Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Жакында эле кызматына киришкен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым 31-майда “Азаттыкка” маек курду.

Азаттык”: Өткөн кылымдын соңку он жылынан кийин АКШнын Кыргызстанга кызыгуусу анча болбой калды. Азыркы кезде “Манастагы” Транзиттик борбор болгону үчүн гана Кыргызстан менен аргасыздан мамиле күтүүдө деген пикир коомчулукта кеңири өкүм сүрүүдө. Сиз АКШ-Кыргызстан алака-катышынын азыркы абалына кандай баа бересиз?

Памела Спратлен: Сурооңузга ырахмат. Биринчиден, АКШ менен Кыргызстан эки тарапка пайдалуу кызматташууларды Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери жүргүзүп келатат. Эки тараптуу мамилени жакшы деңгээлде деп сыпаттайм.

Негизинен биздин мамилебиз саясий, коопсуздукка байланыштуу кызыкчылыктарыбызга жана демократияны өнүктүрүүгө байланыштуу өнүгүп келатат.

“Манас” аба майданына Транзиттик борборду жайгаштырганы жана
Ооганстанда кырдаалды турукташтырууга кошкон салымы үчүн АКШ Кыргызстанга өтө ыраазы. Ошол эле убакта өнөктөш катары биз Кыргызстандын өнүгүүсүнө, туруктуу болушуна кызыкдарбыз. Ошол максатта биз көп убакыттан бери Кыргызстанга техникалык жардамдарды көрсөтүп келатабыз.

Эки өлкө кастарлаган окшош баалуулуктардын негизинде АКШ өзүн Кыргызстандын жакшы өнөктөшү катары эсептейт. Кыргызстанга өткөн жылдын апрель айынан бери 120 млн. доллардан ашуун жардам көрсөттүк. Өнөктөш катары АКШ өзүнүн жардам берүүсүн улантат жана бул багытта кыргыз өкмөтү менен кызматташа берет.

АКШ Кыргызстанда өткөн жылы болгон окуяларга көңүл коюп, байкап турду. Биз Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүнө кызыкдар бойдон кала беребиз.

Колдоо ашыкча болбойт

“Азаттык”: АКШ Кыргызстанга колдон келишинче жардам берип келатканын билебиз. Бирок демократия жолун тандаган Грузия, Балтика жээгиндеги мамлекеттерге жардамдын көлөмү абдан жогору болуп, аларды колдоо күчтүү. Ал эми Кыргызстанга андай масштабдуу колдоо көрсөтүлгөн жок. Келип жаткан жардам Транзиттик борбор үчүн берилген акы менен чектелип калгандай.

Спратлен: АКШ ар бир өлкө менен мамилесин ошол өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша түзөт. АКШнын элчилиги жана мен элчи катары эки тараптуу байланыштарды ар түрдүү багыттарда, маселен саясий, маданий жана башка багыттарда өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө аракет жасайбыз.

Кыргыз Республикасы өзүнчө бир уникалдуу демократиялык жолго түштү. АКШ Кыргызстандын аракетин көңүл коюп, байкап турат. Биз эки тараптуу мамилени Кыргызстандын коомунун табиятына жараша өнүктүрөбүз.

Мен белгилеп кете турган нерсе, өткөн жылы Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева АКШга эки жолу сапарда болду. Ошол эки сапарында тең АКШнын президенти Барак Обама, мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушту. Ошондой эле Отунбаевага аялдарга арналган сыйлык да ыйгарылды.

Эки элдин достук мамилесин өнүктүрүүгө ийгиликтүү аракеттер жасалган. Бул багытта эки элдин, коомдун ортосунда өз ара алмашуулар болгон. Мисалы үчүн Кыргызстандан көптөгөн мектеп окуучулары, студенттер АКШга барып билим алып келишти. Ишкерлик боюнча окууларга баргандар болду.

Өткөн аптада мен Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары, БУУнун, Орусиянын өкүлдөрү менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрүп, анда полиомелит дартына каршы Кыргызстанда эмдөө биргеликте ийгиликтүү ишке ашырылганын маалымдадык. Мына ушул мисалдарды эки тараптуу кызматташтык абдан кеңири, терең жана ар түрдүү багытта өнүгүп жатканын көрсөтүү үчүн айттым.

Тарых баа берет

“Азаттык”: Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы орноп келатат. Бул биздин региондо жаңы система болуп жатат. Мунун келечегине кандай карайсыз? Анткени бул системага орус бийлиги да, кошуна мамлекеттер да кубанып, кубаттап жиберген жери жок.

Спратлен: Мен дагы бир жолу айтып кетейин, Кыргызстан өзүнчө бир уникалдуу, кайталангыс мамлекет. Бул өлкө өз эрки менен ушундай чечим кабыл алып, кадамын таштады.

Башкаруу системасынын өзгөргөнүнө бир жыл боло элек. Ошондуктан ага баа бериш эрте. Анткени кээ бир жагдайлар өзүнүн деңгээлине жете элек.

Өткөн жылы кыргыз жарандары референдумда Конституция кабыл алып, күзүндө парламенттик шайлоо өттү. Менин оюмча, бул система калыптанып, туруктуу мүнөзгө ээ болгон сайын коомчулуктун кызыкчылыгын парламентте чагылдырууга өзүнүн салымын кошот. Парламенттик система коомдогу күчтөрдүн кызыкчылыгын алардын өкүлдөрүнүн парламентке келиши менен чагылдырат. Анын жыйынтыгында жарандар өкмөттөн “эмнени жасадың, эмнени жасабадың” деп сурай ала турган болот.

Кыргызстанда буга чейин күчтүү ыйгарым укуктары бар эки президент болду. Менимче алардын Кыргызстанга таасири кандай болгонун тарыхчылар, саясат таануучулар талдап, баасын берет болуш керек.

“Азаттык”: Кыргыз парламенти түштүк окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна кескин терс баасын берди. Буга чейин ал корутундуну Европа Биримдиги жана АКШ колдоого алган. Эми парламенттеги кескин чечимден кийин Кыргызстандын Батыш менен мамилеси начарлап кетпейби?

Спратлен: Биринчиден, өткөн жылы июнь айында орун алган окуялар - абдан чоң трагедия. Ал окуялардан кийин АКШ жана эл аралык коомчулук мына ошол июнь окуясында эмне болгонун, фактыларды аныктоону маанилүү деп чечкен. Ошондуктан Кыргызстан өкмөтү эл аралык комиссияны чакырып, аларга мандат бергенде биз аны кубаттоого алдык.

Комиссияга төрт мандат берилген. Комиссиянын мүчөлөрү абдан олуттуу кишилер. Алар ошол төрт бөлүктөн турган мандатты аткарууга абдан аракет жасашты. Ошол эле убакта былтыркы окуяларды иликтөө максатында башка дагы аракеттер болду. АКШнын өкмөтү иликтөөлөрдү толуктоо максатындагы андай аракеттерди кубаттайт. Бирок негизги максат өлкөдө тынчтык орноп, араздашкан тараптар жарашыш керек. Ушул өңүттөн алып караганда, АКШ жана эл аралык коомчулук июнь окуяларында эмне болгонун аныктоону, күнөөлүүлөрдү жазалоону, эки тараптын жарашуусун кубаттайт.

Эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу бирдеме айтаардан мурда аны окуп, аны менен таанышып чыгуу керек. Корутундудагы конструктивдүү сунуштарды алып, аларды ишке ашырууга аракет жасаш керек. Ал жыйынтыгында Кыргызстанга өзүнүн жакшы жемиштерин берет.

Киммо Килюнен мырзага карата болгон реакция таң калыштуу. Бирок
дагы бир жолу айтып кетейин, АКШ менен Батыш, эл аралык коомчулук фактыларды аныктоону, күнөөлүүлөрдү жазалоону, араздашкан тараптардын жарашып, тынчтыкта болушун колдойт.

“Азаттык”: Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп келген айым Кошмо Штаттар кыргыз жаштарын окутууга стипендияны көбөйтсө дурус болот деген ойду айтты. Мурунку элчинин айтымында, азыркы мезгилде АКШ 200 баланы окутууга стипендия берет. Алардын санын 1-1,5 миңге жеткирсе жакшы болот эле. Стипендиянын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Спратлен: АКШ башынан бери эле билим берүү багытын колдоп келет. Билим берүү тармагы өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен жогоруда айткандай, АКШ дайыма мектеп окуучуларын, студенттер, аспирант, докторанттарды колдоп келатат. Мен азырынча так сандар боюнча айта албайм. Бирок АКШ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоп келген жана колдой бермекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG