-жыл.

- Америкага барганда бир иллюзия болот. Америкада 5-6 жыл жашап калгандан кийин Кыргызстан жөнүндө иллюзия пайда болот. Мисалы ушул акчаны Кыргызстандан деле таба алмакпыз. Америкада жашоо оор, турмуш кымбат. Эмнеге бул жакка келдик, андан көрө Кыргызстанда туугандарыбыздын жанында болмок элек деп ойлошот. Башкалары «Жок, барбайбыз. Экинчи революция болду, ал жакта турмуш жаман болуп баратат дешет.

Ал арада Нью-Йорктогу көргөзмөдө коюлган видео экрандардын биринде кыргыз келин Флоридада үй тазалап жүргөндөгү окуяны эстеп, «Булар түнөп кеткени болбосо, баары таптаза бойдон турат. Ошого деле болбой, чайга деп 50 доллар таштап кетиптир» деп күлүп жатты.

Төрт экрандан төрт жакты карап сүйлөгөндөр аял-эркектин чыдамкайлыгы, өз ара мамилеси тууралуу такыр ар башка ойдо. Бир эркек «чет өлкөдө аялдар тың жашап кетет, анткени алар ийкемдүү келишет» десе, берки аял «Америкада эркектерге оңой, алар артка кылчактабайт, үйдө калган бала-чакасын бат эле унутуп калат» дейт.

2008-жылдын экинчи жарымында башталган дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин АКШга келген кыргыздардын саны азайган. Ал эми Америкага баргандардын көбү мурдагыдай эле мыйзамсыз амалдар менен калып калышат. Үмүт-кыялдары ишке ашып, ашпай, кайра үйүнө кеткендер да аз эмес дейт Жумалиев:

- Кээ бирлери легалдашып, жашыл карта алган. Башкалары Кыргызстанга келип жатат. Кээде Америкада алган тажрыйба бул жакта деле пайдасы тийет экен.

Албетте сүрөткерлер бул көргөзмөсү менен америкалык кыргыздардын жашоо-турмушунун оң, терс, өйдө-төмөн жактарын толук анализдеп, диагнозун коюп, алардын көйгөйлөрүн чечүүнүн дайар жолдорун сунуш этели деген эмес. «Бизде болгону алыста жүргөн журтташтардын ички дүйнөсүн түшүнсөк деген тилек болгон» дейт сүрөткер:

- Биз сүрөтчүбүз, диагноз коё албайбыз, маселени гана көтөрөбүз, баары бир ар ким өз жолун өзү табышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG