Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Калысбек Абыкешов: Билимимди өлкөм үчүн колдоном


Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Калысбек Абыкешов 21-июлдан 30-июлга чейин Вашингтондо өткөн химия сабагы боюнча мектеп окуучуларынын арасындагы эл аралык олимпиадада 3-орунду алды.

Коло медалга ээ болгон Калысбек 1-августта АКШдан кайткан күнү атасы Карыбек Чөкөев менен "Азаттыкка" конокко келишти.

“Азаттык”: Окуучулар арасындагы олимпиададан 3-орунду, болгондо да химия сабагы боюнча алганың үчүн куттуктайм. Эл аралык олимпиада кандай болот экен?

Калысбек Абыкешов: Куттуктооңуз үчүн рахмат. Ал жакта атаандаштык сезилип турат. Балдардын баары көз айнек тагынган, коркунучтуу. Айрымдары көчөдө эле сейилдеп жүргөн балдарга окшош. “Алар кантип алтын медаль алмак эле, эмне үчүн көз айнекчен “ботаниктер” албай калат” деп ойлойт экенсиң.

“Азаттык”: Сүрү күчтүү болсо керек, кантсе да 72 мамлекеттен катышуучулар келиптир...

Калысбек Абыкешов: Ооба, 72 мамлекеттен 4төн келишти. Сынактын бири теориядан, экинчиси практикадан болду.

“Азаттык”: Алгач республикалык олимпиададан уткандар кеттиби?

Калысбек Абыкешов: Республикалык олимпиада бүткөндөн кийин Астанага Менделеев олимпиадасына бардык. 8 бала тандалган, бир балабыз коло медаль алды. Мен болсо колого 1,5 балл жетпей калдым. Ага кайгырган деле жокмун. Эл аралык олимпиаданын курамына киргем, алгачкы төрт адам бармак. Ошентип мен курамына экинчи болуп киргем.

Астанада орун албай калганым тескерисинче жакшы дем берди. “Вашингтондон эми сөзсүз алышым керек” деп жиним келип, өзүмдү катуу тартипке салдым.

“Азаттык”: Канчанчы класстан тарта химияга кызыга баштадың, эмне үчүн химия?

Калысбек Абыкешов: Лицейде 7-8-класста окуп жатканда мугалимдер так илимдерге жакын экенимди байкашкан. Бардык олимпиадага бир учурда катыша албайм да. “Кайсынысын тандайсың?” дешти, мен адегенде компьютерди, экинчи химияны тандадым.

Химия кыйын сабак экенин айтышчу, ошентип окуй баштадым. "Себат" лицейлери арасында олимпиадалар болуп турат. Алгачкы сынакта 1-орунду алыпмын. Ошондон тарта өзү тартып кетти. “Демек биринчи болсо болот турбайбы” деген нерсе акылыма сиңип калды.

“Азаттык”: Тандаган тармагыңдын келечегин көрөсүңбү, ушул багыт боюнча кетесиңби?

Калысбек Абыкешов: Ооба, ушул багыт менен кетейин деген оюм бар. Химия эң көп пайда алып келиш үчүн экономиканы да кошуп жатам. Анткени жакшы идеялар чыгат, бирок башкалар сатып алат же идеянын ээси колдоно албай калат. Анткени ишкерлик тармагын билбейт.

“Азаттык”: Демек химия менен шугулдануу мектепти бүтөөрүң менен кошо бүтүп калбайт экен да. Ломоносов, Менделеев сыяктуу окумуштуулар деле карапайым болушкан, сен да Менделеевдей болойун дейсиңби?

Калысбек Абыкешов: Андай деле максаттарым жок. Мени “дары чыгарып жиберет же Нобель сыйлыгын алат” деп ойлошу мүмкүн. Мен химиялык өндүрүшкө кызыгам. Ири корпорацияларды карасаң, көбүнчө металлургиялык, химиялык өндүрүштүк же айыл чарбалык экен.

“Азаттык”: Химиянын кайсы тармагы боюнча иш алып барарыңды тандап алыпсың, так максатың бар экен. Жакынкы аралыкта эмнеден баштайсың?

Калысбек Абыкешов: Университетте окуганда бизнес план жазайын деп жатам. Бир долбоор түзүп, ошого инвестиция издейм.

“Азаттык”: Кайсы университетке тапшырайын деп жатасың?

Калысбек Абыкешов: Түркиянын университетине сынак тапшырдым, жыйынтыгын күтүп жатам. Анкарадагы Отту университетине тапшырдым. Хажетепе деген жогорку окуу жайына да тапшыргам, ага өтүпмүн.

“Азаттык”: Химиялык өндүрүштүн кайсы тармагына адистешейин деп жатасың? Балким мунай иштетүү дегендей багыттары бар эмеспи.

"Себат" түрк лицейи
"Себат" түрк лицейи
Калысбек Абыкешов: Мен жыйынтыгын күтүп жаткан Түркиядагы университетте мунай-газ инженериясы бар. Кыргызстанды өнүктүрө турган тармактар айыл чарба жана мунай экен. Азыр мен ушул эки тармактын пайдалуу болоорун көрүп жатам.

“Азаттык”: Эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды алгандарга дүйнөдөгү жогорку окуу жайларына окууга сунуш түштүбү?

Калысбек Абыкешов: Ар кимдин өзүнө келсе керек, ал ачык айтылбайт.

“Азаттык”: Карыбек мырза, сиздин кесибиңиз кайсы, башка балдарыңыз эмне менен алектенет?

Карыбек Чөкөбаев: Мен чек ара кызматында иштейм. Үч балам бар: эки уул, бир кыз. Кызым бешке толду. Ортончу уулум Кайрат 7-класста окуйт.

“Азаттык”: Калысбек, апаң кесиби боюнча ким?

Калысбек Абыкешов: Апам тиш дарыгери.

“Азаттык”: Химияга ошон үчүн келген окшойсуң?

Калысбек Абыкешов: Химиядан башка математика, физика сабактарына деле кызыгам.

Карыбек Чөкөбаев: Бардык сабактарды жакшы билет.

“Азаттык”: Сенин жашыңдагы балдар “кантип ушундай ийгиликке жетишти” деп кызыгышат болуш керек, алардын ордуна ушул суроону мен берейин.

Калысбек Абыкешов: Максатыңды өзүн так билсең ага жетиш оңой болот экен. Бул олимпиадада менин максатым теориядан да, практикадан да 30дан жогору балл алуу болчу, эң жогорку балл - 40. “Коло медаль алам” деп да өзүмдү психологиялык жактан даярдагам. Күзгүнүн алдында күндө 5-10 мүнөт туруп алып өзүмдү медаль менен элестетчүмүн. Медалды тагынып жатканымды, кантип калпак кийип, желекти жамынып сүрөткө түшүп жатканымды элестетчүмүн.

Анан күндө жок деген 20 мүнөт ишиңди карап коюшуң керек. Жапондор ошондой, аларда каникул деген жок. Жайкы ысыкта байкуш балдар формачан жүрүшөт. Өзүм барганда көргөм. Арасында тыныгуу болуп калбаш керек деген мааниде айтып жатам.

“Азаттык”: Акылдуу жаштарга башка өлкөлөр кызыгат. Сен башка жакта жашоо тууралуу ойлойсуңбу?

Калысбек Абыкешов: Жок, бирок билим алуу үчүн чет өлкөгө кеткен жакшы.

“Азаттык”: Эгер ошол жакка көнүп калсаңчы?

Калысбек Абыкешов: Ишенгиле, ишенбегиле менин философиям андай эмес. Чет өлкөдө калбайм.

Карыбек Чөкөбаев: Мен деле “чет мамлекеттен университетти бүтүрүп, кайра жаныма кел” деп айтып жатам.

Калысбек Германиядагы жана жергиликтүү бир катар университеттерге да өттү.

8-классында химия сабагы жаңы окутула баштаган жылы эле 11-класска чейинки программаны окуп бүтүргөн. Быйыл SAT деген дүйнөлүк бүтүрүүчүлөрдүн арасындагы тесттен 1800 балл алган, бул жогорку балл болуп эсептелет.
XS
SM
MD
LG