Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Кыргыз өкмөтү "Манастагы" Транзиттик борборду чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке жөнөттү.

2009-жылы да кыргыз парламенти "Манас" базасы боюнча келишимди бузууну жактап, бирок анын соңу Транзиттик борборду түзүү менен аяктаган болчу.

Транзиттик борборду чыгаруу тездейби?


Кыргыз өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка караганда, Транзиттик борбор боюнча келишимди бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун өкмөт кабыл алып, парламентке 21-майда жөнөттү. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырылды.

Мыйзам парламентте кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлгандан кийин АКШ өкмөтүнө келишимдин бузулганы боюнча расмий түрдө маалымат берилет. Бул иш январь айынын баш ченине чейин жасалса болот. Анткени Транзиттик борбор боюнча келишим 2014-жылдын июль айында бүтөрү Убактылуу өкмөт менен АКШ кол койгон кошумча протоколдо жазылганы маалым. Ал эми 2009-жылкы негизги келишимде андай дата көрсөтүлгөн эмес. Болгону келишимди токтоткусу келген тарап, экинчи тарапка кеминде 180 күн мурун кабарлаш керек деп жазылганы маалым.

Ошондуктан өкмөттө бул чечимди кабыл алуунун тездетилиши Транзиттик борборду чыгаруу мөөнөтүн да ылдамдатабы деген түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Транзиттик борборду чыгаруу боюнча мыйзам долбоору бир айдан бери өкмөт, министрликтерде макулдашылып келгенин айтып, чыгаруу мөөнөтү болсо мурунку бойдон калат дейт:

- Ошол 2014-жылдагы өзүнүн мөөнөтүндө эле токтойт. Транзиттик борборду чыгарууну ылдамдатуу каралган эмес.

Кыргызстан 2009-жылы да АКШнын "Манастагы" базасын чыгаруу чечимине келип, Жогорку Кеңеш келишимди бузууга барган. Бирок КСДП фракциясы ошондо келишимди бузууга каршы болгон эле дейт ал кездеги “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов:

- Ошондо Жогорку Кеңеште КСДПнын депутаттары базаны чыгаруу туура эмес, база керек деп чыккан. Азыр эми кырдаал кандай болорун көрөбүз. Анткени өкмөттүн токтомунан кийин парламент караш керек да. 30-июнга чейин сөзсүз караш керек.

Ошентип 2009-жылы келишим бузулуп, бирок Транзиттик борбор түзүү боюнча жаңы келишимге жетишилген. Ал келишим ошол жылы 22-июнда парламентте ратификацияланган.

Путинге "белекпи?"

Айрым дипломаттар Транзиттик борбордун чыгышы менен Кыргызстан менен батыштын мамилеси солгундаарын эскертүүдө. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул маселе боюнча бир жактуу айтуу кыйын деген пикирде:

Бир тараптуу айтууга болбойт. Таптакыр бузулат же бузулбайт деп. Бул эми биз тараптан коопсуздук боюнча, экономика боюнча кандай кадамдарды жасашыбызга жараша болот. Негизи биздин аброюбуз биздин ички саясатыбызга, экономикалык абалыбызга көз каранды. Эгерде туруктуулук болуп, демократия орноп, мамлекет өнүксө, анда бир да мамлекет бизге доомат коё албайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстан тышкы саясатында Москванын гана көзүн карап калды, бул улуттук кызыкчылыкка карама-каршы келет деген пикирди айтууда.

Транзиттик борборду чыгаруу боюнча өкмөттүн чечими 21-майда чыгуусунун бир канча себептери бардыгын талдоочулар белгилеп жатышат. Биринчиден, аны ички саясий абалга байланышы бар деп эсептегендер бар. Анткени 23-майда өкмөт Жогорку Кеңеште отчет бергени турат. Ошол эле күндөрү Азиз Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссия да өзүнүн корутундусун жарыялаганы турат. Мына ушундай маанилүү маселелер каралар алдында өкмөт Транзиттик борбор боюнча маселени көтөрүп, упай топтоп алууну көздөп жаткандай.

Андан сырткары май айынын соңунда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити болуп, ага орус президенти Владимир Путин катышат. Транзиттик борборду чыгаруу боюнча өкмөттүн чечими мына ошол мартабалуу конокко белек болушу да мүмкүн. Анткени Транзиттик борборду чыгаруу талабы кай жактан келип жатканы кыргызстандыктарга маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG