Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында "Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору боюнча келишимди токтотуу маселеси каралат. Парламенттеги бир катар фракциялар базаны чыгаруу боюнча өкмөттүн чечимин колдоп берген эле. Ошондуктан бүгүн күтүүсүз нерсе болбошу айтылууда.

"Манастагы" Транзиттик борбор боюнча АКШ менен келишимди бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кыргыз өкмөтү жактырып, аны парламенттин кароосуна 21-майда жөнөткөн. Андан бери Жогорку Кеңештеги фракциялар жана комитеттер мыйзам долбоорун карап, өкмөттүн сунушуна колдоо көрсөтүштү.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 17-июнда өкмөттүн мыйзам долбоорун карап, аны кабыл алып берүү сунушун парламентке жолдоду. Ал тууралуу комитеттин мүчөсү Галина Скрипкина:

- Биздин комитетте бир гана сунуш болду: бул - денонсация боюнча мыйзам долбоорун жактырып берүү. Ал эми базаны чыгаруудан келип чыга турган пайда жана зыяндар парламентте талкууланат. Негизи базаны чыгарууну бардык фракциялар жана тийиштүү комитеттер колдоп беришти.

Эң негизгиси башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары Транзиттик борборду чыгарууну караштырган мыйзам долбоорун колдоп беришкен. Демек 19-июнда парламенттин жыйынында бул маселенин өтүшү татаалчылык жаратпайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламент ичинен беш-алты депутат гана маселе көтөрбөсө, калгандары өкмөттүн, президенттин саясатын колдоп берет дейт. Ал эми Транзиттик борборду чыгаруудан Кыргызстан экономикалык жана саясий жактан жоготууларга учурайт дейт Жээнбеков:

- Бул бюджетке келип жаткан 60 млн. доллардын тегерегинде каражатты жоготуу. Андан сырткары жумушчу орундар, күйүүчү май аркылуу келип жаткан салыктар жана дивиденддер, электр энергия, биздин кээ бир компаниялардын базага коюп жаткан продукциялары жана айыл чарба продукциялары, жалпысынан 200 млн. доллардын тегерегинде зыян тартабыз. Бул экономикага аябай терс таасирин тийгизет. Андан башка саясий залакасы болот. Менин оюмча, Европа мамлекеттери жана АКШ Кыргызстанга мамилесин бир топ салкындатат.

Равшан Жээнбековдун айтымында, кыргыз жетекчилигинин базаны чыгаруу аракети Алмазбек Атамбаевдин шайлоо мезгилиндеги убадаларына барып такалат.

Алмазбек Атамбаев катуу убадаларды бербесе, Москва деле Кыргызстандын оор экономикалык абалын көрүп, базаны калтырууну түшүнүү менен кабыл алмак. Андан сырткары эгерде Кошмо Штаттар "Манаска" өтө эле муктаж болсо, Орусия аркылуу аны чечүүгө аракеттенмек. Бирок Вашингтон үчүн "Манастан" башка альтернатива жетиштүү болгондуктан, Транзиттик борборду калтырууга анча аракети байкалбайт.

Транзиттик борбор боюнча өкмөт кабыл алган чечимди Жогорку Кеңеште тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев коргомокчу. Айтмакчы, бул күнү Жогорку Кеңешке өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин да келиши белгиленген. Ал вице-премьер-министрлик кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү менен келмекчи. Ошондуктан Транзиттик борбор боюнча өкмөт башчыга да суроо берүүгө депутаттарда мүмкүнчүлүк болот.

Кыргызстан президенти Транзиттик борбор 2014-жылдын июль айына карай чыгыш керектигин билдирген. Өкмөт жана парламент тарабынан базаны чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер болсо, президент айткан мөөнөткө базаны чыгарууга укуктук негиз түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Анткени 2009-жылкы келишимге ылайык, кайсы бир тарап келишимди бузууну кааласа, ал экинчи тарапка кеминде 180 күн мурун маалымат бериш керек. Ал эми Жогорку Кеңеш 360 күн мурун чечимди кабыл алууга даяр турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG