Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

АКШ виза мөөнөтүн беш жылга узартат


АКШ менен Кыргызстан визанын мөөнөтүн беш жылга узартат. Мындай чечим АКШга туристтик жана ишкердик максатта барууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүгө багытталган.

Виза алуу жолдорун жана бул процесстеги мүчүлүштүктөрдү билүү үчүн “Азаттык” АКШнын Кыргызстандагы консулу Эрика Хоскингди жана АКШ элчилигинин кеңешчиси Жон Браунду кепке тартты.

"Азаттык": Мындан бир ай мурда кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев өлкөнүн жарандарына АКШга виза алуу мөөнөтүн беш жылга чейин узартуу боюнча токтомго кол койгон эле. Визанын кайсы түрлөрү узартылган мөөнөткө берилет?

Эрика Хоскинг: Адегенде сиздердин ушундай актуалдуу теманы талкуулап, элге алып чыгуу үчүн чакырганыңыздарга терең ыраазымын. Беш жылдык узак мөөнөткө виза туристтик жана ишкердик максатта баруучу кыргызстандык жарандарга берилет.

Эки өлкөнүн жарандары үчүн байма-бай виза алуу көп чыгымдарды алып келгендиктен бул жагдай бир топ каражатты үнөмдөйт. Мындан сырткары жыл сайын визаны кайрадан алып туруунун кажети болбойт.

"Азаттык": Демек ошол эле учурда бул токтом Кыргызстанга келе турган АКШ жарандарына да тиешелүү болобу?

Эрика Хоскинг
Эрика Хоскинг

Эрика Хоскинг: Ооба. АКШ жарандарына виза узак мөөнөткө туристтик жана ишкердик максатта берилет. Бул жагдай АКШнын жарандарына Кыргызстанга келип, маданияты жана меймандостугу менен жеңил шарттарда таанышып, Кыргызстандын тоолуу табиятына суктанып, кийизден жасалган чеберлердин эмгектерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мисалы, мен АКШнын Вайоминг штатынан келдим. Биздин штат менен Кыргызстандын окшоштуктары бар. Мен жашаган аймак да бийик тоолуу, жылкылар да көп болгондуктан Кыргызстанда жашаган мага абдан жагат.

Кайрылгандардын 90% туристтик виза алышат

"Азаттык": Буга чейин туристтик жана ишкердик максатта берилчү визалардын мөөнөтү канча эле?

Эрика Хоскинг: Ушул тапта кыска мөөнөткө берилчү туристтик жана ишкердик максаттагы визалардын мөөнөтү 12 ай. Эми алар беш жылга узара турган болду.

"Азаттык": Эгер жаран алгачкы жолу виза алып жатса, дароо узак мөөнөттөгү визаны ала алабы?

Эрика Хоскинг: Биринчи жолу алып жаткан, же буга чейин виза алган жарандардын эч кандай айырмасы жок. Виза алуу процедурасы өзгөрүүсүз калат. Эми 28-апрелден тарта 12 айга берилчү визалар 60 айга, башкача айтканда, беш жылга узарат.

"Азаттык": Биздин жарандарга түшүнүктүү болушу үчүн визанын түрлөрү, аны алуу жолдорун атап өтөсүзбү?

Жон Браун: Жалпысынан биз суроо-талап көп болгон туристтик жана ишкердик визаларын көп карайбыз. Бирок мындан сырткары студенттик, жумуш өңдүү да визалардын түрлөрү бар. Биз визанын бардык түрлөрүн эмес, эң көп суроо-талапка ээ болгондорун карап чыксак. Маселен, визага кайрылган жарандардын 90% туристтик жана ишкердик визаларын алышат.

Аталган категориялар туугандарына, дос-тааныштарга сапар тартканда, саякат, иш документтерине кол койгонго, Кыргызстандагы жана Америкадагы кесиптештери менен тажрыйба топтоо, тренинг, конференция өткөрүү максатында колдонулушу мүмкүн.

"Азаттык": Соңку кездери АКШга виза алуу аябай эле оор, айрым учурда мүмкүн эмес болуп жаткансыйт. Эң оболу окуу же жумуш менен АКШга сапар тарткандар, процесстин оордугунан улам Кыргызстанда укугу бузулуп жатканын же ал жактагы досторунан, туугандарынан чакыруу алып кетүүгө аргасыз. Виза алуу процессин жеңилдетсе болобу? Маселен, жаштарга, студенттерге?

Эрика Хоскинг: Студенттик визалар башка эрежелердин негизинде берилет, ошондуктан бул категорияны козгобой турайын. Биздин башкы максат кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү, ушундан улам сервис маселесин жакшыртуу үчүн иш-аракеттерди аткарып жатабыз.

Ошондой эле виза алууну каалагандар биздин сайттан толук маалыматты ала алат. Ал жакта виза алуу эрежелери жеңил жана ар бир кадамы менен түшүндүрүлгөн. Сайтыбыздын дареги bishkek.usembassy.gov. Эл арасында виза алуу өтө татаал деген имиштер тараганынан кабарыбыз бар. Бирок бул жөн гана имиштер.

"Жеке агенттиктер менен иштешпейбиз"

"Азаттык": Бирок виза алуу процессинин оордугунан айрым жарандар атайын агенттиктерге жардам сурап кайрылганга мажбур. Мындай агенттиктердин баары болбосо да, кээ бири шылуундук менен алектенери жашыруун эмес.

Эрика Хоскинг: Сиз өтө актуалдуу суроону бердиңиз. Көпчүлүк жарандар чакыруу катын агенттиктерден алып, анан акча төлөсөм эле виза алам деп ойлошот. Бирок ал андай эмес. Биздин талаптар аябай жеңил: виза алууну каалаган жарандар келип, анкетага так жана чын маалыматтарды жазып, андан соң арыз жазышат.

Консул менен болгон маекте да жаран сөзсүз өзү тууралуу туура жана чын маалыматтарды айтышы керек. Чечим бир гана жарандын арызына жана АКШнын мыйзамдарына карап кабыл алынат. Биз эч кандай жеке агенттиктер менен иштешпейбиз, ошондуктан бир да агент виза алууда чечимге таасир бере албайт.

"Азаттык": Демек, эч кандай жеке агенттиктерден жардам күтпөй, жарандар элчиликке кайрылышы керек турбайбы?

Эрика Хоскинг: Жарандар бизге түздөн-түз эле кайрылса болот. Бул үчүн биз бардык шарттарды түзгөнбүз. Эң оболу элчиликке чалышса, биздин кызматкерлер толук маалыматты бере алышат.

"Азаттык": Сиздерди студияга чакырардан мурда биз виза алган жарандар менен маек куруп, алардан тажрыйбасын сураштырып көрдүк. Көпчүлүгү үч миң доллардан беш миң долларга чейин каражат коротуп, виза алышканын айтышты. Кээ бири алданганын айтышты. Ошондой эле айрым агенттиктер кардарларына "консул менен болгон маекте спорттук турнирлерге катышам деп айт" деген кеңеш беришет экен. Балким ушундан улам спорттук виза кыскартылгандыр?

Жон Браун
Жон Браун

Жон Браун: Биринчиден, жеке агенттиктер тууралуу айта турган болсом алар шылуундар. Ошондуктан жарандарды биздин сайтка кирип, анкетаны толтургула деп чакырар элем. Кыргызстандагы АКШ элчилиги менен иштешкен эч кандай расмий агенттик жок. Элчиликтен сырткары виза берүү иши менен эч ким алектенбейт, ошондуктан эгер сиз агенттикке кайрылсаңыз виза алууга 100% кепилдик болбойт.

Экинчиден, спортчулар тууралуу айтсам, эгер алар спорт менен алектенген профессионал спортчулар болушса, виза аларга башка категорияда берилет. Эгер спортчулар жөн гана спорттук турнирге катышуу максатында сапар тартып жатса, алар да туристтик визаны ала алышат.

Визанын мөөнөтү аяктагандан кийин Америкада мыйзамсыз калып калган жарандар да көп. Ошондой эле виза алуу үчүн келген кээ бир топтор бизди алдап, сапардын себебин ачык айтпай кетишет. Биз бул учурда жарандарга кантип ишенебиз?

"Азаттык": Демек буга чейин Кыргызстандан АКШга топтор сапар тартып, алардын айрым өкүлдөрү калып калган учурлар болгон. Мындан улам башка жарандарга виза алууда көйгөйлөр жаралбайбы?

Жон Браун: Сиз айтып жаткан жагдайлар бул факт. Биз визага талапкерлердин документтерин карап жатканда жарандын арызы визанын категориясына туура келеби деп, ар бир жаранды өз-өзүнчө карап чыгабыз. Бир топтогу мүчөлөрдүн баарынын максаты туура келет деп айта албайбыз.

Эгерде кайсы бир топтун мүчөсү буга дейре АКШда болуп келсе, биз бул учурда мыйзам же тартип бузуулар болгонун же болбогонун, өз убагында Америкадан кайтып келгенин карайбыз. Эгер бир жаран мыйзам бузса, бул жагдай топтун башка мүчөлөрүнө таасир бербейт. Эң башкысы, бизде ал адам берген туура маалымат менен текшергенге мүмкүнчүлүгүбүз болушу керек.

Виза алуу үчүн так маалымат бергиле

"Азаттык": Мындан бир ай мурда эле кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү виза ала алышпагандыктан улам АКШда өтчү концертке барбай калганын айтышкан. Виза бербөөгө эмнелер себеп болгон?

Жон Браун: Мен конкреттүү кишинин маалыматын ачыкка чыгара албайм. Топ менен бизге кайрылган жарандар көбүнчө бийчи, ырчы жана музыканттар. Алар бизге келгенде кыска мөөнөттөгү туристтик визага документтерди тапшырышат, бул «В1» жана «В2» категориялары. Бирок алардын максаты аталган категорияларга туура келбейт. Алар «Р» категориясындагы визага документтерди, айрым учурда «О» тибиндегиге тапшырышы керек. Категория менен АКШга болгон сапардын максаты туура келбегенде ушул сыяктуу көйгөйлөр жаралат.

"Азаттык": Кайсы учурларда виза берилбейт?

Эрика Хоскинг: Визанын берилиши же берилбеши АКШнын иммиграция мыйзамына ылайык чечилет. Документтерди карап жатканда биз мыйзам бузуу фактыларынан сырткары АКШнын коопсуздугуна коркунуч келтирбейби деген жагдайды да эске алабыз. Ушундай эле нормалардын негизинде Кыргызстан да виза берип келет.

Көбүнчө виза жогоруда атап өткөн мыйзамдагы 214-пункттун негизинде берилбейт. Бул пункт тууралуу түшүндүрө кетейин. Эгер арыз жазган жаран өзү тууралуу маалыматты туура жана так айтпай, айрым маалыматтарды жашырып айтса, визага уруксат берилбейт. Эгер маектешүү учурунда так маалыматтар берилсе, эч кандай көйгөй жаралбайт.

Жон Браун: Маегибиздин соңунда биз виза алууга талапкерлерди дагы бир ирет өздөрү туурасында чын, туура гана маалымат берүүгө чакырабыз. Бизге чакыруу каттары, банктагы эсебинде олчойгон акчасы да кереги жок.

Эч кандай жеке агенттиктерге кайрылбагыла. Силер тууралуу маалыматты силерден башка эч ким толук билбейт.

Биз ар дайым кыргызстандыктарга АКШга туугандары менен, ишкерлер бизнеси үчүн же болбосо жөн эле саякатка барып келүүсүнө жардам бергенге даярбыз. Ошондой эле АКШнын жарандарына да узартылган мөөнөттөгү виза жарандардын Кыргызстанга келип, анын маданиятын, тарыхын, ашканасын, табияты жана кыргыз элинин меймандостугу менен жакындан таанышууга жардам берет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG