Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Кыргызстан-АКШ: миң уккандан бир көргөн артык


Кыргызстан менен АКШнын атайын багыттагы жоокерлери биргелешип, Коргоо министрлигинин Токмоктогу аймагында машыгып жатышат. 1-ноябрда башталган бул машыгуу терроризмге жана маңзат жүгүртүүгө каршы багытталган.

1-ноябрда башталган бул машыгууларга Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу "Скорпион", "Илбирс" жана Улуттук гвардиянын "Пантера" атайын багыттагы отряддарынын 50 жана АКШнын атайын багыттагы "Альфа" тобунун 12 жоокери катышууда.

Бул машыгуунун алкагында аскерлер шаар жана талаа шарттарындагы күрөштүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүшөт.

Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы Артур Темировдун айтымында, бул машыгуулар терроризмге жана маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында өткөрүлүүдө:

- Азыркы учурда ар бир аскер ар кандай шартта ок атуу боюнча даярдыгын бышыктап жатат. Бул биргелешкен машыгуунун эсебинен АКШ тарап менен кыргыз тарап өзүндө болбогон жаңы тажрыйбаларга ээ болушат. Ошондуктан бул эки тарап үчүн тең пайдалуу десек болот.

Темировдун айтымында, мындай машыгуулар орусиялык, түркиялык жана башка өлкөлөрдүн аскерлери менен өтүп турат. Маселен, учурда кыргызстандык жоокерлер индиялык жоокерлерге тоо шарттындагы аскердик операцияларды үйрөтүшүүдө.

1 айдан ашык чогуу машыгып жаткан америкалык жана кыргызстандык жоокерлер бири-бирине көнүп калышкандай. АКШнын атайын багыттагы "Альфа" отрядынын командиринин орун басары Роберт Хинслинин белгилешинче, кыргыз жоокерлеринин чыдамкайлыгына жогору баа берүүгө болот:

- Мен кыргыз жоокерлеринин жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон умтулуусун байкадым. Бул албетте абдан жакшы нерсе. Себеби мен буга чейин бир топ өлкөлөрдүн аскерлери менен машыгууларды өткөрүп келгем. Аларга салыштырмалуу кыргызстандык жоокерлердин жаңы нерсени үйрөнүү умтулуусу менен абдан эле шыктандырды. Анын үстүнө алар менен иштешүүдө эч кандай маселе деле болгон. Эки башка тилде сүйлөшкөнүбүз үчүн бир аз кыйынчылык болду, бирок аны котормочулар аркылуу жөнгө салып жаттык.

Машыгууга катышып жаткан америкалык 12 жоокердин бардыгы Ооганстан жана Ирактагы согуштук операцияга катышкан. Алардын чыныгы согуш талаасындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү кыргыз жоокерлерине абдан пайдалуу болуптур.

Улуттук гвардиянын "Пантера" атайын багыттагы отрядынын кенже сержанты Элдияр Орозобеков:

- Америкалыктардын бизге караганда аскердик тажрыйбасы көп экен. Баары Ооганстандагы согушка катышып келген инструкторлор экен. Мында биздин тактика менен булардын тактикасын кошуп, жаңы нерселерди үйрөнүп жатабыз. Булар лабиринттеги буктурманы жакшы билишет экен. Кемчиликтерин деле байкай алган жокмун. Колдорунан эмне келсе, баарын эле үйрөтүп жатышат.

Биргелешкен машыгуулар 19-декабрда аяктайт. Жыйынтыктоочу машыгууда эки өлкөнүн жоокерлери бири-биринен үйрөнгөн аскердик ыкмалары боюнча сынак тапшырышат.


АКШ-Кыргызстан: биргелешкен машыгуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG