Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Блейк: Борбор боюнча сүйлөшүүлөргө үмүттөнөбүз


Дүйшөмбү шаарындагы жыйын, 26-март, 2012-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы жыйын, 26-март, 2012-жыл.

Дүйшөмбү шаарында 27-мартта Ооганстан боюнча экономикалык кызматташтыкка арналган аймактык конференция аяктады.

Анын соңунда өткөн басма сөз жыйында АКШнын өкүлү Вашингтон “Манас” аба бекетиндеги транзиттик борбордун болочогу тууралуу Кыргызстан менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин дагы бир жолу ырастады.

Тажик борборундагы жыйынга конок ээси Тажикстандан тышкары Ирандын, Ооганстандын, Пакистандын президенттери, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Ооганстандын батыштык өнөктөштөрү катышты.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Заньердин жыйында айтканына караганда, 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун күчтөрүнүн чыгарылышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугунда айрым көйгөйлөргө алып келүүсү мүмкүн. Андыктан аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү мындай кырдаалга даяр туруусу абзел.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк тажик борборундагы талкуулардын жыйынтыгын мындайча чыгарды:

- Биринчиси, акыркы он жылда Ооганстандагы абалдын турукташуусунда, демократиялашуусунда, социалдык-экономикалык чөйрөдө жылыш бар болгону таанылды. Экинчиси, аймактык интеграцияга умтулуу күчөгөнү. Бул аймактагы өлкөлөрдүн ар бири коопсуз, стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн Ооганстанга кызыкдар. Аймактагы өлкөлөрдүн ар бири ошондой эле Түштүк жана Борбор Азияда жаңы базарга, жеке сектордун инвестициясына жол ачуучу экономикалык алака-катыштын күчөөсүнө кызыкдар.

Ирандын көз карашы

Конференциянын жүрүшүндө АКШ менен Ирандын аймактагы кызыкчылыктарындагы карама-каршылык дагы бир ирет даана байкалгандай болду. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад өз сөзүндө адаттагыдай эле Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандагы саясатын сындады:

- Ооганстандагы кризистин негизги себеби НАТО жана ага мүчө өлкөлөрдүн экспансионисттик саясаты экендиги түшүнүктүү. Жеринде мындай саясат жүрүп жаткан кезде кырдаалдын оңолушу мүмкүн эмес. Чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан мүмкүн болушунча тез кетүүсү керек. Алар мындан ары эч кийлигишпестен ооган өкмөтүнө жана элине суверенитетин толук ишке ашыруусуна мүмкүндүк берүүсү абзел. Ишенип коюшса болот, алар кеткен кезде наркосоода да, террорчулук да бүтөт.

Махмуд Ахмадинежад конференцияда сүйлөп жаткан кезде АКШ делегациясы жыйын залын таштап кеткен эле. Анын себебин мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейк мындайча түшүндүрдү:

- Биз президент Ахмадинежад биринчи кезекте экономикадагы аймактык интеграция маселелерин талкуулоого арналган конференцияда сүйлөө мүмкүнчүлүгүн АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрүн сындоо үчүн пайдаланганына капа болдук. Ал биздин Ооганстандагы саясатты айыптады. Биз бул негизсиз айыптарга нааразылык иретинде жыйын залынан чыгып кетүүнү чечтик.

Америкалык дипломат Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрүн Иранды өзөктүк программасын эл аралык талаптарга ылайыктоого мажбурлоо үчүн иран өкмөтү менен соода мамилелерине барбоого да чакырды.

"Жемиштүү сүйлөшүүлөр"

Дүйшөмбүдөгү жыйындын соңунда Роберт Блейк Вашингтондун “Манас” аба бекетиндеги транзиттик борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү ниетин дагы бир ирет ырастады:

- Биз президент Атамбаевге 2014-жылдын ортосуна чейин бизде бар келишим иштей берүүсүнө макул болгонуна ыраазыбыз. Кыргызстан “Манас” транзиттик борборун жана биздин Ооганстандагы аракеттерди колдоону улантууда. Келишим бүткөндөн кийин эмне болору боюнча биз көп жолу айттык. Биз Атамбаевдин өкмөтү менен борбордун келечеги боюнча сүйлөшүүлөргө даярбыз жана макулдашууга жетишебиз деген ниеттебиз. Биз жемиштүү сүйлөшүүлөргө үмүттөнөбүз, бирок бул жемиштүү сүйлөшүүлөр азырынча баштала элек.

Ушул айдын башында АКШнын коргоо министри Леон Панетта Кыргызстанда болгон кезде транзиттик борбордун келечегин талкуулоо үчүн Бишкекке Вашингтондон эксперттер тобу апрелде келери айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG