Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен "Азаттык" үналгысына маек курду.

"Азаттык": Урматтуу элчи айым, февраль башында АКШ менен Кыргызстан ортосундагы дипломаттык карым-катнаштын 20 жылдыгы белгиленди. Эки өлкө ортосундагы алака-катыштарга кыскача сереп сала кетесизби? АКШ Кыргызстандан эмне тапты?

Памела Спратлен: Кеп башында мени маекке чакырганы үчүн "Азаттык" радиосуна ыраазылык жолдогум келет. Кошмо Штаттар менен Кыргыз Республикасы чынында эле 20 жылдан бери достук мамиледе келатышат. Артка кылчайсак, эки өлкө ортосунда дипломаттык карым-катнаш 1991-жылдын 25-декабрында орногон, 1992-жылдын 1-февралында Бишкекте биздин элчилик ачылган.

АКШ менен Кыргызстан ортосунда бекем жана жандуу кызматташтык уланып, ал бардык чөйрөнү камтууда. Эмки максатыбыз – келечекте бул мамилелерди чыңдоо. 1-февралда биз жаңы элчиликтин пайдубалын түптөдүк, ошонун өзү эле АКШ менен Кыргызстан ортосундагы келечектин кеңдигинен кабарлайт.
Бул алака-катыштан Кыргызстан эмне ала алды? Биринчиси: али жаш мамлекет болуп туруп Кыргызстан дүйнөлүк лидерге жакындашты, ал аркылуу өз коопсуздугун камсыз кылып, өнүгүүгө жол ачылды, дүйнөдөгү окуяларга, өз башкаруусуна башкача өңүттөн кароого мүмкүндүк алды.

Экинчиси: биздин жардамдар. 20 жылдык кызматташтык мезгилинде АКШ Кыргызстандын болжол менен бир миллиард долларга тете ар кандай муктаждыктарын жапты. Бул, маселен, билим берүүнү, саламаттык сактоону, экономиканы колдоо, башкарууну өркүндөтүү жана айыл чарбага ж.б. жардамдар.

Үчүнчүдөн, кыргыз эли менен өз ара алака-катыштын маанилүү үзүрү катары жаңы типтеги жарандык коомду жана башкаруу түзүмүн белгилейт элем.
Мен ошондой эле кыргыз студенттеринин Америкага барып, биздин элдин жашоосун жана ишин өз көзү менен көрүшүнө көмөктөшүп жатканыбызга канааттанабыз.

"Азаттык": "Манас" эл аралык майданындагы АКШнын Транзиттик борбору кайрадан көңүл чордонуна чыкты. Бул боюнча Сиз жакында президент Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз, анын маңызы тууралуу айта аласызбы? Кыргыз лидери Транзиттик борборду жарандык транзитке айландырууну айтып жатабы же 2014-жылы келишим соңуна чыккандан кийин ТБны биротоло чыгарууну талап кылуудабы?

Спратлен: Ооба, мен жаңы президент менен кездештим, бирок ал жолугушуунун чоо-жайын ачыкка чыгаргым келбейт. Атамбаев өз пикирин айтууга акылуу. Бирок ТБнын «Манаста» турушу Ооганстанга жанаша турган мамлекеттер үчүн зарылдык, Ооганстандын туруктуу жана коопсуз өлкө катары чыйралашына кошкон салым болмокчу. Борбордун кыргыз жерине жайгашышынын башкы себеби террорчулук менен күрөшүү муктаждыгы болуп саналат.
Кыргызстандагы демократтык жеңиштердин эң көрүнүктүүсү катары жарандык коомдун түптөлүшүн атайт элем.

2001-жылы Нью-Йорктогу террорчулук акт бүт дүйнө жүзүнө эскертүү болгон, террорчулук менен күрөштө Кошмо Штаттарга жана башка өлкөлөргө Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп кол сунган. Тилекке каршы кыйла ийгиликтерге карабастан, террорчулук дагы эле бүт дүйнө, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн коркунуч бойдон калууда.

АКШ менен Кыргызстан ортосунда 2014-жылдын ортосуна чейин келишим бар. Бул жагдай көптөгөн ырасмий адамдар, президент тарабынан белгиленип келатат. Буга байланыштуу мен бир гана нерсени белгилегим келет: ТБнын андан аркы тагдырын Ооганстандагы 2014-жылдан кийинки кырдаалды эске алуу менен талкуулоо үчүн Кошмо Штаттар Кыргыз өкмөтү менен маңдай-тескей акылдашууга даяр.

"Азаттык": Президент Атамбаев АКШ менен Иран ортосунда жаңжал чыгып кетсе, Тегеран «Манасты» ракеталык бутага алышы ыктымал деп билдирди. Жергиликтүү аскер аналитиктери да андай тобокелдик бар деп жатышат. Америкалык аскер чалгындоосу же аскер адистери ушундай коркунуч бар экенин тастыктайт беле?

Спратлен: Оболу Транзиттик борборду кыргыз жеринде жайгаштырууга мүмкүндүк түзгөн Кыргызстандын ырасмий адамдарына ыраазылык жолдогум келет. Бул региондогу коопсуздукту сактоонун эң эле зарыл куралы болуп калды. Мен муну бөтөнчө белгилеймин.

Иран маселеси чынында эле бүт дүйнөнүн көңүл чордонунда турат. Иран өкмөтү, тилекке каршы, БУУнун резолюцияларын тоотпой жатат, ал резолюциялар Иранда ядролук коркунуч жок экенин тастыктоого көмөктөшмөк эле. Глобалдык коопсуздукту бекемдөө, Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Ирандагы кырдаалды дипломаттык жолдор менен чечүү үчүн президент Обама эл аралык шериктер менен тынбай иштеп жатат. Эгер сурооңузга түз жооп берсем, чалгындоо маселелерин радио аркылуу талкуулай албайм, бирок сиз айткан коркунуч бар экени тууралуу маалыматбыз жок экенин айта алам.
Биз Кыргызстанга чоң террорчулук коркунуч жакын тегеректен, Ооганстандан туулуп жатат деген ойдон тайбайбыз.

"Азаттык": АКШ менен Пакистан ортосундагы карым-катнаш кийинки кезде сууп кеткени жашыруун эмес. Пакистан Усама бин Ладенди жашырган, талибге көмөктөшкөн деп айыптап, Вашингтон ал өлкөгө бир катар финансылык жардамын токтотту. Буга байланыштуу АКШ Ооганстанга жүктөрүн Түндүк маршрутуна оодарып жатат деген маалымат тарады. Бул Транзиттик борбор аркылуу жүк ташуу көлөмү артат дегенди билдирбейби? Дегеле «Манас» бара-бара Пакистан-Ооганстан чек арасындагы базалардын милдетин мойнуна албайбы?
Тилекке каршы кыйла ийгиликтерге карабастан, террорчулук дагы эле бүт дүйнө, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн коркунуч бойдон калууда.

Спратлен: Албетте, Пакистан Кошмо Штаттардын эң маанилүү өнөгү болуп саналат, бирок карым-катнашта ар кандай өйдө-ылдый болот эмеспи. Ошентип кийинки кезде Пакистанга альтернатива боло турган жолдорду издөө зарылдыгы пайда болду. Ошондой жолдордун бири катары Кыргыз Республикасы коалициянын аракеттерин колдоо жагынан маанилүү жана ишенимдүү шерик болуп калды. Автомобиль жана темир жол аркылуу коммерциялык жүк ташуучу жолдордүн түйүнү катары Түндүк бөлүштүрүүчү түйүнүнүн мааниси зор. Анткени ал региондо жумуш орундарын түзүү аркылуу экономикалык салым алып келет деп үмүттөнөбүз.

Бул түйүнгө катышуу жана Транзиттик борборду жайгаштыруу менен Кыргыз өкмөтү жана бизнеси Борбор Азияда жана андан да кеңири аймакта бейпил жана өнүккөн чөйрөнү түзүү боюнча биздин аракеттерге кол кабыш кылууда.

"Азаттык": Кийинки кезде «Манастан» учкан америкалык учактар Кыргызстан аймагына күйүүчү отун төгүп, жаратылышка залакасын тийгизүүдө деген сөздөр күч алды. Учактар кайсы бийиктикте, кандай көлөмдө май төгөт жана бул процессти ким көзөмөлдөйт?

Спратлен: Айлана-чөйрөнү коргоо Кыргызстан менен Транзиттик борбор ортосундагы шериктештик жөнүндө келишимдеги эң маанилүү бөлүк. Май төгүү окуялары өтө сейрек кездешет, андайлар бир канча жыл мурда жана өтө бийиктикте болгон.

Айрым талдоочулар, анын ичинде кыргызстандык эксперттер күйүүчү май төгүлгөндөн жаратылышка залака келээрин илимий тастыктаган белгилер жок экенин айтышкан.

"Азаттык": Кыргызстандыктардын көбү АКШ десе эле аскер базасын элестетет. Бул көз карашты бузуу үчүн Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду жасап, америкалык сапат экенин эл көзүнө көрсөтсө неге болбосун? Албетте америкалык албан компанияларга Кыргызстандын рыногу тардык кылаар, ошентсе да бирин-экин чакан компанияны Кыргызстанга тартса болбойбу?

Спратлен: Ооба, биз америкалык ишкердик жана инновациялык технологиялар менен сыймыктанабыз. АКШ бизнеси атаандаштыкка негизделген, ошондуктан ал зарыл мүмкүндүктөрдү жана рынокторду табуу амалдарын өзү билет. Демек адис адамдар тобун жалдоо мүмкүндүгүнө жана жагымдуу инвестициялык климат бар экенине көзү жеткенден кийин алар өздөрү эле келишет.
Биз Кыргызстанга чоң террорчулук коркунуч жакын тегеректен, Ооганстандан туулуп жатат деген ойдон тайбайбыз.

Биз өкмөт менен реформалар зарылдыгын байма-бай талкуулайбыз. Өкүнүчтүүсү: коррупция деңгээли же бизнес жасоо жеңилдиги жагынан Кыргызстанды пайдалуу деп айтуу эрте. Бирок бара-бара абал жакшырат деп үмүт артып турабыз.

Президент жана премьер-министр менен кездешүүлөрүмдө Кыргызстанды бизнес үчүн жагымдуу кыла турган чөйрөлөрдө реформаларды жылдыруу жагын талкуулайбыз, бул аракеттерден сөз жок майнап чыгат деген ишеним бар.

"Азаттык": Транзиттик борбор товарларды жана азыктарды сырттан эмес, Кыргызстандын өзүнөн сатып алат деген маалымат тарады. Мындан ким пайда табат?

Спратлен: Жакында АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Транзиттик борборго келип, зарыл товарларды жеринен сатып алаарын билдирди. Бул бизнеске пайда алып келет.

Бул жерде маанилүү үч жагдай бар. Биринчиден, америкалык стандарттар же талаптар дейли. Жергиликтүү компаниялар америкалык стандарттарга ылайыкташып иштөөгө үйрөнүшөт.

Экинчи жагдай көлөмгө байланышкан. Транзиттик борбор сыяктуу шериктер менен иштегенде талап кылынган көлөмдөгү жана стандарттагы товар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу өтө маанилүү. Демек жергиликтүү компаниялар америкалык өнөктөштөр менен дал ушундай тартипте иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Үчүнчү жагдай – жумуш орундары. Жергиликтүү компаниялар ТБга керек жашылча-жемиш өндүрүүгө аргасыз болгондуктан, демек өзүнөн өзү жаңы жумуш орундары түзүлөт.

"Азаттык": Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстан «Манас» эл аралык аба майданынын учуучу тилкесин жакшыртууга каражат бөлүүнү суранып жаткандай. Бул боюнча азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

Спратлен: Азыр биз иштеп жаткан келишимде АКШ тарабынан аба майданда айрым жакшыртуу жагы каралган, бул иштер аягына чыгып баратат. Бирок азыр кошумча учуучу тилкелерди каржылоо каралган эмес, бирок, албетте, биз Транзиттик борбордун келечегин мындан ары да талкуулайбыз.

"Азаттык": Кыргызстанда эркин коомду курууга, сөз жана басма сөз эркиндигин таратууга каржылык колдоо көрсөтүү боюнча Кошмо Штаттар көп аракеттерди көргөнү шексиз. Кыргызстанда көз карандысыз ЖМК, саясый плюрализм жана адам укуктары биротоло бекемделди деп айта аласызбы? Бул жаатта жардамдар мындан ары да уланабы?

Спратлен: Адегенде демократия, саясый плюрализм жана реформалар жагынан жетишкендик Кыргызстан элине таандык демекчимин. Кыргыз Республикасында эл өз башкаруучуларынын иши тууралуу көбүрөөк билгиси келет. Бул жерде маалымат каражаттары региондогу башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркин.

Азыр биз иштеп жаткан келишимде АКШ тарабынан аба майданда айрым жакшыртуу жагы каралган, бул иштер аягына чыгып баратат.

Бул жерде саясый бийлик бир үй-бүлөнүн же бир саясый партиянын колунда эмес. Кыргызстанда саясый партиялар түптөлгөн. Парламент өз ролун аткарууда. Президенттин да ролу маанилүү. Өкмөттүн мааниси зор. Кайсы гана демократтык коомго таандык болгондой бул жерде да бийликтер ажыратылган.

Кыргызстандагы демократтык жеңиштердин эң көрүнүктүүсү катары жарандык коомдун түптөлүшүн атайт элем, алар өкмөткө каяша айтып, ага конструктивдүү сунуштарын бере алышат, элдин ой-санаасын жеткиришет.
Бул жаатта али көп иштерди жасоо керек, ошентсе да, мен абдан демденип жана шыктанып калдым жана Кыргызстанда бул өзгөрүүлөр тереңдейт деп үмүттөнөм. Ошондуктан саясый реформаларды улантуу абдан маанилүү деп эсептейм, анткени алыстан сереп салсак, коом канча демократиялуу болсо, ал ошончо туруктуу болот. Демек демократиялык өнүгүү Кыргызстанга абдан зарыл.

"Азаттык": Дагы бир суроо экс-спикер Келдибековдун Вашингтонго чакырылуусуна байланышкан. Айрым орусиялык маалымат каражаттары АКШ Келдибековду улуттук табынуу сый тамагына чакырганын жөнү катары ал аркылуу Вашингтон Кыргызстан менен достук байланышын чыңдоого умтулуп жатат, анткени Атамбаев орусиячыл деп саналат дегендей кыязда жазды.

Спратлен: Мен таңкы табынуу сый тамакка байланыштуу башка өлкөлөрдүн ЖМКларын талдагым келбейт. Бирок мен экс-спикер жыл сайын өтүүчү улуттук сый тамакка чакырылганын ырастай алам. Чакыруу АКШ Конгрессинен жөнөтүлгөн. Биз ал чакыруу Келдибеков мырза спикер деген ишенич менен жиберилген деп эсептейбиз. Буга байланыштуу ар кандай жоромол таркатуу эстүүлүк болбос эле, бул болгону чакыруу. Ошондуктан бул чакырууга байланыштуу ар кандай саясый имиштерге негиз жок.

"Азаттык": Элчи айым, маегиңизге рахмат. Биз мындан тышкары биздин миңдеген угуучулар менен окурмандар атынан да ыраазылык жолдойбуз.

Спратлен: Мен да сиздерге ыраазымын. «Азаттык» радиосу журналистика салтында лидер жана новатор болуп саналат, сиздерге мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG