Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

АКШ Кыргызстанга аскерий жардамын азайтты


АКШ Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге борбордун ачкычын тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.
АКШ Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге борбордун ачкычын тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.

АКШ Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга аскерий жардамын кескин кыскартты.

АКШ негизинен кыргыз күч органдарынын өкүлдөрүн окутуу, машыктыруу, аскерий жайларды куруу, жабдуулар менен камсыздоо жактан колдоо көрсөтүп келген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сюзанна Вуддун “Азаттыкка” билдиришинче, аскерий кызматташуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бул жаатта жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү чектелди:

- Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн багыттар боюнча бекем эки тараптуу мамиле бар. Биз Кыргызстандын экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүн колдойбуз жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукту сактоо боюнча чогуу иштедик. Эки тарапты тең кызыктырган маселелер боюнча Кыргыз Республикасы менен кызматташуубузду улантабыз. Коопсуздук боюнча кызматташтыгыбыздын алкагында терроризмге каршы, маңзатка каршы, чек ара коопсуздугу жана тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу сыяктуу негизги, эки тарапка тең пайдалуу багыттарда иштеп келгенбиз. Кызматташуу боюнча 2009-жылкы келишимдин 2014-жылы мөөнөтүнүн аякташы Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасынын коргоо жана коопсуздук министрликтерине аскердик жардам көрсөтүү жана кызматташуу боюнча мүмкүнчүлүгүн чектөөдө.


Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков Кыргызстан эгемендик алгандан тарта АКШдан бир топ жардам алып келгенин белгилеп өттү:

- Куралдуу күчтөргө, Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине, Чек ара кызматына, ошондой эле УКМК кызматкерлери бир канча жылдардан бери АКШ, Батыш өлкөлөрүндө адистик окуулардан өтүп, терроризм-экстремизм, диверсияга каршы ыкмаларды үйрөнүп келген. Андан сырткары америкалыктар Кыргызстандын атайын аскерий бөлүктөрүнө бир нече казармаларды, окуп-машыгуучу борборлорду, жайларды салып берген.

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин баамында, АКШнын аскерий жардамынын көлөмүн азайтуусунун бир канча себептери бар. Бул эң ириде Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгышы, Бишкектен америкалык аскерий базанын кетиши менен байланыштуу. Ошондой эле аны Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму өңдүү уюмдардын алкагында Кыргызстандын Орусия жана Кытай менен алака-катышынын чыңдап жатышы менен да түшүндүрүүгө болот:

- Ачык көрүнүп турган себеби - Ооганстандагы АКШ баштаган колаициялык күчтөрдүн азайышы. Ошондой эле АКШнын башка региондордо, башка мамлекеттердеги приоритеттеринин өзгөрүшү, башка мамлекеттерге берилип жаткан жардамдарынын кайра каралышы, негизинен ушул себептерге байланыштуу. Анан “Манас” аба майданындагы аскерлердин чыгышы менен аскерий жардам берүүнүн көлөмү кыскарары белгилүү болчу. Бирок бул маселенин саясий өңүтү да бар. Бул жерде биринчи кезекте Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен Казакстан Орусия менен Кытайга ыкташы Америкага бул өлкөлөр менен аскерий кызматташуунун максатсыз болоорун көрсөтсө керек.


Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы, депутат Алмазбек Баатырбеков АКШнын аскерий жардамынын азайышын эки өлкөнүн бул жаатта алка-катышынынын соолгундашы менен түшүндүрүүгө болбойт деген пикирде:

- Мен билгенден АКШ азыр деле окутуп, жардам берип келатат. Буга чейин аскерий объекттерди салганга, чек ара туруктарын курганга жардам берген. Бирок жардамдын көлөмүнүн кыскарышы эки өлкөнүн аскерий кызматташуусуна ,алака-катышына таасир этет деп деле айтууга болбойт. Мамилелерибиз үзулүп калган жок. Кыргызстан убагында АКШга терроризмге, талиптерге каршы күрөшкө жардам берген. Америкалык аскерий жетекчилер, саясатчылар менен жолуккан учурда ошол биздин жардамга ыраазычылыктарын билгизип келатат.

Пентагондун баяндамасына ылайык, соңку каржы жылынын алгачкы жарымында, тактап айтканда, былтыр октябрь айынан быйыл мартка чейин АКШдан Кыргызстанга келген аскерий жардамдын көлөмү 21,3 миллион доллардан 1,2 миллион долларга чейин кыскарган. Вашингтон ошондой эле Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге бул тармактагы жардамын азайткан.

XS
SM
MD
LG