Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Арафат: АКШда мусулмандар көбөйүүдө


Мухаммад Башар Арафат
Мухаммад Башар Арафат

АКШдагы Нотр-Дам университетинин исламий изилдөөлөр боюнча профессору, Мэриленд штатынын Ислам кеңешинин жетекчиси, аалым жана имам Мухаммад Башар Арафат Кыргызстанда бир катар жолугушууларды өткөрүп, диний жана коопсуздук маселелерин талкуулады.

Мухаммад Башар Арафат Бишкекте өткөн Борбордук Азия аалымдарынын форумуна катышып, бир катар жогорку окуу жайларында дарс окуду. "Азаттык" аалым менен бүгүнкү күндөгү исламдын таасири жана ага болгон тоскоолдуктар тууралуу маектешти.

Мухаммад Башар Арафат: Мен Сириянын Дамаск шаарында төрөлгөм. Ошол жерде билим алып, имам катары кызмат өтөдүм, Сириянын муфтийи Шейх Ахмад Куфтаронун жардамчысы болуп иштедим. Кийинчерээк АКШга лекция окуу үчүн чакырылдым. Ал жакта имам катары иштедим. Азыркы учурда АКШдагы Нотр-Дам университетинин исламий изилдөөлөр боюнча профессору, Мэриленд штатынын Ислам кеңешинин жетекчиси катары диний жана коомдук иштерди аркалап келе жатам.

"Азаттык": Ал эми Кыргызстанга келгендеги максатыңыз эмне жана жолугушууларда кандай маселелерди талкуулап жатасыз?

Мухаммад Башар Арафат: 11-мартта Бишкекте болуп өткөн Борбордук Азия аалымдарынын жыйынына катышуу менин негизги максатым болду. Мындан сырткары, Борбордук Азиянын аалымдары, мыйзам чыгаруу органдары, университеттердин илимпоздоруна жолугуп, азыркы учурда чоң бир көйгөйгө айланган терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулоону максат кылып турам.

Кыргызстандан сырткары Өзбекстанга да барсамбы деп ойлогом. Бирок ал жакта 29-мартта болуучу шайлоону утурлай барганым туура эмес болобу деп ойлоп турам. Мындан тышкары Ватикан менен биргеликте диндер ортосундагы диалогго арналган иш-чара үчүн да Италияга да барам.

"Азаттык": АКШдагы исламдашуу жараяны тууралуу сурагым келип турат. Мусулмандардын саны, өсүү тенденциялары тууралуу айтып берсеңиз?

Мухаммад Башар Арафат: АКШдагы мусулмандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Мунун себеби ар түрдүү. Кээ бирлери окуп, изилдеп көрүп анан исламды кабыл алууда. Өзгөчө түрмөдө отурган афро-америкалыктар мусулман болууда. Чет жактан келген мигранттар, согуш болуп жаткан мамлекеттерден АКШга качып келгендер да мусулмандардын санынын өсүшүнө шарт түзүүдө. Натыйжада ислам Америкада экинчи эң чоң динге айланды жана өтө тездик менен жайылууда. Бул биздин имамдарыбызга бир топ кыйынчылыктарды да жаратты. Себеби сырттан келген мусулмандардын Америкадагы көп диндүү, ар түрдүү жамааттар жашаган чөйрөгө аралашып, көнүп кетүүсүнө көмөк көрсөтүү зарылчылыгы келип чыгууда.

"Азаттык": Америкадагы исламдашуунун деңгээлин көрсөткөн кандайдыр бир статистикалык маалыматтарыңыз барбы?

Мухаммад Башар Арафат: Андай так маалыматка ээ эмесмин. Бирок азыр Америкада 8-10 миллиондой мусулман жашайт. Мечиттердин саны өсүп, 3500гө жетти. Университеттерде исламды карманган студенттердин санынын өсүүсү да исламдын таралып жатканын көрсөтүүдө. Мындай университеттерде мусулман студенттердин бирикмелери түзүлгөн. Хижаб кийгендердин саны өсүп, адал тамак сунуш кылган ашкана жана кафелер көбөйүүдө. Биз муну менен сыймыктанып жаткан учурубуз.

"Азаттык": Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы мусулмандар ислам дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларга кайгыруу менен көз салып, ал жактагы мусулмандарга тилектештик билдирип келет. Сурайын дегеним, Америкадагы мусулмандар өздөрүн дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын бир бөлүгү катары карашабы?

Мухаммад Башар Арафат: Америкадагы мусулмандар, албетте өздөрүн мусулман үммөтүнүн мүчөсү катары карашат. Бул нерсени газета-журналдарга чыккан материалдардан, мечиттердеги талкуулардан да байкоого болот. Америкада мусулмандардын атайын уюмдары да түзүлгөн. Дүйнө жүзүндө мусулмандарга карата болуп жаткан басмырлоо, куугунтуктоо, агрессияга каршы АКШдагы мусулмандар ар дайым тилектештигин билдирип келишет. Тилектештигин билдирип эле калбастан, каражат чогултуп, жардамга муктаж болгон мусулмандарга жиберип турабыз.

"Азаттык": Америкадагы мусулмандар АКШнын дүйнөдөгү мусулман өлкөлөргө карата жүргүзгөн саясатына кандай карайт?

Мухаммад Башар Арафат: АКШ бийликтин жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясатын, согуштук саясатын жалгыз эле мусулмандар эмес, башка мусулман эместер да сындап келишет. Өзүнүн нааразычылыгын президентке да, Конгресске да ачык билдирүүгө бардык америкалыктардын мүмкүнчүлүгү бар.

Мусулмандар америкалыктардын бир бөлүгү болгондуктан АКШнын тышкы саясатын, Ирак, Ооганстандагы иш-аракеттерин сындаганга аракет кылышат. Биз, америкалык мусулмандар, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы башка мусулман эмес америкалыктардын добушу менен өз добуштарыбызды бириктиргенге аракет кылабыз. АКШнын ички жана тышкы саясатында жалпы элдин нааразычылыгын туудурган көптөгөн маселе бар. Андыктан АКШ мусулмандары ар түрдүү жолдор менен өз нааразычылыгын эл аралык коомчулукка билдиргенге аракет кылышат.

"Азаттык": Америкада белгилүү бир деңгээлде исламофобия бар экенин билебиз. Мусулман эместердин, башка динге ишенгендердин исламга жана мусулмандарга карата көз карашы кандай?

Мухаммад Башар Арафат: Биз дайыма исламга, мусулмандарга каршы айтылган нерселерди угуп келебиз. Себеби Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети”, Нигериядагы “Боко Харам” сыяктуу исламдын өкүлдөрүбүз деген радикал уюмдардын кылган иш-аракеттеринин айынан көптөгөн адамдарда "ислам ушундай турбайбы, же мусулмандардын баары ушундай экен" деген пикир калыптанып калууда.

Эң өкүнүчтүүсү, ошол адамдардын арасында массалык маалымат каражаттарына дайыма чыгып сүйлөгөн, исламга каршы үнү өктөм адамдар бар. Алар исламдан, мусулмандардан, шарияттын орношунан корккула деп айтышат. Бирок эл жакшы билет, чындыгында ислам алар сүрөттөгөндөй эмес экенин. Алардын мындай сөздөрү, тескерисинче бизге исламды туура түшүндүрүүгө, ар түрдүү динге ишенгендер менен диалог курууга түрткү берет. Биздин түшүнүгүбүздө исламды жамынган жогорудагыдай экстремисттик уюмдар исламдын душмандары. Францияда, Данияда болгон окуялар исламды андан бетер жаман көрсөтүүдө.

"Азаттык": Эми Кыргызстан тууралуу токтоло кетсеңиз. Жолугушууларда кандай таасирлер болду?

Мухаммад Башар Арафат: Бул менин Кыргызстанга биринчи сапарым болду. Чындыгында Кыргызстандагы эркиндиктин, демократиянын деңгээлинин жогору экендиги, адамдардын өз пикирин эркин айта билүүсү мага аябай чоң таасир калтырды. Ошондуктан мен Борбор Азиядагы программаларымды ушул Кыргызстанда туруп ишке ашырууну максат кылуудамын. Бул жолку сапарымды университеттердин мугалимдери, студенттери менен жолугушуу, пикир алышуу менен жыйынтыктайм.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG