Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Кыргыз өкмөтү менен НАТО Кыргызстандын аймагынан жүк ташып өтүү боюнча келишимге жетишти.

Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга багытталган бул келишимден сырткары, Бишкек Вашингтон менен эркин соода жүргүзүү, визалык жеңилдиктерге жетишүүнү да көздөп жатат.

НАТО Ооганстанды колдоону улантат

21-майда АКШнын Чикаго шаарында НАТОнун саммити болду. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Саммитте Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийинки абал талкууланды. Жыйынтыгында 2014-жылдан кийин да НАТО өлкөлөрү Ооганстанды колдой бере турган болду.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, мына ошол саммиттин алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбоу Кыргызстан аймагынан темир жана автомобилдик жол аркылуу Ооганстанга жүк ташуу боюнча келишимге кол койду.

Бирок буга чейин эле кыргыз жана тажик айдоочулары НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан жана Тажикстан аймактары аркылуу ташып келатышкан.

Кыргызстан жүк ташуучулар бирикмесинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев тышкы иштер министри кол койгон жаңы келишимде жергиликтүү айдоочулардын кызыкчылыктары сакталбай калдыбы деп санааркайт. 22-майда келишимге кол койгон Руслан Казакбаев менен байланышып, аны тактоо азырынча мүмкүн болбой жатат.

Парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов келишимдин мазмуну менен тааныш эместигин айтып, бардык маселелер келишим ратификацияга алып келингенде айкын болоорун билдирди.

Шабданалиевдин айтымында, башка өлкөлөрдүн автоунааларынын Кыргызстан аркылуу өтүүсүнө уруксат берилсе, анда жергиликтүү шоопурлар конкуренцияга туруштук бере албай, кайрадан нааразылыктар чыга башташы мүмкүн.

Азыркы кезде кыргызстандык 350дөй шоопур Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн жүгүн ташып жатат. Алардын багыты Бишкектен башталып, Ооганстанга чейин созулат дейт Шабданалиев:

- Бишкек, Ош, Чоң-Алай, Сары-Таш, Карамыкка барып, андан ары Жерге-Тал, Дүйшөмбүдөн өтүп, Пянж деген дарыядан Ооганстанга киребиз. Ооганстандын аймагына да 20 чакырым ичкери барабыз.

Темирбек Шабданалиевдин айтымында, кыргызстандык 1.5 миңге чукул айдоочу иштөөгө кызыкдар болуп турат. Жүк азыркы мезгилде Ооганстанга ташылып эле калбастан, ал жактан чыгарыла да баштады. Акыркы эки жумада чет өлкөлүк айдоочулар бул ишке тартыла баштады эле, ал жаңжалга алып келди. Карамыктан аларды өткөрбөй коюшту.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу эле өткөрмө бекет. Ал эл аралык өткөрүү бекети эмес. Ошондуктан Карамык аркылуу жүк ташылып атат деп айтканга болбойт. Ооба, бүгүнкү күнү Карамык бекетинде 40тай чет өлкөлүк автоунаа, анын ичинде Ооганстандагы аскерлерге тамак-аш ташыган машинелер турат. Бирок биз аларды коё бербей жатабыз.

Эки өлкө ортосунда эркин соода болобу?

Кыргызстандын тышкы иштер министринин океандын ары жагына сапарында кыргыз-америка мамилесине байланыштуу дагы башка олуттуу маселелер талкууланган. Маселен Руслан Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда эркин соода жүргүзүү боюнча сүйлөшүүнү баштоону сунуштаган.

Блейк өз кезегинде бул маселени соода жана инвестиция боюнча эки тараптуу келишимдин алкагында талкуулоону жактаган. Маалыматка караганда, кыргыз тарап алдыдагы кыргыз-америка сүйлөшүүлөрүндө мына ушул келишимге жетишүүгө артыкчылык берүүгө умтулат. Демек, Кыргызстан менен АКШнын Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарап коё турган шарттардын бири - АКШ базарынын Кыргызстанга эркин ачылышы болмокчу.

Бишкек андан сырткары Кошмо Штаттарга барган кыргыз жарандарынын туристтик, студенттик жана ишкерлик визалары 5 жылдык болушуна жетишүүгө умтулууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул маселелердин чечилиши Транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу болот дейт:

- Бул маселелердин көпчүлүгү АКШнын базасы Кыргызстанда калабы-калбайбы ошого жараша чечилет. Эгерде биз мурдатан эле сүйлөшүүлөрдө, мурдагы президенттер, же кийинки убактагы эле сүйлөшүүлөрдө ошол маселелерди база менен кошуп киргизгенде, анда бул маселелердин көпчүлүгүн базанын арты менен чечүүгө бизде мүмкүнчүлүк бар эле. Азырынча база боюнча биз так позициябызды айтмайынча, алардын чечилиши абдан күмөндүү.

Кыргызстан менен Кошмо Штаттар Транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү эми гана баштап олтурат. Демек, кыргыз тараптын өз максатына жетүүсүнө убакыт жана мүмкүнчүлүк бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG