Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Түрк элчиси: учактагы жүк боюнча жарыяланган документтер жасалма


Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бул тууралуу 1-март күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушкан учурда билдирди. Жолугушууда министр Абдылдаев элчиден “кырсыкка кабылган учактагы жүк президент Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон” деген маалыматтар тууралуу түшүндүрмө сурады.

Түрк элчиси өз кезегинде учактагы жүк боюнча документтерди жасалма деди. Элчинин сөзү боюнча, Түркиянын атайын кызматы өзүнүн энбелгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт. Элчи Метин Кылычка ишенсек, кырсыкка кабылган учактагы жүк тууралуу документтер “жасалма.

Түркиянын элчиси муну “кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат” деп белгилеп, Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпейт деп айтты.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз журналисттерге маалымат жыйынын куруп, быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача-СУ айылында кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык болгонун айтып чыгышкан. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди аталган маалыматтарды жарыялаганга жеткирбей камашты деген ойлорун билдиришкен. ZKo)

XS
SM
MD
LG