Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Аскаров чыры АКШдан кол үздүрөбү?


АКШ 1991-жылы 27-декабрда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган.
АКШ 1991-жылы 27-декабрда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган.

Кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылкы өз ара кызматташтык боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу ниетин билдирди.

Буга жакында июнь окуясы боюнча соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлык ыйгарышы негиз болгон.

Коомчулукта өкмөттүн бул билдирүүсү дипломатиялык калпыс кадам катары бааланууда. Буга чейин Кыргызстандын парламенти менен Тышкы иштер министрлиги дагы бул тууралуу нааразылыгын жарыялаган болчу.

Аскаров кандай сырларды билген?

Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен 1993-жылы Вашингтондо кол койгон өз ара кызматташтык боюнча макулдашууну бир тараптуу жокко чыгаруу ниетин жарыялады.

Билдирүүдө өкмөттүн ал келишимден баш тартуу ниети абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгарууга каршылык иретинде экени көрсөтүлгөн. Анда Аскаровдун этникалык араздашууга от койгонун жана башаламандыкка катышканын тастыктаган далилдердин негизиндеги сот өкүмдөрү чыкканы эскертилген. Мына ошондой адамга сыйлык ыйгаруу тынчсызданууну жана таң калууну жаратары жазылган.

Июнь окуясын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов өкмөттүн ал билдирүүсү боюнча мындай дейт:

- Райондук, облустук жана Жогорку Соттон оор кылмышка айыптаган сот өкүмү чыккан адамга карата сыйлык берилип жатканын кандай түшүнсө болот? Анда “адам укугун коргоого кошкон салымы үчүн” деген негиздеме бар экен. Кандай адамдын укугун коргогону үчүн деген суроо туулат. Соттук материалдарда анын этникалык кагылышууга катышы бар экени далилденип турса, анан ошондой адам сыйланса, биз аны кандайча кабыл алышыбыз керек эле? Мында принциптер бузулуп жатса, анан биз булар менен кандайча ошол келишимди сактап отура беришибиз керек?

Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь окуясында Базар-Коргондогу башаламандыкка жана тартип сакчысынын өлтүрүлүшүнө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ошол эле кезде бир катар укук коргоо уюмдары Азимжан Аскаровдун коогалаңга тиешеси жок экенин жана анын ошол кездеги кодулоонун курмандыгы болгонун жүйө келтиришкен. Ошондуктан эл аралык уюмдар тарабынан Аскаровдун ишин кайрадан кароо талабы коюлуп келген.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова өкмөттүн билдирүүсүн айыбын жашырууга жасалган жандалбас катары сыпаттады:

- Азимжан Аскаров убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн балдары аралашкан кылмыштарды билген. Мына ошолор курал-жарак таратып, аткылаганы боюнча анын колунда материалдар болгон. Мына ошонун бардыгын кайра көтөрсө, азыркы жана мурдагы бийликтегилердин көбүнө ыңгайсыз болуп калмак. Ошондуктан укук коргоочу Аскаровго мурда эле сыйлык ыйгарган туура болот эле. Анан эми ошол үчүн келишимден баш тартуу АКШ үчүн чымын чакканчалык да болбойт. АКШга караганда ошол келишимди токтотуу Кыргызстанга зыян.

Тышкы байланышты кыскартуунун жолу

Ошол эле кезде Кыргызстандын АКШ менен 1993-жылдагы кызматташтык боюнча келишимден баш тартуу ниети эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине кандай таасир этет деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Абактагы укук коргоочунун айынан ырбаган чыр дипломатиялык “оюндардын” бириби же андан дагы тереңдеп кетиши мүмкүнбү деген маселе бар. Ал келишим өз ара кызматташууда көмөк көрсөтүүнү карап, негизинен Кыргызстандын кызыкчылыгын ичине камтыйт.

"Манастагы" АКШнын базасы
"Манастагы" АКШнын базасы

Саясат таануучу Эдил Байсалов өкмөттүн бул кадамын улуттук кызыкчылыкка каршы келген тышкы саясаттагы одоно катачылык деп мүнөздөдү:

- Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп, сый-урмат менен узатып жиберген азыркы бийлик мына ошол келишимди жокко чыгарам дегени кызык. Бул жерде Азимжан Аскаров жөн эле шылтоо. Негизи бул тышкы саясат мурдатан бери эле ойлонулуп келинген. Анын негизги эле өзөгүн бир жактуу жана бир вектордуу тышкы саясат. Бул негизги өнөктөш катары Орусияны гана биротоло бекитүү аракети. Азыр макулдашууну жокко чыгарабыз деп ошончо жылдан бери калыптанган дипломатиялык көпүрөнү бузганга барабар. Биз 1993-жылдан бери келаткан АКШнын каржылык жана саясий колдоосун танабызбы? Биздин саламаттыкты сактоого жана билим берүүгө жыл сайын көрсөтүлгөн жардамды унутабызбы?

АКШ 1991-жылы 27-декабрда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. Мына ошондон бери АКШ USAID аркылуу жыл сайын 40 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келген.

2001-жылдан тарта “Манас” аба майданындагы авиа базасынын ижара акысы үчүн төрт миллион доллардан, кийин макулдашуу өзгөрүп, 2009-жылдан баштап алтымыш миллиондон төлөп келген. 2014-жылы июнь айында АКШнын авиабазасы Кыргызстандан чыгарылган.

Шерзод Аскаров: Атам убайым тартып, карып кетти​ ​

Азимжан Акаровдун уулу Шерзод Аскаров Вашингтондо атасынын атынан сыйлык тапшыруу аземине катышты. Андан соң «Азаттыкка» телефон аркылуу маек курду.

- Шерзод, абактагы атаңызга тапшырылган сыйлыкты алып жатып кандай ойдо болдуңуз? Буга чейин Европада дагы атаңыздын сыйлыгы сизге тапшырылды эле. Деги эле ушундай учурда кандай сезимде болосуз?

- Атам абак отургандан бери мына беш жыл өттү. Сыйлык тапшыруу аземи башталганга чейин укук коргоочу уюмдар менен жолугуштум. Мен аларга атамдын ишин көз жаздымда калтырып койдуңар деп айтсам, алар июнь окуясын, абактагы укук коргоочуну эстен чыгарышпаганын, ал багытта иштеп атышканын айтышты. Мамлекеттик департаментте сыйлыкты мамкатчынын жардамчысы Том Малиновски тапшырды.

- Сыйлык тапшыруу маалында сизге сөз берилгенде эмнеге токтолдуңуз?

Шерзод Аскаров атасына ыйгарылган сыйлыкты алуу аземинде, Прага, 2012
Шерзод Аскаров атасына ыйгарылган сыйлыкты алуу аземинде, Прага, 2012

- Атам укук коргоо жаатына келгенге чейин сүрөтчү болгонун айттым. Ушул жерде туруп, сыйлыкты өзү ала албаганына өкүнүп турганымды билдирдим. Атабыз улгайып калды, абакта отуруп, ден соолугунан ажырап баратканын, абакка түшкөндөн кийин кыйноого жана психологиялык кысымга кабылганын айттым. Кыргыз соту адилетсиз өткөнүн, жабырлануучу тараптан сотко эч кимди катыштырбай, коркутушканын учкай айтып кеттим.

- Вашингтондо укук коргоочу уюмдар, саясатчылар, эл аралык институттардын өкүлдөрү менен жолугуштуңузбу?

- Бир катар уюмдар менен, анын ичинде "Хьюман Райтс Уотчтун" өкүлдөрү менен жолуктум. Кечээ Мамлекеттик департаментте жолугушуу болду. Ал жерде атама эркиндикке чыгууга жардам бергиле, улгайып калган киши дагы канча жашарын ким билет дедим. Абакта ал дагы 20-30 жыл жашайт деп ким айта алат? Чындык чыгып, адилеттүүлүк мүмкүн болсо тезинен орносун деген тилектер айтылды.

- Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча Кыргызстанда дагы бир катар демилгелер көтөрүлдү. Кыргыз бийликтери болсо соттун чечимин урматтай турганын айтышат. Сиздин акыркы ишеним эл аралык коомчулуктун колдоосубу?

- Эми Кыргызстандагы сот кандай өткөнүн баарыбыз эле билебиз. Бардык инстанцияларда жабырлануучу тараптан эч кимди сотко катыштырышкан жок. Сотто прокурордун орун басары, 16 милиция кызматкери, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү атама каршы көрсөтмө беришти. Азимбек Бекназаров атамдын окуяга түздөн-түз тиешеси бардыгын далилдеген видео бар деп айтканы менен ал видеону азырка чейин эч ким көрө элек. Сиздер аркылуу кайрыларым – ошол видео болсо жалпы коомчулукка көрсөтүлсүн, ошондо баарына чекит коюлат. Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун атайын комиссия түзүп, атам ал окуяга катышкан эмес деп иликтеп чыккан. Атама тагылган айтыптын баары жалган жерден чулганган нерселер экенин эл аралык коомчулук дагы билет. Кыргыз бийликтери муну кантип түшүнбөйт – мага таң калычтуу. Эл аралык алкакта айыбы жок деп таанылган кадыр-барктуу укук укук коргоочууну абакта кармоо Кыргызстан үчүн уят.

- Шерзод, Сиз атаңыздын сот иштерине катышам деп бардыңыз беле?

- Жок. Анткени мен Кыргызстанда эмес болчумун. Атам кармалгандан кийин жалган көрсөтмө алуу үчүн укук коргоо органдары апамды, карындаштарымды издешти. Алар башкка жакка чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Мен Ташкентте жашайм. Азыр Кыргызстанда апам бар, ал атама жакын болоюн деп кеткен.

- Сиз атаңыз камалгандан кийин аны менен жолуктуңузбу?

- Эки ирет Бишкекте абакта кезиктик, соңку жолу бир жарым жыл мурун көрдүм. Апам тез-тез жолугуп, тамак-аш жиберип турат.

- Шерзод, атаңыздын абакта жатканына беш жыл болду. Анын дарыгери, укук коргоочулар Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин айтышууда.

- Сиз өзүңүз деле атамдын абакка чейинки жана азыркы сүрөтүн карап көрсөңүз – таптакыр эки башка киши. Убайым тартып, карып кетти. Албетте, 64 жаш дагы оңой эмес. Дүйнөнүн кайсы жерине барбайын, атам тууралуу жакшы сөздөр айтылат. Алар атамды унутуп коюшкан жок. Вашингтонго келгенге чейин мага ушундай көңүл бурулат деп ойлогон эмесмин. Мен алыста отуруп алып, интернетке кирип, атам тууралуу маалыматтарды издейм. Жаңы маалымат таппасам, эл аралык коомчулук эстен чыгарыптыр деп өкүнүп калдым. Жакында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ошко барып, июнь калабасынын жабырлануучулары менен жолукканда атамды атап койбогонуна терең өкүндүм. Биз андан атамдын маселесин көтөрөт деп ишенип күткөн элек.

- Кыргыз бийликтерине эмне деп кайрылар элеңиз?

- Атамды тезинен эркиндикке чыгаруу керек. Өзүнүн ишмердиги үчүн жабыркаган таанымал укук коргоочуну абакта кармоо - өлкө үчүн уят. Эгер андай болбосо, кыргыз бийликтери өз беделине өзү доо кетирет. Кыргызстанды эл аралык коомчулук деморатиялуу өлкө деп билишет. Эгер чын эле демократиялык баалуулуктар болсо – анда, биринчи кезекте динине, тилине, улутуна карабай адамдар тең укуктуу болушу керек.

XS
SM
MD
LG